ДОКТОР ТУРАБЕКОВ


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Медицина


Суроо - жооп
Вебинарлар
Пайдалуу маалыматтар

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Медицина
Статистика
Фильтр публикаций


Жаңы телефондор чыгып жатканда ушул кантип эле болсун деп баарыбыз таң калдык эле....

Бирок азыр биз жашообузду телефон жок элестете албайбыз🙂

Онлайн консультация да кантип болсун деп көп катталуучуларым таң калышат. А бирок 5 жылдан кийин адамдар оффлайн консультацияга барып врачтын бетин көргүлөрү келбей калат😅.

Жашоо ыргагы ушундай урматтуу катталуучулар.

А сиз онлайн консультацияга кандай көз караштасыз?

Азыр 4300 дөн ашуун адам онлайн кеңеш алып жатышат алар жөнүндө кандай ойдосуз?


Мына жогорку симптомдор бар кичинекей наристеде Ферритин ушундай деңгээлде чыгып калды 🥲

Жүрөк эзиле тургандай деңгээл эххх….

Эмнеге ферритин аз болсо мээ өспөй бала сүйлөөсү кечигип келет доктор деп сурашыңыздар мүмкүн......

Жөнөкөй сөз менен жооп жазып кетейин:

Ферритин аз болсо, организмде темир жетишсиз болот. Бул мээнин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет.

Себеби:

1. Темир – мээнин азыгы

Темир мээ клеткаларына кычкылтек жеткирүүгө жардам берет. Темир аз болсо, мээ жетиштүү кычкылтек албай калат.

2. Нерв байланыштары жай иштейт

Мээ менен дене байланыша турган “кабелдер” темирге муктаж. Темир жетпесе, бул байланыштар жай иштейт — бала үндү жакшы укпайт, түшүнбөйт же сүйлөй албайт.

3. Сүйлөө борбору өнүкпөй калат

Сүйлөө – бул мээнин өзүнчө чоң иши. Темир жетишсиз болсо, бул функция аксайт. Бала сөз жаттап, айта албай калат.

4. Окуу жана эс тутум начарлайт

Темир жетишсиз балдар жаңы нерсени жай үйрөнөт, көңүлүн топтой албайт, тез унутат.

5. Жүрүм-турум өзгөрөт

Балдар тынчсыз, кыңыр, шок болуп кетет. Кээде кооптуу нерселерди оозуна салып жүрө берет.



Ферритин = 8 нг/мл – бул өтө төмөн.

Далилденген медицина боюнча оптималдуу деңгээл 70 нг/мл жогору болушу керек эле.

Эң башкысы эне менин көзөмөлүмө жазылган буйруса бүгүндөн дарылоону баштадык. Аллахым насип кылса ферритинди жакшыртып кичинекей бейтабымдын сүйлөөсүн жакшыртууга аракет кылам.

Бизге ийгилик каалап коюуңуздар урматтуу катталуучулар 🫀

Аллахым өзү жардам берсин🤲


Мага катталуучум кызымда төмөнкү көйгөйлөр бар деп кайрылды👇


1. Сүйлөө өнүгүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр

• Башында сүйлөгөн сөздөр (м: апа, ата, бе) кыскарып кеткен, учурда “аппа” гана айтат.
• Сөздөрдү энесине же башка адамга кайрылып эмес, өзүнчө эле айтып жүрөт.
• Өз тилинде маңкылдап сүйлөйт, чоңдор түшүнбөгөн сөздөрдү көп айтат.
• Так сүйлөнгөн сөздөрдүн запасы чектелүү (на-на, уа-жу ж.б. кайталама үндөр).
• Көбүнчө предмет көрсөтүп (кружка, бутылка көтөрүп) каалоосун билдирет — жест тилин колдонуп түшүндүрөт.

2. Түшүнүү жана көрсөтмөгө жооп

• “Отур”, “тур”, “чай берем”, “кака”, “горшокко чык” сыяктуу сөздөрдү түшүнөт.
• Бирок айтылган көрсөтмөлөрдү дайыма так аткарбайт.
• Кээ бир учурларда ата-энесинин сөзүнө көңүл бурбай калат.

3. Социалдык өз ара аракет

• Чоңдор менен ойнойт, бирок башкалар менен көз караш түзбөйт, мамилеси үстүртөн.
• Балдар менен ойноо – жок; балдардын оюнунда кошулбайт, өзүнчө жүрөт.
• Жолго карабай кетип калышы мүмкүн – коопсуздук түшүнүгү калыптана элек.
• Жат адамдарга жатырактоо сезими жок, баарына эркин жакындайт.

4. Сенсордук жана жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү

• Ылай, жер, башка нерселерди оозуна сала берет – сенсордук интеграция бузулуу шеги.
• Өтө шок, бир жерде турбайт, буюмдарды чачат, нерселерди ыргытат.
Кухнядагы буюмдар менен ойноп, кооптуу нерселерге тартылат.
Кызыктуу оюндарга реакция жакшы, бирок кээ бир учурларда стимулдарга реакция бербейт.

5. Оюн жана көндүмдөр

• Кубалашмак, чочутма оюндарда кылганга аракет кылат.
• Бирок өз алдынча сүрөт тартуу, чыгармачылык оюндар жок.
• Чийме тартса да, 1–2 мүнөттөн ашпайт.

6. Көз контакт жана эмоционалдык байланыш

Көзгө түз карабайт, сүйлөшүп жатканда көз карашын алаксытат.
Күлүп турат, бирок бул социалдык жооппу же автостимуляциябы – так эмес.

7. Уйку жана тамактануу

Уйкусу жакшы, көп уктайт.
Аппетити жакшы, ширин тамакка жакын.

8. Медициналык жана үй-бүлөлүк абалы

• Башка оорулары жок, бала бакчага барбайт.
• Балдар аянтчасына барганда – ыйлап, ойнобойт, чөйрөгө кошулбайт.
• Үй-бүлөдө 1 жаштан кичүү карындашы бар.


Ушундай симптомдор менен кайрылды. Анализдерди терең изилдөө кылып көрдүм. Жыйынтыгы кандай экенин көргүңүздөр келеби? Комментарийге жазып кетиңиздер.




Азыр көп жарандарыбыз аллергия менен ооруп кыйналып жаткан учуру🤧

Ошол себептүү сиздердин ден соолугуңуздарга өз салымымды кошуу максатта сиздер үчүн аллергияга тиешелүү вебинар даярдадым.


Вебинарда аллергия эмне, адам эмнеге аллергия болот жана эң башкысы кантип аллергиядан кутулуу керек экенин да айтып кеттим.

Бул уникалдуу вебинарды сиздерге бекер тартуулагым келип жатат. Көрүүнү каалайсыздарбы? Эгер кааласаңыздар комментарийге жазып кетиңиздер🫀


Менин консультациям - бул жөн эле консультация эмес, бул бейтаптын ар бир нерсесине сүңгүп кирип изилдөө....

Консультацияга эмнелер кирет?


1. Онлайн консультация алуу
2. ⁠ Ооруларды жеке көзөмөл кылуу
3. ⁠Так диагноз койдуруу
4. ⁠Анализдерди так изилдетүү
5. ⁠Тамактануу планын түздүрүү
6. ⁠Оригинал дарыларды жаздыруу
7. ⁠Оригинал витаминдерди жаздыруу
8. ⁠ Дени сак жашоо менен оорулардан айыгуу
9. ⁠Бала - чаканын ден соолугун каратуу
10. ⁠ Өнөкөт ооруларды көзөмөл кылдыруу
11. ⁠Ыңгайлуу шартта консультация алуу
12. ⁠Тез арада доктордон эң сапаттуу эксклюзивдүү кеңештерди алуу

Катталуу: wa.me/996556800600


Консультацияга кимдер каттала алат?

Аллергиясы барлар, баласы сүйлөбөй жаткан энелер, баласы тамак жебей жаткандар, псориаз, экзема сыяктуу аутоиммунду оорулары барлар, хеликобактер пилори инфекциясын жок кылууну каалагандар, витаминдерди, минералдарды менин жеке консультациямда дарыланууну каалагандар, ич катуусу барлар, атопический дерматити барлар, гастрити барлар катталса болот. Бардык оорулар боюнча эки пикир алса болот.

Катталуу үчүн 👇

wa.me/996556800600


Уникалдуу вебинарыбыз да даяр.

Башкаларга да бөлүшүп кетиңиздер

https://youtu.be/qNZqiptkn-U


Вебинар саат 14:00 башталат азыр 12 мүнөттөн кийин ушул каналда.

Каналды күзөтүп туруңуздар🫀

10k 0 4 188 21

Балдардын сүйлөөсүнүн кечигип жатканы 21-кылымдын балээси болуп жатат.

Бары эле планшет, гаджеттердин айынан балдар сүйлөбөй жатат деп ойлоп жатышат....

А бирок чындык башкача. Мен сиздерге бул теманы дагы да кененирээк түшүндүрүү үчүн "Балаңыз сүйлөөсү үчүн эң маанилүү эки нерсе" аттуу темада вебинар өтүүнү туура көрдүм.

Бул вебинар сиздер үчүн канчалык актуалдуу? Комментарийге жазып реакция калтырып кетиңиздер🫀


Ферритинди кантип көтөрсө болот?

Бул вебинар аркылуу кенен маалымат ала аласыз 👇

https://youtu.be/WQfGsd_JvHE


Ферритинди кантип көтөрүү керек деп өтө көп катталуучулардан суроо келип жатат.

Себеби азыр аялдарда жана жаш балдарда ушул ферритин аз болуп аябай катуу кыйналып жатышат.

Ошол себептүү сиздерге Ферритин тууралуу кенен маалымат берүү максатта бүгүн ушул канал аркылуу "Ферритинди кантип көтөрөбүз" деген темада вебинар өтөм.

Каналды күзөтүп туруңуздар.

Вебинардан көрүшкөнчө🫀

11.5k 0 1 198 181



Барыңыздарга салам.

Акыркы учурда СМА оорусуна тиешелүү өтө көп суроолор түшүп жатат.

Ошол себептүү бүгүн ушул канал аркылуу сиздер үчүн вебинар өтөм.

Каналды күзөтүп туруңуздар.

Вебинарда талкуулай турган темалар:

1. Эмнеге СМА оорусу пайда болот?

2.Бул ооруну кантип алдын алыш керек?

3. Бул ооруну алдын ала аныктоо үчүн кандай анализдер керек?

4. Бул ооруга колдонулуучу арзан дарылар бар экенго анда эмнеге 2 млн$ дарыга элдер акча чогултуп жатат?

Мына ушул эң актуалдуу суроолорго вебинар алкагында жооп берип кетем.
________________

Каналды башкаларга да бөлүшүп кетиңиздер https://t.me/docturabekov



8.4k 0 11 18 34

Эфир ушул каналда болот ✅


2025 РАМАЗАН АЙЫНА ДАЯРДАГАН СИЗДЕР ҮЧҮН БЕЛЕГИМ ДАЯР 🥳

ЭФИРДИН ЗАПИСИ👇

https://youtu.be/mWImvfCA_6A?si=Ki7acq9WRzo46UbB


Экземасы бар адамдар үчүн коопсуз кир жуучу порошоктор👇

https://medlit.page.link/t93K


Руферон-Рн

Азыркы учурда иммунитетке эң жакшы деп сунушталып жаткан препарат болуп эсептелет.

Чын эле иммунитет үчүн бул свеча аябай жакшыбы?

Бардык курактагы жаш барларга колдоно берсе болобу?

Эффективдүүбү жана коопсузбу?

Бул суроолорго жоопту Руферон тууралуу жазылган эксклюзивдүү макаладан окуй аласыздар👇


https://medlit.page.link/J4T2


Балаңызга дары колдонуудан мурун сөзсүз түрдө аны MedlLit тиркемеси аркылуу текшерип алыңыз. Бул балаңыздын ден соолугу үчүн абдан маанилүү ☝️


Ушул эле кыздын анализи...

Ферритин өтө критикалык деңгээлде аз..

Мына терең изилдөө, терең диагностика кылуунун жыйынтыгы ушундай жашырынып жаткан ооруларды өз убагында аныктап дарылоого шарт түзөт.

Бул абалды аныктабаганда катталуучумдун кызы кантип кыйналат эле?

1. Алсыздык
2. Өсүүнүн начардыгы
3. Тамакка табити жок
4. Эс тутум начар
5. Чачтары тырмагы бузулган
6. Башка орган системалары да акырын жабыркап балээнин бары башталмак.

Бирок катталуучум өз убагында консультацияга жазылып өз убагында анализдерди тапшырып бул коопту абалдарды алдын ала албы 💪


Бул жылдык подпискага катталган катталуучумдун кызынын анализи...

Өзүңүздөр көргөндөй гемоглобин идеалдуу. Бул гемоглобинди көрүп ай ийй анемия жок экен да бары сонун турбайбы дегенге болот 😊...

Бирок терең изилдей келгенде абал ыйлай тургандай деңгээлде....

Показано 20 последних публикаций.