🌼 °СҮННӨТКӨ АМАЛ КЫЛУУНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ° 🌼
✨📚Азирети Анас р.а. айтат :
"Ким менин сүннөтүмдү сүйсө (амал кылса) чындыгында ал мени сүйдү. Ал эми ким мени сүйгөн болсо, ал мени менен бейиште бирге болот"- деп Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан.
✨📚Азирети Абу Саид Худри р.а.нун риваятында келген: Пайгамбарыбыз с.а.в. айтты : "Ким адал тамак жесе, сүннөткө амал кылса жана адамдарга зыян жеткирбесе, ал бейишке кирет".
✨📚Азирети имам Маалик р.а. айтат : "Саннөттүн мисалы, Нух пайгамбардын кемеси сыяктуу, ал кемеге түшкөндөр ийгиликке жетет, ал эми түшпөгөндөр сууга чөктү".
✨📚"Шарх Шуръатул Ислам" деген китепте Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан : "Ким менин сүннөтүмдү сактаса, аны Аллах Таала 4 нерсе менен сыйлайт:
🌱1. Такыба адамдардын жүрөгүнө анын сүйүүсүн салат.
🌱2. Күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө анын сүрүн пайда кылат.
🌱3. Ырыскысын мол кылат.
🌱4. Динде жүрүүгө күч-кубат берет.
✨📚Шейх Абдулкодир Жийлани р.а. айтат : Пайгамбарыбыздын сөзүнө жана амалына эргешүү - бул бардык жакшылыктардын тамыры.
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•