🌿ЭҢ НЕГИЗГИСИН УНУТПА...🌿
Жаш, окууну жаңы бүтүргөн бала атасына келип:
— Ата, уулуң үчүн кубана берсең болот. Мен университетке тапшырдым! Мен өз бактымды таптым! – дейт.
— Эң жакшы, уулум – дейт атасы – анан эмне кыласың?
— Беш жылдан кийин диплом алам да, сүйүктүү ишим менен алектенем.
— А андан кийин эмне кыласың?
— Катуу иштеп, мыкты адвокат болом.
— Андан кийин?..
— Андан кийин үйлөнүп–жайланып, үй-бүлө курам. Балдарыма татыктуу тарбия берип чоңойтом...
— Андан кийин эмне кыласың? – деп такый сурай берет атасы.
— Ардактуу эс алууга кетем, балдарымдын ийгилигине кубанып, алардын турмушта өз ордун табуусуна акыл айтып, жардам берем.
— Андан кийинчи?
— Андан кийинби?.. – уулу ойлонуп калат да, – андан кийин акка моюн сунабыз го... жашоодо түркүк болуп ким калмак эле...
— Андан кийин эмне болот, уулум, андан кийин эмне болот? – деп, үнү каргылдана акырын суроо узатат атасы. Уулу көпкө ойлонуп, ишенимсиз түрдө:
— Мен негизгисин унутуп калыптырмын, ата. Мен бул турмушта сизге ыраазымын! Мени эрезеге жеткирген, турмушта ордумду табууга жардам берген сизге ыракмат! Мен сизге ыраазымын! – деп атасын кучактайт.
Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы – жакшы тарбиясы. (Хадис)
Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат. (Макал)
Атың барда эл тааны, атаң барда жер тааны. (Макал)
Адам канчалык адилет болсо, адилетти ошончолук жакшы көрөт. (Цицерон)
Өз милдетин аткаруу кээде абдан кыйын болот, бирок аны аткарбай калуу андан да кыйын болот.( А. Дюма)
📚Турмуш сабактары китебинен