![](https://static37.tgcnt.ru/posts/_0/c1/c122b00344332c8d2b7c60ea3b65cfdf.jpg)
Салык төлөөчүнүн кабинетинде "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнүн интерфейси жаңыланды
🔹Салык кызматы колдонуучулардын ыңгайлуулугун жана функционалдуулугун оптималдаштыруу үчүн cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинетинин" интерфейсин жаңылады.
🔹"МСК менен кат алышуу" бөлүмүндө "Маалымкаттар", "ЕАЭБ менен иштөө" жана "МСКБнын электрондук даректери" сыяктуу сервистер карточкалар түрүндө жеткиликтүү болот. Бул формат салык төлөөчүлөргө каалаган кызматтарды жана маалыматтарды тезирээк табууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле навигацияны жеңилдетет жана интерфейсти интуитивдүү кылат.
🔹Мындан сырткары, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн маалымкат" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты алуу эми cabinet.salyk.kg сайтындагы жаңыланган кабинеттин "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнүн "Маалымкаттар" сервисинде жеткиликтүү.
🔹Эскерте кетсек, эми бул кызмат salyk.kg сайтында жеткиликтүү эмес.