Айпери Медет кызы Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.
Алгачкы беттеште Кытайдын өкүлүн жеңип, чейрек финалда Индиянын спортчусун 1:1 эсебинде утту.
Медет кызы жарым финалга чыгып, анда Кеннеди Блейдс (АКШ) - Марин Потрилье (Куба) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.
Фото:
@sabirov13