Turkchom | Түркияда окуу жана тил🇹🇷


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Лингвистика


ДОЛБООР АЯКТАДЫ!!!
Жаныбек менен;
• Түркияда билим алуу
• Түркияда жашоо блогу
• Түрк тили
• Түркия стипендиялары
жана башка пайдалуу маалыматтар
Байланышуу үчүн:
@omurzhan

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Лингвистика
Статистика
Фильтр публикаций


Урааа! Жаңы долбоор! 🇹🇷

Алгачкы иш-чара "3 күндүк акысыз түрк тили"

Катышуу үчүн шилтемени бас ...

🇹🇷 @Cayla_Turkce - чай менен түркчө үйрөн!


БИЗДЕН СОҢКУ БИЛДИРҮҮ
Turkchom долбоорун негиздөөчүсү Жаныбек Өмүрканов, долбоорду токтотуп жатып, катталуучуларга билдирүү жасады:
Кымбаттуу достор, катталуучулар, ыктыярчылар, окуучулар! 2020-жылдын январь айында аралыктан түрк тилин үйрөтүү максатында жолго чыккан Turkchom долбоорубуздун жыйынтыкталганын сиздерге билдиребиз. Жылдар бою биргеликте вебинар, марафон, түз эфир, түрк тили курс, чет өлкөдө жана стипендиялык программаларды өткөрдүк. Бул ортодо, ары кызыктуу, ары чагымчыл окуяларга туш болдук. Сиздер сыяктуу аудиоторияга күбө болуу , бизди дагы да талпынууга шыктандырат. Бирок, тилекке каршы чакан тайпабыз менен кеңешип, мындан ары @Turkchom долбоорун жүргүзбөө пикирине келдик. Мындан ары, атыбыздан кайрылгандардан жооптуу эмеспиз.
Топтогон тажрыйбаларыбызды сиздер менен башка билим талаасында бөлүшүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз. Сиздер менен таанышканыбызга кубанычтабыз! Урматыбыз менен Turkchom тайпасы...

Turkchom 🌷🌷🌷
02.06.2024


🇹🇷🏫 ТҮРКИЯ СТИПЕНДИЯЛАРЫ 2024-ЖЫЛГА КАБЫЛ АЛУУСУН УЛАНТУУДА!

Жыл сайын дүйнөнүн булуң бурчунан билимге муктаж, таланттуу жана эмгекчил талапкер студенттерди Түркиянын мыкты университеттерине кабыл алган, Türkiye Bursları программасы бул жылы дагы арыздарды кабыл алууда.
Кабыл алынган студенттерди, акысыз университет, медициналык камсыздоо, академиялык түрк тили курсу, жатакана, барып-келүү учак билети жана бакалавриат (3500 лира), магистратура (5000 лира), докторантура (6500 лира), изилдөөчү (12 000 лира) өлчөмүндөгү айлык стипендия менен каржылайт.


Арыз мөөнөтү: 10-январь-20-февраль
Жаш чектөө:
-Бакалавриат 21 жашка чейин,
-Магистратура 30 жашка чейин,
-До
кторантура үчүн 35 жашка чейин тапшыра алышат.
Керектүү документтер: паспорт, аттестат, күбөлүк, сертификат, ди
плом, сунуш кат жана моттивациялык кат.
Арыз берүү дареги жана толук маалымат: www.turkiyeburslari.gov.t
r
Байланыш номери: +908504550982

Баарыңыздарга ийгилик каалайм! @turkchom


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Мотивация #4

🇹🇷🇰🇬


ТҮРК АЛФАВИТИ 🇹🇷

💙Көк түстөгүлөр үнсүз.
❤️Кызыл түстөгүлөр үндүү тамгалар.

💙Үнсүздөр 2ге бөлүнөт:
КАТКАЛАҢДАР:
Ff, Ss, Tt, Kk, Çç, Şş, Hh, PP
ЖУМШАКТАР: Bb, Cc, Dd, Gg, Ğğ, Jj, Ll, Mm, Nn, Rr, Vv, Yy, Zz

❤️Үндүүлөр дагы 2ге бөлүнөт:
ЖООН:
Aa, Iı, Oo, Uu
ИЧКЕ: Ee, İi, Öö, Üü

@Turkchom түрк тилин үйрөнүүдө жаныңызда ❤️


🇰🇬КУРМАН АЙТ КУТТУКТООСУ

Кымбаттуу достор! @Turkchom жана анын ыктыярчылары менен биргеликте баарыңыздардын Курман Айт майрамыңыздарды чын дилден куттуктайбыз!
Урматыбыз менен...

🇹🇷KURBAN BAYRAM TEBRİK MESAJI

Değerli arkadaşlar! @Turkchom ve onun gönüllüleri başta olmak üzere hepinizin Kurban Bayramı'nızı canıgönülden tebrik ediyoruz!
Saygılarımızla...

#курманайт #kurbanbayramı


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
😂😂😂 Сизде дагы ушундай окуя болгонбу?

🇹🇷Mahalleden arkadaşlar киносунан котормо

РЕАКЦИЯ КАЛТЫРЫНЫЗ:
❤️ - ооба болгон
😂 - абдан күлкүлүү
😍 - жок
👍 - видео жакты

@Turkchom - түрк тилин үйрөнүүдө жаныңызда ❤️🇹🇷❤️


Түркчө мактоонун түрлөрү 💜

Реакция калтырыңыз:
😍 - баарын жатка билем
😥 - эч бири тааныш эмес сөздөр
👍 - жатташым керек экен

@Turkchom - түрк тилин үйрөнүүдө жаныңызда ❤️🇹🇷❤️


30 күндүк кинолор тизмеси (1).pdf
584.8Кб
Кино көрүүдө бир чечимге келе албай жатсаңыз, бул чек лист сиз үчүн ❤️


"30 КҮНДҮК ТҮРКЧӨ КИНОЛОР ТИЗМЕСИ" чек листи 🇹🇷


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🇹🇷🇹🇷🇹🇷 Кабыл алуу токтоду!


КУЛАКТАНДЫРУУ!!!
Түркия Стипендияларынын 2-туруна чакыруу келип атат, почтаңарды бат бат текшерип тургула. Ийгилик...

@turkchom


Орозо айт майрамыбыз куттуу болсун!
Ramazan Bayramı'mız mübarek olsun!


Маанайыңыз кандай?
Moraliniz nasıl?


🇹🇷🗣🇰🇬
🌀Şaşkın [щащкын] - шок
🌀Mutlu [мутлу] - бактылуу
🌀Kızgın [кызгын] - ачуулуу
🌀Bıkkın [быккын] - зээриккен
🌀Yorgun [йоргун] - чарчаңкы
🌀Meraklı [мераклы] - кызыктар
🌀Üzgün [үзгүн] - капалуу
🌀Düşünceli [дүшүнжели] - ойлуу

Мени менен түркчө үйрөн
@turkchom


Hoş Geldin Ya Şehri Ramazan
Рамазан айыбыз кут болсун
@turkchom


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
😍😍😍


Талапкерлердин эсине! Түркие Бурслары кабыл алуу мөөнөтүн 4 күнгө узартты.

🔺Көптөгөн сурануулар менен кабыл алуу 24-февраль түнкү саат 23:59 га чейин узартылды.

🔺Арыздарын акыркы күнгө чейин эмес, эрте жөнөтүүлөрү өтүнүлөт!

🔔 Бардык талапкерлерге ийгилик каалайм!


🔉 ЖАҢЫЛЫК

Түркия Бурслары (НАМА, Ислам ӨБ) программаларына кабыл алуу жыйынтыкталып жатат.

🔺 Жаңы мүмкүнчүлүк: Түркияда теологияда (ислам таануу) акысыз окууну каалагандар үчүн Дианет Стипендиясына кабыл алуу жүрүп жатат.

🔺 Бул программага 8-класстан баштап кабыл алынат.

🔺 Ай сайын стипендия,
Каникул сайын учак билети,
Окуу курал, кийим кече жагынан камсыздоо,
Жатакана,
Маал маалы менен тамак аш,
Куран жаттоо илими,
Дин таануу сабактары менен камсыздайт.

🔺Бул программа Түркия Мусулмандарынын Дианет (Муфтияты) Башкармалыгы тарабынан каржыланат.

🔺Арызды diyanetburslari.tdv.org сайтынан бере аласыз.

🕐 Тапшыруунун акыркы күнү 28-февраль

🔔 Бардык талапкерлерге ийгилик каалайм!


🇹🇷🇰🇬
ТҮРКИЯДА АБАЛ НАЧАР. КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСООНУ КААЛАГАНДАР БОЛСО, ТҮРКИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНЕ КЕЛИП БООРДОШ ӨЛКӨГӨ КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСОО МҮМКҮНЧҮЛҮГҮҢӨР БАР.


#GeçmişOlsunTürkiye
#КөңүлАйтамТүркия


🔟-БӨЛҮМ (акыркы бөлүм)

Акыркы бөлүмдө Türkiye Bursları жөнүндө 5 кызыктуу факт менен бөлүшөм.

5️⃣-ФАКТ
-Бул программада окуп жатып, Европа өлкөлөрүнө алмашуу программасы менен барууга болот.

4️⃣-ФАКТ
-YTB байланыш борборуу аркылуу студенттер көйгөйлөрүн тезирээк чече алышат.

3️⃣-ФАКТ
Университетти аяктаган студенттер "Түркия Бүтүрүүчүлөрү" порталына кошулуп, жумуш менен камсыз болуу ыктымалдуулугу бар.

2️⃣-ФАКТ
Студент университетте орто баасын 3.5 тен жогору көтөрө алса, стипендиясы 2 эсе көтөрүлөт.

1️⃣-ФАКТ
-YTB жана Türkiye Bursları, 2023-жылдын 1-январындагы чечими менен студенттеринин стипендиясын көтөрдү. Ага ылайык:
-Бакалавриат: 1700₺
-Магистратура: 2400₺
-Докторантура: 3000₺
-Изилдөөчүлөр: 8000₺ болгон. Эгер студент: китеп, изилдөө, макала жазса кошумча сый акы берилет.

❗️Арызды бул сайттан бере аласыз:
https://tbbs.turkiyeburslari.gov.tr/auth/register

🔔Бардык талапкерлерге ийгилик каалайм!

Показано 20 последних публикаций.