ИЛИМ ОРДОСУ 🕯📚


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху .Биздин группага кош келиңиздер!!!
"Ыйык Куран аяттары" 📗
"Хадистер"🌹
"Видео баяндар "🎥
"Тесттер "📗
'Мотивация "🔗
"Биздин группалардан бул дүйнө жана акыретиңиз үчүн пайда алып кетиңиз .....🥰🌹❤️

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺

Хадис

عن عمران بن حصين رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: « يخرج قوم من النار بشفاعة محمد صلى الله عليه وسلم فيدخلون الجنة يسمون الجهنميين.»

Имран Бин Хусайн (р.а)дан риваят : Пайгамбар (с.а.в):*« Мухаммад (с.а.в)дын шапаатынын себебинен бир топ киши тозоктон чыгып, бейишке кирет .Алардын „тозокулар“ деген кошумча аттары болот»* деген.

Бухари


ЖАШООБУЗГА КЕРЕК БОЛГОН ЗИКИРЛЕР.

✏ Эң коркок адам зикир кылуучу адам. Аллахты коп эстеп коп зикир чалган адам ал эң бактылуу адам. Зикир чалган адам Бейишке дарак олтургузат. Зикир кылган адам эч качан өкүнбөйт, кылган амалылынын мөмөсүн сөзсүз көрөт жана сыйланат.
Анас разия Аллоху ( ага Аллах ыраазы болсун) Пайгамгамбарыбыз صلي الليه عليه وسام. да риваят кылат: "Кимде-ким зикир менен жүрсө тирүү сыяктуу, ал эми кимде ким зикирсиз жүрсө өлүк сыяктуу.

⃣ Зикир шайтандан алыс кылат.

⃣ Алланын ыраазычылыгына себеп болот.
⃣ Жүрөктөгү сар -санагы жана кайгы - муңду кетирет.
⃣ Жүрөккө канаттануу жана кубаныч пайда кылат.
⃣ Денеге жана жүрөктү күч кубат берет.
⃣ Жүздү жана жүрөктү нурдуу кылат.
⃣ Зикир кылуучуга күч кубат, таттуулук келет.

Зикирди көп чалган адам жүрөгүндөн караңгылыкты алып салат, зикирлер биздин жүрөгүбүзгө, тилибизге мөөр болуп калат. Ошондо биз кабырга барганда бул жарыктыкта кандай болуп жүргөн болсок ошолор ойубузда дилибизден орун алып калат да ошолор тууралуу ойлоп калат экенсиң. Сурак болгон кезде айбаттуу сурак периштелерин көргөнүбүздө өзүбүздү жоготуп тилибизда айланбай калат экен. Ошондо биз зикир коп чалып жүргөн болсок тилибизден да дилибизден да ошол сөздөр келе берет экен. Анан сурагыбыз да жеңил болот экен. Сурак периштеси бизди: Тургун ордуңдан деп айтканда. Зикир кылуучу я Аллах,же Субахан Аллах, же Ла илааха иллАллах деп турат экен. Ошондуктан муслман бир туугандар зикирди көп көп чалалы өзүбүз үчүн, акыретибиз үчүн.

⃣ Субахаана Аллах -Аллах бардык кемчиликтерден таза зат.
⃣ Аллхамдулиллах -Шүкүрлор таза зат болгон Аллаага болсун.
⃣ Аллооху Акбар -Аллах улуук.
⃣ Лаа илааха иллАллах -Аллах талаадан башка илах (кудай) жок.
⃣ Ла хавла ва Лаа куввата илла биллах -Эч кандай күч кубат жок,бир гана Алланын жардамы менен гана.
⃣ Субахааканака Алоохума ва бихамдика -Сен тазасың Аллахым сага мактоо болсун.
⃣ Лаа илааха Иллаанта субахаанака инни Күнтүз миназ -зоолимин -Сенден башка ибадат кылууга ылайык зат жок,жабыр кылуучулардан болуп калдым.
8⃣ Лаа илааха иллАллах Мухамадур Расулуллах -Аллахтан башка татыктуу сыйынууга зат жок. Мухаммед анын элчиси.
9⃣ Салаллааху алейхи Васалам -Мухаммед ке Алланын саламы болсун.
🔟 Астахфируллах -Алладан кунөөлорүмдүн кечирилишин сураймын.

Ушул зикирлерди эрте менен кеч тартып жүргөн болсок биз дуйнөөдөгү бактылуу адамдарданбыз.Аллахым баарыбызды коркуучу, жүрөгүбүз Аллахты сүйүүчү инсандардан кылсын


فَاذْكُرُونِي أَذْكُرْكُمْ وَاشْكُرُوا لِي وَلَا تَكْفُرُونِ

Мени эстегиле, (ошондо) Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла. Мага каапырдык кылбагыла.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ

Эй, ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чындыгында Аллах - сабырдуулар менен бирге.

Сура - Аль-Бакара
Аят - 152-153


ТООБО ТУУРАЛУУ

Тообо бул- Куноодон Алланын тат-ибадатына кайтуу болуп эсептелет . Негизинен эки турго болунот :
1)- Алла менен пенде ортосундагы тообо
2)- Пенде менен пенде ортосундагы тообо
1)- Алла менен пенде ортосундагы тообо уч шарт менен кабыл алынат:
1)- Кылган жамандыгына жакындабоо
2)- Ал кылган жамандыгына окунуу
3)- Ал жамандыка экинчи жолуу кайтпайм деп каттуу ниет кылуу. Эгерде ушул уч шарттын бири жок болсо , анда Алла менен пенде ортосундагы тообо кабыл кылынбайт. Ал эми пенде менен пенде ортосундагы тообонун торт шарты бар, учоо жогорудагылар болсо , ал эми тортунчусу пенденин акын кайтаруу болот , эгерде малын алган болсо кайтарат же ар намысына тийген болсо ,ээсинен кечирим сурайт же куноосуно истигфар айтат. Улуу Курани Карим жана хадистер , уммоттун ижмасы корсоткондой эгерде бир киши куноо жамандык кылса , ал жамандыгына тообо кылышы ваажип болот. Улуу Алла Таала:
قَالَ الله تَعَالَى : ? وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعاً أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ? [ النور (31) ] .
• (Аллага тообо кылгыла Оо момундар мумкун женишке жететтирсинер ) деп айтат. Бул жерде улуу Алла Тааланын " Мумкун " деген нерсеси " Анык болот " экендигин корсотот, себеби улуу Алла Таала бир нерсеге убада берсе созсуз аткарат. Ошондой эле жогорудагы аят чон кичине куноолорго тообо кылыш ваажип экендигин корсотот. Башка аятта :
وَقالَ تَعَالَى : ? فَقُلْتُ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَّاراً ? [ نوح (10)] .
( Жаратканынарга тообо кылгыла , албетте ал кечиримдуу деп айттым ) деп айтат. Бул аятта баардык куноолорго истигфар айтып Алладан куноо учун кечирим суроону корсотот. Башка аятта:
وَقالَ تَعَالَى : ? يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَصُوحا ? [ التحريم (8) ] .
( Оо ыйман келтиргендер Аллага чын журоктон тообо кылгыла ) деп айтат. Улуу сахаба Умар (ра ) : " Чын журоктон кылынган тообо – пенде бир жамандыгына тообо кылып, ал ишине экинчи жолу кайтпашы болот , желинден чыккан сут, кайра желинге кайтпаган сыяктуу" деп айтат.
[13] وعن أبي هريرةَ ( قَالَ : سمعْتُ رسولَ الله ( يقول : « والله إنِّي لأَسْتَغْفِرُ الله وأَتُوبُ إِلَيْه في اليَوْمِ أَكْثَرَ مِنْ سَبْعِينَ مَرَّةً » . رواه البخاري .
Улуу пайгамбарыбыз (сав) : " Мен бир кундо Аллага жетимиш коп жолу тообо кылып , истигфар айтам " деп айтат. Бул хадис уммотту Аллага коп истигфар айтып тообо кылууга чакырат. Башка хадисте улуу пайгамбарыбыз :
- خادِمِ رسولِ الله ( - ( قَالَ : قَالَ رَسُولُ الله ( : « للهُ أفْرَحُ بِتَوْبَةِ عَبْدِهِ مِنْ أَحَدِكُمْ سَقَطَ عَلَى بَعِيرهِ وقد أضلَّهُ في أرضٍ فَلاةٍ » . مُتَّفَقٌ عليه .
• " Алла пендесинин тообосу менен силердин биринер чолдо тоосун жоготуп жиберип кайра табып алып суйунгондой суйунот " деп айтат. Бул хадис Алланын пендеси куноо кылып тообо кылганда Алла Таала аябай суйунот экендигин корсотот. Башка хадисте :
قَالَ : « إنَّ الله تَعَالَى يَبْسُطُ يَدَهُ بالليلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ ، ويَبْسُطُ يَدَهُ بالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيلِ ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها » . رواه مسلم .
( Албетте Алла кундузу куноо кылган пендесине тообо кылышы учун туну колун жайат , жана туну куноо кылган пендесине тообо кылышы учун кундузу колун жайат ) деп айтат. Башка хадисте :
[17] وعن أبي هُريرةَ ( قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ ( : « مَنْ تَابَ قَبْلَ أنْ تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها تَابَ اللهُ عَلَيهِ » . رواه مسلم .
( Ким кун батыштан чыкканга чейин тообо кылса , Алла анын тообосун кабыл кылат) деп айтат. Башка хадисте :
[18] وعن أبي عبد الرحمن عبد الله بنِ عمَرَ بنِ الخطابِ رضيَ اللهُ عنهما عن النَّبي ( ، قَالَ : « إِنَّ الله ( يَقْبَلُ تَوبَةَ العَبْدِ مَا لَمْ يُغَرْغِرْ » . رواه الترمذي ، وَقالَ : « حديث حسن » .
( Алла пендесинин тообосун оозуна гаргара келип калганга чейин кабыл кылат " деп айтат. Гаргара бул- адамдын жаны тамагына келип калышы болот. Бухарий Муслим рываят кылган хадисте :" Бир киши жуз кишини олтуруп , андан кийин мага тообо барбы ? деп айтканда , тообо бар деп айтылды, жана кыссанын акырында анын тообосу кабыл алынып бейишке кирди".


🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷

🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷
ХАДИС

عن علي رضى الله عنه قال:قال رسول الله صَلَّى اللّه عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: يا أهل القرأٓن ! أوتروا فإنّ الله وتر يحب التوتر .

👇👇👇👇👇👇👇

*Али (р.а)дан риваят:«Пайгамбар (с.а.в) айтты:«Оо Куран ээлери!(Мусулмандар)(«Витр аттуу)так намазын окугула. Себеби Аллах Таала так,тактыкты жакшы көрөт »*

Абу Дауд


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ فِى سِتَّةِ أَيَّا مٍعىى ثُىَ ٱلْعَرْشِ‌ۚ يَعْلَمُ مَا يَلِجُ فِى ٱلْأ َرْضِ وَمَا يَخْرُجُ مِنْزهَا وَمِمَا يَمُمُمَا َا ي عْرُجُ فِيهَا‌ۖ وَهُوَ مَعَكُمْ أَيْنَ مَا كُنتُمْ‌ۚ وَٱللَّهُ بِمَمَامَا بِمَمَامَا

«Алты күндүн ичинде жер , анан тактыга чыкты. Ал жерге киргенди да, андан чыкканды да, асмандан түшкөндү да, андан чыкканды да билет. Кайда болсоң да ал сени менен. Аллах силердин бардык ишиңерди көрүп турат.»

۝Куран 57:4



•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•


🌿 Пайгамбарыбыз с.а.в. айтты :

Эч бир көлөкө болбогон кыямат күнү Аллах 7 түрдүү адамды (арштын) көлөкөсүнө алат.

1. ⛓ Адилеттүү башчы.
2. ⛓ Аллахтын ибадатында чоңойгон жаш жигит.
3. ⛓ Жүрөгү мечитке байланган адам.
4. ⛓ Аллах үчүн бири-бирин жакшы көрүп чогулса да, ажыраса да Аллах үчүн кылган эки адам.
5. ⛓ Мансаптуу сулуу аял зынага чакырганда "Мен Аллахтан корком" деп айткан адам.
6. ⛓ Оң колу берген садаканы сол колу көрбөгөн адам.
7. ⛓ Жалгыз калып Аллахты эстегенде көзүнө жаш келген адам. (Бухари)


Алсыз адамдар өч алат. Күчтүү адамдар кечирет. Акылдуу адамдар конул бурушпайт..!


Рифаъа (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтат:

*“Чындыгында Кыямат күнү соодагерлердин арасынан такыбалык кылган, чынчыл болгон жана тура соода кылгандардан башкасынын баары күнөөкөр болуп тирилет”* - деди. (Тирмизи)


Абу Саъид (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтат:

*“Чынчыл жана аманатка бек соодагер, Кыямат күнү пайгамбарлар менен, шейиттер менен жана чынчылдар менен бирге болот”* - деди. (Тирмизи)


عن عبد الله ابن مسعود اله قال: قَالَ رَسُولُ الله صلى الله عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الرِّبَا ثَلَاثَةٌ وَ سَبْعُونَ بَابًا أَيْسَرُهَا مثل أن ينكح الرجل أمه.

Абдуллах бинни Масъуд (р.а) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: Сүткорлукта 73 даражалуу күнөөсү бар, эң төмөнкү женил куноосу: Бир киши өз энеси менен зина кылган менен барабар».


ХАДИС
عن أبى هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلّى الله عليه و سلّم يقول: تبلغ الحلية من المؤمن حيث يبلغ الوضوء.رواه مسلم، باب تبلغ الحلية.....، رقم:576

Абу Хурайра ( разияллооху анху) дан риваят: "Мен сүйүктүү ( саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай деп айтканын уккам: "Кыямат күнү момундун кооздугу даарат алган жерлерине(б.а.даараттын суусу жеткен мүчөлөргө) чейин жетет"( алтындан жасалынган билериктер кийгизилет)".( Муслим).


Дин менен ойношпогула, тамашалашпагыла! Дин бул оюнчук эмес.
Ошол силер айтып маскарлап жаткан сөздөр ооба арабча сөз бирок анын мааниси шылдыңдоого өтө тыюу сылынган сөздөр. Диний терминдерди түшүнүп жетпеген соң тийишпөөңүздөрдү суранат элек.
“Альхамдулиллах”
“Маша Аллах”
“Инша Аллах”
Маанилери Аллахка шүгүр, Аллах кааласа деген сөздөр маанилерин билбей анчалыка барбаңыздар, Кудай кечирсин.
Тастыктап берейин:

Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтты:
“Ал адам азыр да көз алдымда турат, пайгамбардын
төөсүнүн басмайылына асылып, буттары ташка урунуп:
“Биз жөн эле айтып, тамашалап койгонбуз” - деп жатты.
Аллахтын элчиси да:
«Силер Аллахты, Анын аят белгилерин жана пайгамбарын шылдың кылдынарбы?!» -
деп ага жүз да бурбады, ашыкча сөз да айтпады». (Ибну
Абу Хатим; Имам Табарони)
Аллах Тааланы, Анын элчисин жана Куранды шылдындоо ыйман негиздерине каршы келет жана аны
кылган адам динден чыгат. Анткени Аллах Таалага, Анын Китептерине жана пайгамбарларына ыйман келтирүү ыйман негиздеринен болуп, аларды ыйык тутуп урматтоо ар бир мусулман үчүн парз болуп саналат. Ибну Салих айтты:
«Бул хадисте илим ээлерин урматтоо туурасында айтылды жана аларды шылдындап же маскаралоону
жокко чыгарды. Анткени бул мунафык адам: “Мен биздин Куран карыларындай адамдарды көргөр эмесмин..” - деп
аалымдарды жамандоону максат кылып айткан. Ал эми аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору жана үммөттүн үлгүсү. Эгерде биз аалымдарды жаманатты кылсак, анда мунун аягы мусулман коомчулугунун
ыдыроосуна алып келет жана аалымдардын кадырын кетирип аларга карата шектенүүлөрдү пайда кылат.
(“Аль-Мустафид”)
Ибну Каййим айтты:
«Аллах таалага карата айтылган шылдын же маскаралоо же башка ушул сыяктуу иштерге кескин тыюу салынган. Бул туурасында тамашалап айтуу чын айтканга барабар».
(“Иламуль муваккиьин”)
Ошондой эле хижабга же сакалга же ушул сыяктуу шарият өкүмдөрүн шылдындоого жана кемсинтүүгө кескин тыюу салынган.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Каалагандай жашаган эмес, туура жашаган адам гана эң мыкты инсан боло алат…🪴


Убада Ибн Самит (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтат:

*“Ким улууларды урматтабаса, кичүүлөрдү ызаттабаса, аалымдарды сыйлабаса, ал менин үммөтүмдөн эмес”* - деди. (Ахмад)


Аби Хираш Сулами (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтат:

*“Ким бир тууганына бир жыл таарынып байланышты үзүп койсо ал анын канын төккөн менен барабар”* - деди. (Абу Дауд)


Абдулла Ибн Амр (разияллоху анху дан) дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтат:

*“Ак чачты жулгандан тыйып: - чындыгында ал мусулмандын нуру”* - деди. (Тирмизи)


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Багымдат намазын окуган адам, Алланын коргоосунда болот". Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Салкын убакытта окулуучу эки (багымдат жана аср) намаздарын такай окуган адам бейишке кирет". Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Мунаафык (тили менен ыйман келтирип, жүрөгү менен ыйман келтирбеген) адамга, багымдат жана куптан намазынан оорураак (кыйыныраак) намаз жок. Эгер алар эртең мененки жана кечки намаздардын (соопторун) билишкенде, анда алар, ал эки намазга сойлоп (жөргөлөп)
болсо да келишмек".


*✅«ЖАКШЫЛЫК КЫЛГЫЛА.! ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХ ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУЧУЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРӨТ»*
✨БАКАРА 195 аят

*✅«ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХ ТООБО КЫЛУУЧУЛАРДЫ ТАЗАЛАНУУЧУЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРӨТ»*
✨БАКАРА. 222 аят

*✅«ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХ ТАКЫБАЛАРДЫ СҮЙӨТ.!
✨АЛЬ ИМРАН 146 аят

*✅«АЛЛАХКА ТООБОКЕЛ КЫЛ.! АЛЛАХ ӨЗҮНӨ ТООБОКЕЛ КЫЛГАНДАРДЫ СҮЙӨТ.!
✨АЛЬ ИМРАН 159 аят

*✅«ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХ АДИЛЕТТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫ КӨРӨТ (СҮЙӨТ)»*
✨МАИДА 42 аят


🤍✨ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ С.А.В.ДЫН СҮЙҮКТҮҮ ЖУБАЙЫ ХАДИЧА ТУУРАЛУУ 8 ФАКТ.

Пайгамбарыбыздын ﷺ биринчи жубайы Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) Ислам тарыхындагы таасирдүү аялдардын сап башында турат. Аллахтын элчиси ﷺ Хадижа энебизди абдан сүйүп, көзү өткөндөн кийин да дайым аны эстеп жүргөн. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) пайгамбарыбызга ﷺ идеалдуу жубай, балдарынын мээримдүү энеси гана болбостон, анын ишенимдүү досу, жардамчысы да болгон.

Бул макалабызда Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) энебиз тууралуу кызыктуу жана маанилүү фактыларды сунуштайбыз.

💚✨1. Хадижа бинт Хувайлид (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) 556-жылы Меккеде жарык дүйнөгө келген. Ал кадыр-барктуу үй-бүлөдөн чыккан. Ата жагынан да, эне жагынан да пайгамбарыбыздын ﷺ тегине кошулат.
💚✨2. Азирети Хадижага (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) Меккенин эң белгилүү, эң бай, кадыр-барктуу адамдары турмуш куруу сунушу менен колун сурап, көп жолу келишкен. Бирок алардын эч кимисине макулдук бербей, соода иштерин өзү жүргүзгөн.
💚✨3. 595-жылы пайгамбарыбыз ﷺ азирети Хадижанын (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) кербенин жетектеп, Шамга карай сапар тарткан. Бул соода кыска убакыттын ичинде кирешелүү болуп, жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Ыраазы болгон Хадижанын пайгамбарыбызга ﷺ болгон ишеними барган сайын арта баштаган.
💚✨4. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) курбусу Нафисаны ортомчу кылуу менен пайгамбарыбызга ﷺ үй-бүлө курууну сунуш кылган. Ошентип, Аллахтын элчиси ﷺ махрга 20 төө берип, Хадижа энебизге үйлөнгөн.
💚✨5. Аллахтын элчисине ﷺ алгач ыйык кабар келген кезде өмүрлүк жары азирети Хадижа пайгамбарлыгын таанып, Исламды биринчи кабыл алган.
💚✨6. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) - пайгамбарыбыздын ﷺ 25 жыл бою түтүн булаткан сүйүктүү жана идеалдуу жубайы. Алар 6 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосундагы эң оор мезгил Хадижа энебиз менен жашаган убакка туура келет. Сыноо мезгилинде Хадижа жолдошуна материалдык жана моралдык жактан зор колдоо көрсөтүп, жүрөгүнө тынчтык тартуулаган.
💚✨7. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) хижраттан 3 жыл мурун 63 жашында дүйнөдөн кайткан. Кайгыга баткан Аллахтын элчиси ﷺ бир нече күн сыртка чыга албай калган. Ал сүйүктүү жубайы каза болгондон кийин 2,5 жыл эч кимге үйлөнгөн эмес.
💚✨8. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) пайгамбарыбызга мал-мүлкүн, бүт байлыгын жана өзүн арнагандыгы үчүн ага бейиштен өргөө ыроолонгон. Аллахтын элчиси ﷺ акыркы демин алып жаткан кезде ага мындай деген:
“Оо, Хадижа! Аллах Таала сени аруу аялзаты кылды. Сени Имрандын кызы Марьям менен фараондун жубайы Асиядай тандап алды”.
14 кылым өтсө да Хадижа энебиздин (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) өмүр жолу бардык мусулман айымдарды мыкты жубай, мээримдүү эне болууга шыктандырып келет. Ал өрнөктүү өмүрү менен чыныгы мусулман аял кандай болуш керектигин көрсөтүп кетти.

Показано 20 последних публикаций.