Фильтр публикаций




Репост из: Илим Нуру 🔉📲 📚
Илим Нуру 🔉📲 📚:
Жума күнү Кахф (Үңкүр)  сүрөөсүн окуунун артыкчылыгы...

وروى الحاكم في المستدرك قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "ان من قرأ سورة الكهو يوم الجمعة أضاء له من النور ما بين الجمعتين" 

Имам Хаким "Мустадрагында " байандаган хадисте Алланын элчиси (Алланын алкыш саламдары болсун) айтты: " Кимде ким жума күнү Кахф (Үңкүр) сүрөөсүн окуса, бир жумадан кийинки жумага чейин ага жарык болуп жаркырап турат"(Сохих).

Түшүндүрмө:"Эки жума ортосу жарык болот"- дегени, ошол убакыт ичинде пендени жамандыктан тосуп, жакшылыктын даңгыр жолун көрсөткөн жарык болот дешет айрым аалымдар.
Кээ бир аалымдар тикелей маанисин алып, кадимкидей адам нурлуу болот деп айтышат.

Эгерде арапча окуй алсаңыз Кахф сүрөөсүн  терең ой жүгүртүп окууганга аракет кылыңыз. Көп убакытты албайт.

Арапча окуй албасаңыз, Кахф сүрөөсүн окуган каарыны, жүрөгүңүздү бош койуп тыңдаңыз. Жараткан ниеттерибизге жараша жакшылыктарын жайат. Жакшы ниет менен кылынган эч бир жакшылык жерде калбайт.

Аллах баарын Билүүчү.Жараткан баарыбызды жакшылыктарынан айырбасын.

Жума күнүнүн адептери
1. Гусул алуу
2. Эң чырайлуу кийимдерди кийинүү
3. Атыр жыпар - жыттарды себинүү
4.Ибадатка көбүрөөк көңүл буруу
5.Жума баянын кунт коюп угуу
6. Кахф сүрөөсүн окуу.
7.Пайгамбарыбызга صلى الله عليه و سلم көп салават айтуу
8.Мечитке эрте барып, алгачкы сапка эрте отуруу
9. Көп дуба кылуу
10. Тууган туушкандарды  зыярат кылуу.
Эскертүү:Жазылгандардын кээ бир эркектер үчүн . Мисалы 3.5.8.


Репост из: Илим Нуру 🔉📲 📚
Эскертүү момундарга пайда берет..

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын алкыш салам салваттары болсун) айтты: 

"Жуманын түнү (Бейшембиден Жумага караган түн) жана Жума күнү мага алкыш салам салаваттарды көбөйткүлө! Ким ошондой кылса, мен Кыйамат күнү ал адамдын пайдасына күбөлүккө өтүп, Жараткандын алдында ортомчу (шапаатчы) болом" 

Көп салават айтканга аракет кылыңыз.

Соллаллооху алейхи ва саллам.


Репост из: Илим Нуру 🔉📲 📚


Репост из: Илим Нуру 🔉📲 📚
Хадис Шариф
Күндөрдүн эң жакшысы - жума күнү. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чынында айткан салаватыңар мага жетет. (Абу Дауд).
https://t.me/ilim444




Кадыр түн дуасы:

“Аллахумма иннака ьафувун тухиббуль ьафуа фаьфу анна”

“Оо, Аллахым, Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени кечире көр!”...


Ассаламу алейкум жамаат.
Кечки саат 00:00
Тема: Кадыр түнү жөнүндө.

Телеграм: https://t.me/ilim444

👆 каналда болот.






21-параны окуганда Ахзаб суросунун 10 аятында ката кетирипмин. 35:40-36:10 ушул аралык ичинде




Бүгүн рамазандын 25-так түнү. Кадыр түнү болуу ыктымалы жогору.

اللهم إنك عفو تحب العفو فاعف عنا
"Аллоохумма иннака аъфуввун , тухиббул аъфуа, фаъфу аънна"

Аллахым сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Бизди кечире көр!

Ушул дубаны көп айтыңыз.Тахажжуд окуңуз , садака бериңиз , салават истигфар айтыңыз.








Кадыр түнү -1000 айдан да кайырдуу жакшыраак болгон түн.

Түнкү убакытты чама менен 10 саат деп алсак, кадыр түнүндө 1 саат гана ибадат кылуу- 8 жыл ибадат кылгандан артык.

Кадыр түндө 1 мөөнөт гана кулчулук кылуу - 50 күн кулчулук кылгандан артык.

Ушундай ажайып мүмкүндүктү кур жиберип албайлы...

Телеграм:

https://t.me/ilim444


Бүгүн Рамазандын 23-күнү . Имам абу - Яъла, Имам Ахмаддын муснадына кээ бир сахабалар кадыр түнүн 23- так түнү көргөндүгү айтылат.

Балким бүгүн кадыр түнү болуп калуу ыктымалы бар.


Кимде-ким рамазан айын жакшы ары берекелүү өткөрүп келе жатса, ошол деңгээлде соңуна чейин бекем болсун.

Ал эми кимде-ким көптөгөн жакшылыктарды жасоодон макрум ( кур) калып калса, рамазандын соңку убакыттарын берекелүү кылып, жакшы ибадаттар менен өткөзсүн.

Ырасында, амалдар- соңку саатына карай бааланат.

Ибн Ражап ал- Ханбали (розимахулл)
(📚 Латаиф ал- маъариф)

https://t.me/ilim444


Бүгүн рамазандын 21- так күнү. Кээ бир хадистерде ылайык бүгүн кадыр түнү болуу ыктымалы бар. Кадыр түнү көп айтылышы керек болгон дуба:

اللهم إنك عفو تحب العفو فاعف عنا

"Аллоохумма иннака аъфуввун, тухиббул аъфва , фаъфу аннаа"

Аллахым, Сен кечиримдүүсүң кечиргенди жакшы көрөсүң. Бизди кечире көр! (Сунан Тирмизи).

Телеграм каналы:

https://t.me/ilim444

Ватсап группа:

https://chat.whatsapp.com/HYdd2bORce5HnJDtXh06FX

Показано 20 последних публикаций.