👉 Араб инвесторлору жөнүндө
❗️ Кесиптештер, сак болгула!
КРдагы бизнеске же социалдык долбоорлорго инвестиция салгысы келген чыныгы же жасалма арабдарды алып келген шылуундар пайда болду. 🕵🏽
⛔️ Баары реалдуудай сезилет, ал тургай “чыныгы” сайттар, социалдык тармактар, жакшы монтаждалган видеолор да бар... Бирок, кандайдыр бир учурда, сиз баарына ишенип калганыңызда, күтүлбөгөн жерден сизге бир нерсе үчүн төлөөнү сунушташат же талап кылышат: аудит, сертификациялоо, кезекке тургузуу, төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү, инвестор менен жолугушуу ж.б. Мындайларды укканда эле карап отурбай качкыла - бул таза шылуундук, балким, алдамчылык. ⛔️
🕵🏽 Алдамчылар психологиялык ыкмаларды жана манипуляцияларды колдонуп, сизди жүздөгөн же миңдеген акчаларды берип коюуну тездетишет.
❓ Чыныгы инвестордун же донордун миллиондогон доллары бар болсо, бир-эки жүз же миң долларга алдаганынын эмне кереги бар?
📌 Майда деталдарга жана карама-каршылыктарга көңүл буруңуз:
- "миллионер-инвестордун" сайты же социалдык тармактары бар, бирок жазылуучулар (подписчиктер) же киргендер аз (интернетте ушуну текшерген инструменттер бар),
- "жасалма" жазылуучулар болсо да - алар "өлүк жандар" же боттор; ушуну да текшерүү оңой: болжол менен 100 жазылуучулардан кийин, ар бир онунчу аккаунту текшерип көрүңүз, көбүнчө башаламан же мазмунусу жок аккаунт болот;
- тексттеги аты бир, бирок интернеттеги, документтердеги жазылганы башка (мисалы, Instagram-да aner.invest десе, ал эми веб-сайт болсо
aner.site);
- уюштуруучулар жөнүндө маалымат жок же аз болот;
- инвесторлордун аты-жөнү бар болсо да, интернетте андан ары текшергенде алар жөнүндө ишенимдүү маалымат жок экенин көрсөтөт (дароо LinkedIn - профессионалдык тармакты текшериңиз, эгерде андайлар жок же өтө аз болсо - булар "инвесторлор" эмес. ");
- веб-сайтта/социалдык тармактарда каржыланган долбоорлор бар болсо да, бирок алар жөнүндө интернетте мындан ары маалымат жок, ж.б.
🙋🏻 Бул кичинекей нерселер, сизди алдагысы келгенин көрсөтөт.
✅ Ар дайым өз интуицияңызга ишениңиз, эгер ал "бир нерсе туура эмес" десе, бул 99% чыныгы сезим. Дароо жана чоң суммадагы акчага күйүп кеткенден көрө, чыдап, күтүп, баарын кылдат изилдеген жакшы.
P.S. Биз чыныгы араб фонддору жана бул жерде көптөн бери иштеп, маанилүү иштерди аткарып, кайрымдуулук жана социалдык долбоорлорду колдоп келе жаткан арабдар жөнүндө айтып жаткан жокпуз. Аларды билесиз же угасыз, алардын бири да долбоорлорду каржылоо үчүн акча алышпайт.