‼️
УКМК адам органдарын саткан адамдарды кармаганын билдирди ✔️ Чет өлкөлөргө адам органдарын сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады. Бул тууралуу УКМК билдирди. Кармалгандар документтерди жасап, алдамчылык жолу менен донорлорду чет өлкөгө чыгарып турушкан.
"Донорлордун бир бөйрөгүн 1 миңден 7 миң долларга чейин сатып алып, чет өлкөгө жөнөтүп турушкан. Бул кызмат үчүн алар ар бир жөнөтүлгөн донор үчүн 3 миң долларга чейин акча алып турушкан. Ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна кеткенин аныкталды. Бул 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин",-дейт УКМК.
✔️ 17-апрелде бөйрөк алмаштыруу үчүн башка донорду Кыргыз Республикасынан башка жакка жөнөтүү учурунда “Манас” аэропортунун аймагынан Кыргызстандын эки жараны кармалганы маалымдалат.