ИСЛАМ СУРОО-ЖООП📚


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


📚Ислам тууралуу илим энциклопедиясы
🇰🇬islamqa.com сайты кыргыз тилинде
📚Куран-Сүннөт
⚖️24 жыл
⁉️350000 суроо-жооптор
📝16дан ашык чет тилине которулган

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


https://islamqa.info/ar/259398 حكم كتابة آيات الرقية على ورق قابل للإذابة - الإسلام سؤال وجواب

🤎ШАРИАТТЫК РУКЪЯ ДУБА АЯТТАРЫН ЭРИТМЕ КАГАЗГА ЖАЗУУНУН ӨКҮМҮ

🤎СУРОО: 259398
Менин суроом, рукъя үчүн Аят аль-Курсини таза шафрандан же башка жегенге жарактуу сыя менен кагазга жазууга болобу? Бул сыяны сууга эритип, алынган суюктукту оорулууга ичирүүгө болобу?

Мен оболку муундагы такыбалар аяттарды идиштерге жазып, андан кийин аларды жууп, суусун ооругандарга ичиришкенин уккам.
Ошондуктан, мен Куран аяттары жазылган жана сууга эригенден кийин ичүүгө мүмкүн болгон бир продукт чыгарууну ойлонуштуруп жатам. Ибн Бааз (Аллах аны ырайымына кылсын) бул нерсеге Ибн аль-Каййимдин (Аллах аны да рахым кылсын) «Зад аль-Ма’ад» китебиндеги пикирине таянып уруксат бергенин билем

Япониялык доктор Масару Эмото жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, суу үн термелүүлөрүнөн маалыматты сактай алат. Мисалы, ага жакшы сөздөрдү айтуу суунун молекулаларынын өзгөрүшүнө алып келет. Мисалы, «Бисмиллах» деп айтуу. Ошондой эле, ал идиштерге жакшы сөздөрдү жазуу да ушундай эле таасир берерин аныктаган.

Мен аяттарды жазып, аларды жууп ичирүү ыкмасына негизделген принципти колдонсом дегем. Бирок бул ыкма шариятта ылайык же жокпу билбей турам.
Ошондуктан, ушул маселе боюнча кеңеш же анын тыюу салынгандыгы тууралуу далилдерин эскерип берүүңөргө суранам.

🤎ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Куран аркылуу жана Пайгамбардан ﷺ келген дубалар менен шыпаа издөө жана дарылануу Шариатка ылайык келет. Анткени Аллах Таала айтты:

وَنُنَزِّلُ مِنَ ٱلْقُرْءَانِ مَا هُوَ شِفَآءٌ وَرَحْمَةٌ لِّلْمُؤْمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا خَسَارًا
"Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Кураанды түшүрөбүз".

Аль-Исра, 82

Дарылануу Куранды ооруп жаткан адамга окуу же сууга окуу аркылуу жүргүзүлөт. Андан кийин оорулуу ошол сууну ичет же аны менен жуунат. Ошондой эле, аяттарды идишке же башка нерсеге жазып, андан соң жууп, алынган сууну ичүүгө да уруксат берилет. Бул ыкмалар салихтерден риваят кылынган.

Ибн аль-Каййим (Аллах аны ырайымына кылсын) рукъя жана көз тийүү жөнүндө мындай деген: «Биринчи муундун аалымдарынын тобу Куран аяттарын жазып, андан кийин аны ичүүнү уруксат деп эсептешкен. Мужахид айткан: „Куран аяттарын жазып, андан соң жууп, ошол сууну оорулууга ичирүүдө эч кандай зыяны жок“. Ушундай эле сөздөр Абу Кулябадан да риваят кылынган».

Ибн ‘Аббас, Аллах андан ыраазы болсун, төрөт учурунда кыйналган аялга Курандан аяттарды жазып, андан соң жууп, ага ичирүүнү буйруган”.

Аййуб мындай деген: «Мен Абу Кулябанын Курандан бир нерсе жазып, анан аны суу менен жууп, ооруп жаткан бир адамга ичиргенин көргөм».
🤎(Ибн аль-Каййим, «Зад аль-Ма’ад», 4/170).

Жегенге жарамдуу кагазга, шафран сыяктуу таза заттар менен Куран аяттарын жазууда эч кандай зыян жок, эгерде колдонулган зат шарият боюнча таза болсо. Жазууну кол менен да, атайын технологиялар менен да жүргүзүүгө болот, эгерде бул адамга зыянын тийгизбесе.

Негизги талап — жазуу үчүн колдонулган сыя же зат сууда эрий турган болушу керек. Эгерде жазуу суу менен жуулбаган чегип жазуу (гравировка) түрүндө болсо, анда бул ыкманын эч кандай пайдасы жок.

🤎 Туурасын Аллах билүүчү!
________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤ https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop




https://islamqa.info/ar/401418 ما سبب محبة النبي عليه الصلاة والسلام لرفع أعماله وهو صائم؟ وهل للصيام أثر في قبول العمل؟ - الإسلام سؤال وجواب

🎙 АМАЛДАР АЛЛАХКА КӨТӨРҮЛГӨНДӨ, ПАЙГАМБАР ‎ﷺ ОРОЗО КАРМАГАН АБАЛДА БОЛУУНУ ЖАКШЫ КӨРГӨНДҮГҮНҮН СЕБИБИ ЭМНЕДЕ? АМАЛДАР КАБЫЛ БОЛУШУНА ОРОЗОНУН ТААСИРИ БАРБЫ?

СУРОО: 401418
Усама ибн Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси ﷺ Шаабан айында башка айларга караганда көбүрөөк орозо кармаганынын себебин сураганда, Пайгамбар ﷺ: “Адамдар (Шаабандын пазилетин билбеген себептүү) аны Ражаб айы менен Рамазан айынын арасында капылетте өткөрүп жиберишет. Шаабан айында адамдардын амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен амалым Аллах Таалага көтөрүлгөн учурда орозо абалда болууну жакшы көрдүм” - деп жооп берген. Башка ибадаттардан дал орозону өзгөчөлөп айтканынын даанышмандыгы эмнеде? Амалдардын көтөрүлүшү менен орозонун кандайдыр бир байланышы барбы? Жана Аллах Таала жакшы амалдарды кабыл кылышына орозонун таасири барбы?

📋 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Ахмад жана ан-Насаи (2357) риваятында: Усама ибн Зайд:
Оо Аллахтын элчиси! Рамазандан башка эч бир айда Шаабандагы сыяктуу көп орозо кармаганыңызды көрбөдүм?" - деп сураганда, ага мындай деп жооп берди: “Адамдар (Шаабандын пазилетин билбеген себептүү) аны Ражаб айы менен Рамазан айынын арасында капылетте өткөрүп жиберишет. Шаабан айында адамдардын амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен амалым Аллах Таалага көтөрүлгөн учурда орозо абалда болууну жакшы көрдүм”.


Пайгамбар ﷺ бул айда амалдары көтөрүлгөндө, орозо кармаган абалда болууну жакшы көргөндүктөн, бул орозонун улуу пазилетине далил болот.

Ошондой эле дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармаганын Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
“(
Адамдардын) жасаган амалдары дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү (Аллахка) көтөрүлөт. Менин амалдарым мен орозо кармап жаткан учурда көтөрүлүшүн каалайм».

📚 (Тирмизи, 747).

Мулла Али аль-Кори “Миркат аль-Мафатих”те (4/1422): “даражасынын көтөрүлүшүн кошуу үчүн” - деп айткан.

Жана да Пайгамбар ‎ﷺ ажалы келгенде орозо кармаган абалда болууну жакшы көргөн. Абу Йагля Муснадында (4911) риваят кылып: Абу Хурайра Аиша энебизден айтат:
Аллахтын элчиси ‎ﷺ Шаабан айында толук орозо кармайт эле. “Оо Аллахтын элчиси! Орозо кармаганга сага эң сүйүктүү ай - Шаабан айыбы?” - деп сурасам, айтты: “Чындыгында, Аллах Таала бул жылы ажалы келе турган адамдарды жазат. Жана менин ажалым келгенде орозо кармаган абалда болууну жакшы көрдүм”
.

(Бул хадис даиф хадис, 113939-суроодо кененирээк маалымат келет).

Орозону өзгөчөлөгөнү - эскерип өткөндөй, анын сообунун улуулугунда. Чындыгында, орозо Аллах үчүн жана анын сообун Өзү берет. Ал эми амалдардын кабыл болушунун себеби болоору тууралуу эч нерсе кездештирген жокпуз.

Амалдардын көтөрүлүшү дегенден - ар жылдын амалдары көтөрүлүшү, бир күндүк амалдардын жана бир жумалык амалдардын көтөрүлүшү максат кылынат.

Ас-Санади “Хашиату аля ан-Насаи”де (4/201) айтты: “Бул ай - ааламдардын Роббисине амалдар көтөрүлгөн ай”.
Эки сахих китебинде: “Түндөгү иштер Аллахка күндүзгү иштерден мурда, күндүзгү иштер түндөн мурда көтөрүлөт” деп бекемделген”, ал эми жогоруда айтылгандын мааниси эмне?” - деп сурашканда, айтты:
“Бул жерде эки мааниси болушуна ыктымал бар.
Бири: Пенделердин амалдары Аллах Таалага күндө көтөрүлөт, анан жумасына дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү, анан бир жылдык амалдар Шаабан айында көтөрүлөт. Жана ар бир көтөрүлгөнүндө даанышмандык бар. Ал даанышмандыгын кээ бир пенделерине билдирип койсо, кээ бирин билдирбейт коет. Жана алардын амалдары Аллахтан жашыруун болбойт.

2️⃣Экинчиси: Бир күндүк амалдар кененирээк, бир жумалык амалдар жалпылай көтөрүлөт же тескерисинче деген максат кылынат.

⚖️ Туурасын Аллах билүүчү!
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/Eep1mS7JNIrFPuP2ztua3u
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop






Бүткүл дүйнөлүк хижаб күнү деп аталган майрамга көңүл ачуунун, оюн-зооктун, майрамдын жана молчулуктун атмосферасында чогулган аялдарга келсек, алар ар кандай диндердин, улуттардын жана расанын аялдарын бир күнгө хижаб кийүүгө чакырып, сүрөткө түшүүгө жана бул сүрөттөрдү хижабга үндөө ирээтинде жайылтып, андан кийин бир күнгө кийилген хижабын чече бергиле дегени - мунун баары Аллахтын буйругу менен ойногонго жатат. Хижаб кийүү - бул ибадат, аны аткарууда сөзсүз түрдө туура ниет, сооп үмүт кылуу жана ал амал бир күнгө эле эмес, дайыма улануусу керек.

3⃣Аялдардын бул күнү кийген хижаптары көп учурда Аллах Таала буйруган парзын шылдыңдаган болуп, тескерисинче пайда берүүгө караганда зыяны көп болот. Себеби, шариатта хижабга парз кылынган шарттар жана критерийлер коюлган, эгер алар аткарылса, шариатка дал келген Аллах Таала аялдарга буйруган хижаб болуп саналат. Бирок бул шарттар толугу менен же жарым-жартылай аткарылбаса, анда муну туура хижаб деп айтууга болбойт. Хижаптын туура сыпаттары жөнүндө мурда № 6991 фатвада талкууланган. Аялдардын бул майрамда кийген хижабына келсек, көпчүлүк учурда анын шариаттык хижабка эч кандай тиешеси жок; чындыгында бул күндөгү кийилген хижаб чачын жана денесин жапканы эле болот. Балким алар хижаб эмес, бул күнү шым кийген болушу мүмкүн, же кийими тар, дененин түзүлүшүн көрсөтүп турган болушу мүмкүн, же ал күнү боёнуп, жасанып, же анын кийген кийими өзү туруш-турпатында кооздук болушу мүмкүн; түркүн түстүү, кооздолгон жана көңүлдү өзүнө буруп же оорулуу жүрөктөрдүн каалоосун пайда кыла турган кийимдер болот. Булардын баары Аллах Таала парз кылган хижабга каршы келет.

Ушунун негизинде, "Бүткүл дүйнөлүк хижаб күнү" деп аталган күндү белгилөө адамдардын ниети жакшы болушуна карабастан, уруксат эмес.

Амал кылууда туура ниеттин өзү гана болушу жетиштүү эмес,


тактап айтканда, ага жеткирүүдө колдонулган ыкмалар шариатка дал келип, Аллах Тааланын буйругуна каршы келген нерселерди камтыбашы керек.

Ошентсе да, мусулмандардын бир тобу, эркектер же аялдар болобу, хижабдын парз экендигин жайылтуу үчүн белгилүү бир жерде, бир убакта чогулуп, ал жөнүндө элге маалымат берсе, бул жакшы нерсе жана Аллах Тааланын бизге буйруганын үгүттөөгө кирет. Бирок муну жасап жатканда, төмөнкү көрсөтмөлөрдү кармануу зарыл:
🔘 Алар каапырларды жана алардын салттарын туурап белгилебеши керек;
🔘 Алар жыл сайын кайталануучу белгилүү бир күндү чектебеши керек, анткени бул жогоруда түшүндүрүлгөндөй бидааттын (динге жаңылык киргизүү) бир түрү;
🔘 Жогоруда айтылган фатвада аалымдар түшүндүргөн бардык критерийлерди жана шарттарды аткарып, аялдарды туура шариатка дал келген хижабды карманууга чакырышы керек;
🔘 Аялдарга хижаб парз жана момун аялдардын Аллахка болгон ибадатында улуу ибадат экенин аларга жеткирүү керек, андыктан аны аткарууга шашылуусу жана аны өжөрлөнүү менен кийүү керек экендигин айтуу зарыл. Ал эми аялдарды бир же эки күн хижаб кийүүгө чакыруу жана ушул сыяктуу нерселер, алар болбойт.

✅ Туурасын Аллах билүүчү!
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/Eep1mS7JNIrFPuP2ztua3u
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop


https://islamqa.info/ar/217241 حكم الاحتفال باليوم العالمي للحجاب - الإسلام سؤال وجواب

🌷 БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ХИЖАБ КҮНҮН МАЙРАМДООНУН ӨКҮМҮ

✔️СУРОО: 217241
Жыл сайын 1-февралда бүткүл дүйнөлүк хижаб күнү деп майрамдашат. Бул маселеде өкүм кандай? Бул амал бидаат болуп саналабы?

ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Бүткүл дүйнөлүк хижаб (жоолук) күнү - бул АКШда жашаган Назма Кхан аттуу бир мусулман аялдын жаралган идеясы. Ал 11 жашында АКШга көчүп барган бенгалиялык мусулман аял эле жана хижабы үчүн ар кандай куугунтукка жана кысымга дуушар болгонунан улам, ушул нерсе аны хижабга каршы дискриминацияны кантип токтотуу жөнүндө ойлонууга түрткү берген. Анын ойлоп тапкан жолу - бул бардык өлкөлөрдүн, диндердин жана расалардын аялдарын жок дегенде бир күн, тагыраак айтканда, “Бүткүл дүйнөлүк хижаб күнү” деп аталган февраль айынын биринчи күнү хижаб кийүүгө чакырык эле.
Хижаб – бул Аллах Таала момун аялдарга парз кылган өкүмү. Бул аруулуктун символу жана ар-намыстын, такыбалыктын белгиси.

Мусулман аалымдарына, даават кылгандарга жана жеке инсандарга хижабка чакырып, адамдарды үндөш үчүн колдон келген аракетин кылышы милдет. Бирок аны менен бирге, бул максатка жетүү үчүн колдонулган ыкмалар шариатка дал келген ыкмалар болушу керек, анткени мактоого арзыган максаттарга жетүү үчүн ага жеткирүүчү жолдор да шариатка ылайык келиши керек. Ал эми ар жыл сайын кайталануучу жана “Бүткүл дүйнөлүк хижаб күнү” деп аталган жылдын белгилүү бир күнүн белгилөөгө келсек, бул төмөнкү себептерден улам болбойт:

1⃣ Бул нерседе Аллахтын душмандары, Анын пайгамбарларынын душмандары болгон каапырлардын адаттарын тууроо бар. Дал ошолор ушундай идеяларды киргизишти, таралуусун жана бир идеянын таңулануусун каалаган кандай гана иш болбосун, ага ылайык жыл сайын кайталануучу иш-чараларды ойлоп чыгышты. Мисалы, «Балдарды коргоо күнү, Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү күнү, мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин күнү, Энелер күнү, Эгемендүүлүк күнү» ж.б. көптөгөн жаңы ойлоп чыгарылган жана жемеленген иштердин мисалдары, а бирок аларга Аллах эч кандай далил түшүргөн эмес.

Бул нерселер жемеленген бидааттардын түрүнөн, себеби, адамдар белгилүү бир иштерди жасоо үчүн чогулушу, ал нерсе жыл сайын кайталануусуна белгилүү бир күндүн тандалышы, бул күндү бир «айтка» (майрамга) айлантат, анткени “айт” сөзүнүн түпкү мааниси - “кайра келип, кайталануучу нерсени” билдирет.

Туруктуу фатва чыгаруучу комитеттин аалымдары айтышты: “Майрам” сөзү – бул кайталануучу нерсеге иштетилет, же жылына бир жолу, же айына бир жолу, жумасына бир жолу кайталануучу жана ушул сыяктууларды билдирген сөз. Майрам (араб тилинен “айт”) сөзү бир нече нерсени билдирет, мисалы, кайталануучу өзгөчө күн, мисалы, Орозо айт күнү жана Жума күнү; жана да: ушул күндөрү болгон чогулуулар; же бул күндөрү ибадаттан да, адаттан да аткарылган иш-аракеттер”.
📚 “Фатава ал-Лажна ад-Даимада” (1-т, 3/88).

✔️ 10070-суроонун жообун караңыз.

Башка бардык буйруктар же өкүмдөр сыяктуу эле, майрамдар да бир гана Аллах Тааладан, Жаратуу жана буйрук, мыйзамдаштыруу жана өкүмдөр, арам жана адал кылуу Ага таандык болгон Аллах Тааладан гана болот.
Аллах Таала бизге - мусулмандарга - эки гана майрамды, тагыраак айтканда, Орозо айт жана Курбан айтты “майрам” кылып берди, алар жыл сайын кайталанат, жана ар жума “кайталанган майрам” - ал Жума күнү.

2⃣Бул күнү өткөрүлүүчү майрамдар хижаб кийүүдөгү максатка жана жалпы эле Шариаттын мыйзамдарына карама-каршы келген оюн-зооктор жана акылсыздык менен коштолот. Аллах Таала буйруган өкүмдөр жөнүндө сөз болгондо, адамдар корккон, баш ийген абалда, сооп үмүт кылып, Аллахка жакындоону самап, Аллахтын азабынан жана каарынан коркуп, ал өкүмдү аткарууга шашылуусу зарыл.




"Кимде-ким биздин динибизге анда болбогон жаңы нерсе киргизсе, ал кайтарылат (кабыл кылынбайт)".

📎 (Сахих аль-Бухари, 2697; Муслим, 1718).

Сахих Муслимдеги риваятында:

{ من عمل عملاً ليس عليه أمرنا فهو رد }
«Кимде-ким бул динибизде жок иш-аракетти аткарса, анда ал кабыл кылынбайт»


Сахих Муслимдин риваятында Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси ﷺ Жума күнкү хутбасында айтчу:

"Андан соң, сөздөрдүн эң жакшысы - Аллахтын Китеби жана эң туура жол - Мухаммаддын жолу. Жамандыктардын эң жаманы - жаңы ойлоп табылган жаңылыктар, жана ар бир жаңылык - адашуу"


Ошондой эле Ан-Насаи жакшы иснаады менен келтирип жана "Ар бир адашуу Тозокко алып барат" - деген сөз менен кошумчалаган.

"Ас-Сунан"да аль-‘Ирбад ибн Сарийадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат:
"Аллахтын элчиси ﷺ жүрөктөрдү титиретип, көздөргө жаш айланткан эң көркөм хутба кылды. Анда биз ага: «Оо, Аллахтын Элчиси, бул коштошуу хутбаңыз сыяктуудай, бизге насаатыңызды айтыңыз»

, - дедик жана ал бизге мындай насаат айтты:
«Мен силерге такыбалыкты, эгер силерге мейли, кул буйруса да, угууну жана моюн сунууну осуят кылам. Чындыгында, араңардан узак өмүр сүргөндөр көп талаш-тартыштарды көрөт. Андыктан, менин сүннөтүмдү жана менден кийин түз жолдогу Хуляфаи рошидиндер"дин (б.а. туура жолдогу халифтер деп таанылышкан улуу инсандар - Абу Бакр, Умар, Усман, Али) сүннөттөрүн бекем тутунгула, ал нерсеге азуу тиштериңер менен жармашкыла! (Диндеги) жаңылыктардан сак болгула! Чындыгында ар бир жаңылык - бидаат, ар бир бидаат - адашуу".


Бул маанидеги хадистер арбын келген.

📎 ЭМНЕГЕ ПАЙГАМБАР ﷺ БИДААТТАРДАН КАТУУ ЭСКЕРТКЕН?

Аллахтын элчисинин ﷺ сахабаларынан жана оболку такыба муундардан риваят кылынгандай, алар динде, ибадаттарда, Аллах уруксат бербеген нерселерди адал кылууда бидаат кылуудан сактанууну эскертишкен. Аллахтын душмандары болгон жөөттөр менен христиандар өздөрүнүн динине кошкон нерселеринде жана Аллахтын уруксатысыз киргизген бидаатында аларга окшош болуп калуудан сактанууну эскертишкен. Анткени ибадаттарда бидаат киргизген адамдын амалы “Исламда кемчиликтер бар, аны жакшыртуу жана толуктоо керек” дегенине тете, бирок бул чоң адашуу жана жийиркеничтүү иш экени белгилүү. Жана да Аллахтын "Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып бердим" деген сөзүнө карама-каршы келет. Аны менен бирге, Пайгамбар ﷺдын бидааттарды айыптап, үммөтүн аларды жасоодон эскерткен сахих хадистерине каршы келет.

Келтирилген далилдер чын-акыйкатты издеген адамды канааттандырууга жана мындай бидаат – б.а. Исра' жана Мираж кечесин майрамдоо – динде айыпталган, жана мындай майрамдар Ислам динине тиешеси жок экенине ынандырууга жетиштүү деп үмүттөнөбүз.

Аллах Таала мусулмандарга насаат кылуучу болууга, Аллах Тааланын буйруктарын жана тыюуларын жеткирүүнү буйруп жана илимди жашыруудан тыйгандыктан, мусулман бир туугандарымдын көңүлүн бул бидаатка ​​бурууну жакшы көрдүм. (Тилекке каршы) бул бидаат көптөгөн өлкөлөргө жана континенттерге тарагандыктан, динди карманган адамдардын арасында да жайылды.

Аллах Тааладан жалпы мусулмандардын абалын оңдоп, динден түшүнүк берүүсүн, акыйкатты бекем карманууну жана ага карама-каршы келген нерселерди таштоону жеңил кылуусун сурайбыз. Чындыгында, Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Жана Пайгамбарыбызга, анын сахабаларына Аллахтын салам-салаваттары болсун!
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop


https://islamqa.info/ar/60288

🌙 ИСРА' ЖАНА МИРАЖ КЕЧЕСИН МАЙРАМДООНУН ӨКҮМҮ

💬 СУРОО: 60288
Ражаб айынын 27-си Исра' жана Мираж кечеси деп белгилеп, майрамдоонун өкүмү кандай?

📖 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

📎ИСРА' ЖАНА МИРАЖ КЕЧЕСИ - ПАЙГАМБАР ﷺДЫН ЧЫНЧЫЛДЫГЫН ТАСТЫКТАГАН ОКУЯ

Исра' жана Мираж түнү - Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын чынчылдыгын жана Аллахтын алдындагы анын бийик даражасын тастыктаган, Аллахтын эң улуу аяттарынан экендигинде шек жок. Ошондой эле бул окуя Аллахтын эбегейсиз кудуретин жана бардык макулуктардан улуулугун күбөлөндүрөт. Аллах Таала айтты:
«Пендесин түн ичинде Аль-Харам мечитинен Биз айланасын берекеттүү кылган Аль-Аксаа мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал – Угуучу, Көрүүчү!

(Аль-Исра' сүрөсү, 1).

Аллахтын Элчиси ﷺ мутаваттир болуп келген хадистеринде асманга көтөрүлгөнү, жетинчи асманга жеткенче ага алардын эшиктери ачылганын кабарлаган. Аллах Өзү каалаганын ага айтып, бардык момундарга беш маал намаз окууну парз кылган. Эң алгач Аллах Таала 50 маал намаз окууну парз кылып, Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ кайра-кайра кайтып келип жеңилдик сурап, Аллах Таала 5 убак намазды окууну буйруган. Беш убак намаз окуу парз кылынып, бирок сообу элүүгө барабар кылынды, анткени ар бир жакшылык үчүн 10 сооп берилет. Аллахтын бардык жакшылыктарына мактоолор жана шүгүрлөр болсун!

📎ИСРА' ЖАНА МИРАЖ КЕЧЕСИ БЕЛГИЛҮҮ НЕРСЕ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨНҮ ЧЫНБЫ?

Сахих хадистерде Исра' жана Мираж кечеси Ражаб айында же башка айда болгондугу тууралуу эч кандай маалымат эскерилбейт. Хадис аалымдары белгилегендей, бул түндүн белгилүү датасы айтылган хадистер Пайгамбардан ﷺ бекемделген эмес. Бул кеченин так датасы адамдарга белгисиз болгондугунун улуу даанышмандыгы бир гана Аллахка белгилүү.

📎 ИСРА' ЖАНА МИРАЖ КЕЧЕСИН БЕЛГИЛӨӨ ЖАНА ИБАДАТТАР МЕНЕН ӨЗГӨЧӨ КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

А бирок, белгилүү болгон күндө да, мусулмандар аны өзгөчө ибадаттын түрлөрү менен өткөрүп, аны майрамдоо болбойт, анткени
Пайгамбар ﷺ да, анын сахабалары (Аллах алардан ыраазы болсун) да майрамдап, өзгөчө ибадаттар менен өткөрүшкөн эмес!


Эгер бул кечени белгилөө Шариаттан болгонунда, Пайгамбар ﷺ ал тууралуу үммөтүнө же сөзү менен, же амалы менен баяндап берээр эле.
Эгер бул кечени белгилөө же өзгөчөлүгү орун алганда, анда ал тууралуу кабарлар бизге жетмек жана ал тууралуу риваяттар сахабалардан (Аллах ыраазы болсун) келмек. Анткени, сахабалар Пайгамбардан ﷺ мусулман үммөтүнө диндин бир да тармагын калтырбай, бардыгын жеткиришип, жакшылык иштерге башкалардан биринчи шашылып, алдыда болушкан. Эгер бул кечени белгилөө Шариатта бекитилген болгондо, дал ошолор адамдардан биринчи болуп белгилешмек. Пайгамбар ﷺ адамдардан эң ыкластуу инсан болгон, динди эң татыктуу жеткирген жана мойнуна жүктөлгөн аманатты эң сонун өтөгөн. Эгер бул кечени улуктоо жана белгилөө Аллахтын дининен болгондо, ага кайдыгерлик кылып, же жашырып коймок эмес! Мындай эч нерсе орун албагандан соң, аны улуктоо жана белгилөө Исламдан эмес экени белгилүү болот. Чынында, Аллах Таала бул үммөткө динди толук жеткирип, жакшылыктарын түгөл кылып, Аллахтын дининде Анын уруксатысыз бир нерсени Шариаттан кылгандарды жемелеп, айтты:

۞ الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا ۞
«Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай бердим жана силерге Исламдын гана дин болушун кааладым».

(Аль-Ма'ида сүрөсү, 3).

«Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга шарият кылып беришеби?!»

(Аш-Шура сүрөсү, 21).

Пайгамбар ﷺ бидаат (динге жаңылык) киргизүүдөн эскертип, алар адашуу экенин ачык айтканы сахих хадистерде келет. Ошондой эле бидааттарда үммөт үчүн олуттуу коркунуч бар экенин айтып, алардан эскерткен. Алардан: Аишадан (Аллах андан ыраазы болсун) эки сахих китептеринде келген:

{ من أحدث في أمرنا هذا ما ليس منه فهو رد }






КУРАНДЫ ХАТМ КЫЛГАНДАН КИЙИН ОКУЛУУЧУ ДУБА⬇️

Аллахым, мени Куран менен ырайым кыл жана Куранды мен үчүн имам, нур, хидаят, рахмат китеби кылгын!

Аллахым, мага Курандан унуттурулган жерди эскертип, билбеген жеримди билдиргин!

Аллахым, аны эртели-кеч тилават кылууну жана Кыямат күнү Куран менин пайдама күбөлкккө өтүүсүн насип кыл!

Аллахым, менин ишимде коргоочу болгон динимди, ал нерседе менин жашоом болгон дүйнөмдү жана түбөлүктүү бара турган жайым болгон Акыретимди оңдогун. Жашоону мен үчүн бардык жакшылыктарга толтуруп жана өлүмдү бардык зыяндардан ырахат кылып койгун!

Аллахым, эң жакшы өмүрүмдү - акыры, эң жакшы амалымды - мөөрү жана эң жакшы күнүмдү - Өзүңдү жолуктурган күн кылып кой!

Аллахым, Өзүңдөн тынч жашоону, түз (жакшы) өлүмдү жана Кыяматта кор болбогон, күнөөлөрүм ашкере кылынбаган абалда кайтарылууну сураймын!

Аллахым, Өзүңдөн эң жакшы суроону, эң жакшы дубаны, эң жакшы ийгиликти, эң жакшы илимди, эң жакшы амалды, эң жакшы соопту, эң жакшы жашоону жана эң жакшы өлүмдү сураймын! Жана диниңе бекем болууну, мийзан таразамды оор кылууңду, ыйманымды бекем орундатууну, даражамды бийик кылууңду, намазымды кабыл кылууңду, каталарымды кечирүүңдү жана Бейиште улук даражага жеткирүүңдү сураймын!

Аллахым, бардык иштерде акыбетин эң сонун кыл жана бул дүйнөнүн кордугунан, Акыреттин азабынан Өзүң сакта!

Аллахым, Сенин алдыңда күнөө иштен бизди тоскон коркууну, Бейишке жеткирген тоатты (моюн сунууну), бул дүйнөнүн кыйынчылыгын жеңил санаган йакынды сурайбыз!

Аллахым, бизди тирүүлүгүбүздө угуу, көрүү, күч-кубат менен ырахаттандыр жана аларды өлгөнчө биз менен калтыр! Бизге зулум кылгандардан Өзүң өч алгын жана бизге душмандык кылгандардын үстүнөн жеңиш бергин! Биздин динибизге зыян жеткирген кыйынчылык бербегин жана дүйнөнү биздин эң негизги камыбыз кылбагын! Илимибиздин максатын дүйнө болуп калуусунан Өзүң сакта жана бизге ырайым кылбаган адамды үстөм кылба!

Аллахым, бизде күнөө калтырба, аны кечирмейин! Кам калтырба, аны чечмейин! Карыз калтырба, андан кутулмайын. Жана дүйнөнүн жана Акыреттин кандай кажети болбосун, аны калтырба, өтөмөйүн. Оо Ырайымдуулардын Ырайымдуусу!

Раббим, бизге бул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди Тозоктун азабынан Өзүң сакта!
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop




Ошондой эле, канчасы караан көрүп, аны адам деп ойлоп, бирок ал курма бактын сөңгөгү болуп чыгат. Канчасы кыймылсыз турган нерсени кыймылдап жатат деп, ал эми кыймылдаган нерсени кыймылсыз турат деп кабылдашат. Бирок Аллахтын Сөзүндө эч качан жаңылыштык же күмөн болбойт.

Биз Аллахтан өзүбүзгө жана сиздерге бекемдик берүүнү сурайбыз. Аллахтын кабары бул иштер тууралуу көз менен көргөндөн дагы ишенимдүү жана күчтүү. Анткени жашыруунун өзүндө адамдар үчүн улуу пайда жана даанышмандык бар.

❗️ Туурасын Аллах билүүчү!
________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤ https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop


https://islamqa.info/ar/34649 الحكمة من إخفاء عذاب القبر عن البشر - الإسلام سؤال وجواب

📢 КАБЫР АЗАБЫ АДАМДАРДАН ЖАШЫРЫЛГАНЫНЫН ДААНЫШМАНДЫГЫ

СУРОО: 34649
Кабыр азабы — бул жашыруун (кайып) нерселерденби же ачык көрүнгөн нерселерденби? Аны кайып нерселерден болгонунун даанышмандыгы эмнеде?

✔️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Шейх Мухаммад ибн Усаймин (рахимахуллах) айтты:

“Кабыр азабы — бул кайып нерселерден болуп эсептелет. Канчалаган адамдар ошол кабырларда азап чегип жатса да, биз аны сезбейбиз. Ошол эле учурда алардын коңшуларынын ичинен канчасы бейишке эшиги ачылган бактылуу адамдар бар, бирок биз бул тууралуу да билбейбиз. Кабырдын астында эмне болуп жатканын Жалгыз Жаратуучу, бардык жашыруун нерселерди Билүүчү гана билет. Демек, кабыр азабы кайып нерселердин катарына кирет.
Эгерде Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) алып келген вахий болбогондо, биз бул тууралуу эч нерсе билмек эмеспиз.

Бир жолу бир жөөт аял Аиша энебизге (Аллах андан ыраазы болсун) келип, өлгөн адам кабырында азап чегет деп айтканда, ал муну угуп, коркуп кетти. Анан Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи уа саллам) бул тууралуу айтып бергенде, Пайгамбар ﷺ муну тастыктаган. Бирок, Аллах Таала каалаган пенделерине кабырдагы азапты ачып көрсөтүшү мүмкүн. Мисалы, Ал Пайгамбарына ﷺ эки кишинин кабырда азапталып жатканын көрсөтүп берген:
алардын бири ушак тараткандыгы үчүн, экинчиси болсо заарадан сактанбагандыгынан улам (азапка дуушар болгон).


Кабыр азабы жашыруун болгондун даанышмандыгы төмөнкүдөй:

1️⃣ Аллахтын ырайымдуулугу: Аллах – Ырайымдуулардын ырайымдуусу. Эгер биз кабыр азабын көрүп-билип турсак, жашообуз азапка айланмак. Мисалы, эгер адам өзүнүн атасынын, бир тууганынын, уулунун, күйөөсүнүн же жакын адамынын кабырда азапталып жатканын көрүп, аны куткара албай турганын билсе, бул анын жан дүйнөсүн тынчсыздандырып, жашоосун тынчсыздантмак эле. Бул – Аллахтын бизге болгон ырайымы.

2️⃣ Бул каза болгон адам үчүн чоң уят-шермендесинин ачылышы болуп калмак. Эгер Аллах ошол маркумдун күнөөлөрүн жашырып жүрүп, биз анын Раббиси менен болгон ортосундагыдан кабарсыз болуп, анан Аллах анын азабын ачып көрсөтсө, бул адам үчүн чоң шермендеген айланмак. Демек, маркумдун күнөөлөрүн жашыруусу — Аллахтын ага болгон ырайымдуулугу.

3️⃣ Бул адамдар үчүн өлгөн адамды көмүүнү оорлотмок. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткандай:

لولا ألا تدافنوا لسألت الله أن يسمعكم من عذاب القبر

“Эгерде силер бири-бириңерди көмбөгөнүңөрдө, анда мен кабырдагы азапты угушуңарды Аллахтан сурайт болчумун”.

🧠 (Муслим, 2868)

Бул хадисте келгендей, өлгөн адамды көмүү оор-кыйынчылык жаратып, адамдар бул (көмүү) адаттан баш тартып коюшмак. Бирок, кабыр азабына татыктуу болгон адам көмүлбөй калган күндө да, жердин бетинде болсо да, ал азапка дуушар боло берет. Бирок адамдар көмүлгөндө гана кабыр азабы болот деп жаңылыш ойлоп, бири-бирин көмбөй коюшмак.

4️⃣ Эгер кабыр азабы ачык көрүнүп турса, ага ишенүүнүн артыкчылыгы болбой калмак. Себеби ал ачык көрүнүп, аны жокко чыгаруу мүмкүн эмес болмок. Мындан тышкары, бул адамдарды толугу менен ишенимге мажбурлап коёт эле. Аллах Таала айткандай:

فلما رأوا بأسنا قالوا آمنا بالله وحده
“Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллахтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик!» деп калышты”.

(Гафир, 84-аят).

Эгер адамдар кабырдагы көмүлгөндөрдү көрүп, алардын кыйкырыктарын угушса, баары толук ишенип, эч бири каапыр болбойт эле. Себеби алар азапты өз көздөрү менен көрүп, өзүлөрү көмүлгөндөй, анын чын экенине толук ынанышмак.

Аллах Тааланын даанышмандуулугу улук жана чексиз. Чыныгы ыймандуу адам — бул өз көзү менен көргөнүнө караганда дагы Аллахтын кабарына бекем ишенген адам. Себеби Аллахтын кабарына эч качан күмөн же жалган кирбей турганы анык! Ал эми көзүң менен көргөн нерсеңде жаңылышуу болушу мүмкүн. Канчалаган адамдар жаңырган айды көрдүм деп күбөлүк берип, бирок ал жылдыз болуп чыккан. Канчалаган адамдар жаңырган айды көрдүм деп күбөлүк берип, бирок ал кашындагы ак чач болуп чыккан. Бул көргөнү иллюзия гана.









Показано 20 последних публикаций.