Бейиш жолу


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


"Эскерткин, эскертүү момундарга пайда берет". (51:55)

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Репост из: Emil Andartegin Ustaz "СУРОО-ЖООП" КАНАЛ
Бойкот деп, бирөөнүн мүлкүнө кол салуу, коомдук жайларда коогалаң чыгаруу - динибизге туура келбейт!

Жалпы бойкот болбогондон кийин, жекече бойкотту жеке адам кылса - шариятта уруксат, бирок милдет эмес. Башкаларды мажбурлоо - такыбалык эмес, зулумдук.




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Адал-арамга тиешелүү беш насаат

1. Ашкере жана купуя уят иштерден сактануу (Зына жана ага жетелеген шерменделик иштер менен чоң күнөөлөрдөг алыстоо).

2. Парз намаздарды буйрулгандай өз убактысында важиптери менен толук өтөө.

3. Алланын каар-азабын чакырган арам тамактан жана туура эмес жол менен табылган байлыктан алыс болуу (Сүткорлуктан жана бирөөнүн акысына кирип, байлыгына кол салып тартып алуу менен уурулук - кескиликтен арылуу).

4. Ар бир мусулманга жана тынчтык келишими менен бейкут өмүр кечирип жаткан инсандарга зулумдук кылуудан оолак болуу. Алардын мал-жанына жана кадыр-баркына зыян келтирбөө.

5. Ар бир иште аша чаап кетпей, ибадаттын өзүндө да ортолукту карманып, чыныгы такыбалыкты туу тутуу.
Өзүн көр такыбалыкка салып, жөн жерден кыйнабоо.
Өзгөлөргө динди оор көрсөтүп, андан качырбоо

(Илим-билим, даанышмандык жана көркөм мүнөз менен үлгүлүү адеп-ахлак, улуу максаттарды коюу, сандан сапатка отуу).

“Керектүү кырк хадис” китебинен


Адамдар өмүр деген немени абдан узак деп ойлошот. Эч качан бүтпөй тургандай жашашат, өлбөй тургандай өмүр сүрүшөт. Бирок адамдын айланасында өлүм өтө көп.
Алардын тегерегинде өлгөндөр канча! Ошентсе да алардан сабак алышпайт. Өлүм деген зарылчылыктын бир күнү аларга да келерин эч ойлошпойт. Алар ар дайым башкалар гана өлөт деп ойлошот. Адам өзү кайдыгерликке, унутчаактыкка көнүп калган.

Башкалардын көзү өткөндө адам бир саамга гана өлүм жөнүндө ойлонот, бирок андан соң эч нерсе болбогондой жашоосун уланта берет. Эч ким өлбөгөндөй, тегеректе эч
кандай көрүстөндөр жоктой жүрө беришет. Көрүшөт, бирок көрмөксөнгө салышат, күн сайын өлүшөт, бирок өлүмгө көңүл бурушпайт. Маркум эң жакыны, эң сүйүктүүсү, эң керектүүсү болсо да, өлүм адамдын эсинде бир нече көз ирмемге гана сакталып турат. Анан кайра эле баягы кайдыгер, беймарал, күнүмдүк тыпырыган жашоого сүңгүп кете беришет...

Дүнүйө адамга өлүмдү да унуттурууда. Эгер менден адамдар дүйнөнү канчалык жакшы көрүшөт деп сурашса,
мен эч ойлонбостон "Адамдар дүйнөнү өлүмдү унутканчалык сүйүшөт" деп жооп бермекмин. Адамдар күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын өлүп жаткан менен тирүүлөр өлүмдү көрүшпөйт. Өлүмдү көзүн жумуп алып карап тургандай...


Эй, напсим. Мен дүйнөнү каалабайм. Муну сен да билесиң. Ичимдеги дүйнө сен болчусуң, сенден да баш тарттым. Сенден толугу менен баш тарттым. Бирок акыреттен да эч нерсе каалабайм. Ибадатым, зикирим, Аллах Таалага жалынганым, сыйынганым акырет үчүн да, бейиш үчүн да эмес. Мен жөн гана Аллахка дос болууну каалайм. Тозоктон коркуп, бейишке умтулганым үчүн эмес. Тек гана Аллахка жакын болууну саамайм. Бир гана нерсени каалайм, ал – Жаратканга ашык болуу...Мен сүйүүнү каалайм. Мен Аллахтан корком. Ал мени азапка салат же тозоктун отуна күйөм деп эмес, сүйгөн адам сүйгөнүнөн алыс калуудан корккондой мен да Аллахтан алыста калуудан корком. Бейишти күтөм. Менин сыйлыгым бейиш деп эмес, сүйгөнүңө ошол жактан жолукканың үчүн күтөм. Жаратканды аз да болсо, көрсөм деп күтөм.

Фатих Думан “Мен” китебинен


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🫀




Эне тилим – эне сүтүм


Мамлекттик тил күнү куттуу болсун!🇰🇬


Бул дүйнөдө эмне кылсаң да, же Аллах үчүн кыласың, же напсиң үчүн. Муну дайыма ойлон. Ким үчүн иш кылып жатканыңды ойлонуп кыл. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылуу – бул жакшылык, ал эми напси үчүн кылуу – балээ.




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Абу Умама (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: «Алла Таала кайсы бир пендесине эки ирекет намаз окуусуна мүмкүнчүлүк берсе, андан өткөн жакшы нерсе жок. Чындыгында, пенде (дайыма намаз менен алек болсо) намаз окуп жатканда, жакшылык анын башына себилип турат. Пенделер Алла Таалага, Андан түздөн-түз түшкөн (Куран)дан артык башка нерсе менен жакындай алышпайт”. (Тирмизи)


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Өзүңдөн жогоруларды карап эмес, өзүңдөн төмөндөрдү карап шүгүр кыл


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун! Желегибиз желбирей берсин!🇰🇬❤️


Суу отту өчүргөн сыяктуу, берилген садака да кетирилген ката-күнөөлөрдү өчүрөт.

Жумаңыздар маарек болсун!

Показано 20 последних публикаций.

237

подписчиков
Статистика канала
Популярное в канале