🔹Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып иш берүүчүлөр – юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү экендигин эскертет.
🔹Бул талап КР Эмгек кодексине 2024-жылдын 23-июлундагы Мыйзам менен киргизилген. Ал жеткис күч жагдайлар пайда болгондо, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланганда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларда жайылтылбайт.
🔹Ошондой эле КР Министрлер Кабинети иштин айрым түрлөрүнө же өлкөнүн белгилүү бир аймактарында эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берүүгө укуктуу.
🔹Мындан сырткары, иш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө жана маалыматтарды жаңыртып турууга милдеттүү.
📌Эскерте кетсек, салык агенти тарабынан жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактар үчүн 3000 сом жана юридикалык жактар үчүн 6500 сом айып пул каралган.