Салык кызматы Ош базарынан 5,7 миң даана мыйзамсыз алкоголдук продукцияны тартып алды
🔹Салык кызматынын кызматкерлери Ош базарынын аймагынан мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны аныкташты.
🔹Кампаны текшерүүнүн жыйынтыгында 5 миң 710 даана жасалма акциздик маркалары бар арак табылды жана тартып алынды.
🔹Азыркы учурда бардык материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
🔹Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантат.
📌Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом, ал эми 1000 даанадан ашык саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
🔹Салык кызматы ишкерлерди тамеки буюмдарын акциздик маркалары жок сатуудан баш тартууга жана продукцияларга акциздик маркалардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.