ИСЛАМ ТААНУУ


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Религия


📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




📜Сабактын темасы:

Мусулманга сен каапырсың деп акысыз өкүм берүүнүн коркунучтуулугу

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!




📜Сабактын темасы:

Сүннөттүн негиздери китебинен: Имам Ахмад тууралу кыскача маалымат

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Кыш мезгили такыба момундун сезону

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Ибн-Коййим (Аллах аны ырайымына алсын) айтат:

  "Аллахтын дүйнөдөгү эң катуу жазасы Өзүн эскерүүдөн сенин тилиңди тыйып коюусу".

Аллах кулун өзүн эскерүүдөн тосуп коюусуна  кулун шайтан менен өзүнүн нафсысына таштап коюусу эле жеткиликтүү

Буга далил:

"Шайтан аларга үстөмдүк кылып Аллахты эстөөнү унуттурду".
(Мужадала сүрөөсү 19-аят)

Хадисте: "Оо, Аллахым мени өзүмдүн нафсиме көз ирмөөчүлүк убакытка да таштабагын" деген.

Шайтан адам баласына эң биринчи түйө турган түйүнү тилине болот, себеби адам тили менен дуба кылып Аллахтан жардам сурагандыктан шайтан Аллахты эскертпей алаксытуу  үчүн бар күчүн жумшайт.
Ал эми адамдын нафсысы бузулган болсо шайтандын эң негизги желдетине айланып раббысын эскерүдөн ж.б көптөгөн ибадаттан тосот.

Ошондуктан хадисте Аллахтын элчиси ﷺ :
"Оо, Аллахым өзүңдү эскерүүгө, шүгүр айтууга жана көркөм ибадат кылууга жардам бергиниң" - деп дайыма дуба кылып жүргөн.

Башка хадисте:
" Тилиң Аллахты эскерүү менен дайыма нымдашып турсун "- деген.


👉 t.me/islamtaanuu


Базарга же соода борборлорго киргенде айтылуучу дуба


Умар ибн Хаттабдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Кимде-ким базарга кирип ушул дубаны айтса - ага миллион жакшылык жазылып, миллион жамандыгын өчүрүлүп, миллион даражасы көтөрүлөт."

Башка риваятта:
   
"Бейиште ага үй курулат"- деп айткан.

📚Тирмизи 3428, Ибн Мажах 2235
Албани хасан деген.



لَا إِلَهَ إِلَّا اللُه وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَهُوَ حَيٌّ لَا يَمُوتُ، بِيَدِهِ الْخَيْرُ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ


Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шариика-лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, йухйи уа йумийту уа хууа хаййун лаа ямууту, биядихил-хойру уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир


Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок. Бардык башкаруу жана мактоо Ага гана таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт, Ал ар дайым тирүү, эч качан өлбөйт. Баардык жакшылык Анын гана колунда жана Ал баардык нерсеге кудуреттүү.

rel='nofollow'>👉t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


Эгерде Куран менен Сүннөттү бурмалабай туура түшүнүп жана ибадатта жаңылык киргизбей сүннөтүнө бекем боло турган болсок - Куран менен Сүннөт алгачкы муундун акыйдасын, ибадатын жана кулк мүнөзүн кандай оңдогон болсо, бизди дагы дал ошондой оңдойт.

👉 t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


Мааниси:

Оо, Аллахым! Мен Сенин ыраазылыгың менен ачууңдан, кечиримиң менен жазалооңдон жана Өзүңдүн азабыңдан  Өзүңдөн коргоо сураймын! Сен өзүңө чексиз көркөм мактоо айтканың сыяктуу мен Сага чексиз мактоо айта албаймын.



Үчүнчү дуба:

اللَّهُمَّ إِنَّا نَسْتَعينُكَ وَ نَسْتَغْفِرُكَ وَنَسْتَهْدِيكَ، وَنُؤْمِنُ بكَ وَنتَوَكَّلُ عَلَيْكَ، وَنُثْنِي عَلَيْكَ الْخَيْرَ كُلَّهُ، وَنَشْكُرُكَ وَلا نَكْفُرُكَ، وَنَخْلَعُ وَنَتْرُكُ مَنْ يَفْجُرُكَ. اللَّهُمَّ إِيَّاكَ نَعْبُدُ، وَلَكَ نُصَلِّي وَنَسْجُدُ، وَإِلَيْكَ نَسْعَى وَنَحْفِدُ، نَرْجُو رَحْمَتَكَ، وَنَخْشَى عَذَابَكَ، إِنَّ عَذَابَكَ الْجِدَّ بِالْكُفَّارِ مُلْحِقٌ.



Аллахумма инна наста'ийнука уа настагфирука уа настахдийка уа ну-мину бика уа натауаккалу 'алайка уа нусни 'алайкал-койро куллаху уа нашкурука уа лаа накфурука уа нахла'у уа натруку ман йафжурука, аллахумма иййака на'буду уа лака нусолли уа насжуду уа илайка нас'аа уа нахфиду наржуу рохматака уа нахшаа 'азаабака инна 'азаабакал-жидда бил-куффари мулхик


Мааниси:

Оо, Аллахым! Биз Өзүңдөн жардам сурайбыз, кечирим тилейбиз жана туура жолуңа баштооңду сурайбыз.
Биз Өзүңдүн жалгыздыгыңа ыйман келтирип, Сага гана тобокел кылып, Өзүңө ылайык болгон баардык  мактоолорду айтып, берген нээматтарыңа шүгүр кылабыз жана Сага моюн сунуп, сенден баш тарткандан кол үзүп, аларды таштайбыз.

Оо, Аллахым! Биз сенин жалгыз өзүңө гана сыйынып, намаз окуп, өзүңө сажда кылабыз жана өзүңө жакындата турган ибадаттарга  умтулуп ырайым, мээримиңден үмүт кылып азабыңан коркобуз, чындыгында сенин азабың ыймансыздарга болоору акыйкат.

Ушул дубаларды жаттап айтып жүрүү жакшы, ал эми баарын жаттай албай турган болсо - биринчи дубаны эле айтып жүрсө да болот.

🖌 Талас Артыкбаев

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Витр намазында айтылуучу кунут дубасы


Кунут дубасын витир намазында окуунун өкүмү сүннөт.

Буга далил:

Хасан ибн Али (Аллах андан раазы болсун)айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ  мага ушундай бир сөздөрдү үйрөттү, мен ал дубаны витр намазында айтамын".

Абу Дауд 1425, Тирмизи 464, Насаий 1745
Шейх Албани, Арнаут сахих дешкен.


Кунут дубасын дайыма айтуу сүннөтбү?


Илим ээлери айтышат:
Кунут дубасын витир намазында кээде айтып кээде айтбоо сүннөт себеби ушул маселеде  Аиша энебизден, Убайдан жана Абдуллах ибн Аббастан келген хадистердин баарын жыйнап карай турган болсок Аллахтын Элчиси  ﷺ  кунут дубасын кээде  окуп кээде окубаганын түшүнөбүз эгерде дайыма окуганда бул нерсе сахабаларга белгилүү болуп аны бизге жеткиришмек деп айтышкан.



Кунут дубасы кайсыл жерде айтылат?

Кунут дубасын витир намазынын эң акыркы рекетинин рукусунан кийин айтуу сүннөт, бирок рукунун алдында айтса да уруксат.

Буга далил:
Абдурахман ибн Абдул-Коори (Аллах аны өз ырайымына алсын) айтат:
"Аллахтын Элчисинин ﷺ сахабалары витир намазында рукудан кийин кунут дубасын айтышып андан кийин сажда кылышат эле."

📚 Хузайма 1100.
Албани сахих деген.

Абу Рофи' (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Мен Умар ибн Хаттаб менен витр намазын окуганымда кунут дубасын рукудан кийин кылганын көрдүм."

📚 Мусаннаф  4980.
Байхакий сахих деген.

'Аууам ибн Хамза (Аллах аны өз ырайымына алсын) айтат:
"Мен Абу Усмандан кунут дубасы кайсыл жерде айтыларын сураганымда ал мага Абу Бакир, Умар ибн Хаттаб жана Осман ибн Аффан рукудан кийин айтышат эле деп жооп берди."

📚 Ибн Аби Шайба (2/312)
Албани хасан деген.

Ал эми рукудан кийин да айтса уруксат экенине далил:

Анас ибн Малик (Аллах андан раазы болсун) айтат: "Биз кунут дубасын рукунун алдында да жана рукудан кийин да айтчу элек."

📚 Ибн Мажах 1183.



Кунут дубсын айтууда эки кол көтөрүлөбү же жокпу?


Ибн Мунзир (рохимахуллоху) айтат:
"Умар ибн Хаттаб, Абдуллах ибн Мас'уд жана Абдуллах ибн Аббас, кунут дубасын айтканда колдорун көтөргөн абалда айткандары тууралуу сахих асарлар келген."

📚 Ал-Ишроф (2/273).

Шейх Усеймин рохимахуллох айтат:
"Аллахтын элчиси мусулмандарга кыйынчылык жеткен учурларда окуган  намаздарда дуба кылганда колун көтөрүп дуба кылганы жана Умардын витр намазында колун көтөргөнү тууралуу асарлар жеткен ошондуктан имамга, имамга уйуган адамга жана жалгыз окуган мусулман үчүн кунут дубасын айтууда эки колун көтөрүү сүннөт."

📚 Мажмуу' ал-фатаауа (14/136).

Кунут дубалары

Биринчи дуба:

اللَّهُمَّ اهْدِنِي فِيمَنْ هَدَيْتَ، وَعَافِنِي فِيمَنْ عَافَيْتَ، وَتَوَلَّنِي فِيمَنْ تَوَلَّيْتَ، وَبَارِكْ لِي فِيمَا أَعْطَيْتَ، وَقِنِي شَرَّ مَا قَضَيْتَ، إِنَّكَ تَقْضِي وَلَا يُقْضَى عَلَيْكَ، وَإِنَّهُ لَا يَذِلُّ مَنْ وَالَيْتَ، وَلَا يَعِزُّ مَنْ عَادَيْتَ، تَبَارَكْتَ رَبَّنَا وَتَعَالَيْتَ


Аллахумма-хдинии фийман хадайта, уа‘аафинии фийман‘аафайта, уа тауаллани фийман тауаллайта, уа баарик-лии фийма а'тойта, уа кинии шарро маа кодайта, иннака такди уа лаа йукдоо  'алайка, уа иннаху лаа йазиллу ман уаалайта, уа лаа йа'иззу ман  'аадайта, табаарокта Раббана уа та'аалайта.

Мааниси:

Оо Аллахым, мени туура жолго баштап хидаят берген кулдарыңан кылгын!

Мага саламатык берип, баардык оорулардан саламатта болгон кулдарыңан кылгын!

Мени Өзүңө жыкын кул тутуп, Өзүң сактап, колдоп, башкарган кулдарыңан кылгын!

Мага Өзүң берген нээматтарыңа береке бергин! Жазылган жаман тагдырдан сакта!
Сен кулдарыңа Өзүң (каалагандай) өкүм кыласың, сенин үстүңөн эч ким өкүм жүргүзө албайт.

Сен кимди Өзүңө жакын тутсаң - ал эч качан кор болбойт. Сен кимди душман тутсаң - ал эч качан ызаттуу болбойт. Оо Роббим, Сен өтө көп жакшылык, береке ээси жана бийик болгон улук затсың



Экинчи дуба


اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ ، وَبِمُعَافَاتِكَ مِنْ عُقُوبَتِكَ ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ ، لَا أُحْصِي ثَنَاءً عَلَيْكَ ، أَنْتَ كَمَا أَثْنَيْتَ عَلَى نَفْسِكَ .

Аллахумма инни а'уузу би-ридоока мин сахотика уа би-му'аафатика мин 'укуубатика уа а'уузу бика минка лаа уксии санаа-ан 'алайка анта кама аснайта 'алаа нафсика


📜Сабактын темасы:

Бейиштеги кур кыздардын сыпаттары кандай?

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Азандан кийин айтылуучу дуба



Жабир ибн Абдуллахтан (Аллах андан раазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Кимде ким азандын чакырыгын укканда ушул (төмөнкү) дубаны айтса - Кыямат күнү ага менин шапаатым болот.""

📚Бухари 614



اللَّهُمَّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلَاةِ الْقَائِمَةِ، آتِ مُحَمَّدًا الْوَسِيلَةَ وَالْفَضِيلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُودًا الَّذِي وَعَدْتَهُ،


Аллахумма Робба хаазихид-да'уатит-таамма, уассолаатил-кооима, аати Мухаммадан ал-уасийлата уал-фадийлата уаб'асху макоомам махмууданил-лазии уа'адтаху.


Мааниси:

Оо, Аллахым ушул кемчиликсиз толук болгон азан чакырыктын жана дайыма тургузулуп окулуучу намаздын Эгеси! Пайгамбарыбыз Мухаммадка бейиштен эң бийик орунду жана бардык кулдарыңдан артык болгон даражаны бергин жана өзүң убада кылган мактала турган орунду ага насип кылгын!



Азанды укканда айтылуучу экинчи дуба:

Са'д ибн аби Уаккостон риваят: "Аллахтын Элчиси айтты:
"Кимде ким Азанчыны укканда ушул (төмөнкү) дубаны айтса анын күнөөсү кечирилет" 

📚Муслим 386




أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا الله وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، رَضِيتُ بِاللَّهِ رَبًّا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا



Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок жана Мухаммад анын кулу жана Элчиси жана Аллах менин Раббым, Мухаммад Пайгаммбарым жана Ислам диним экенине ыраазымын.


Кээ бир алымдар ушул азандын экинчи дубасы азан бүткөндөн кийин айтылат деп айтышса, башка бир топ аалымдар: азанчы "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллох уа Ашхаду анна мухаммадур росулуллох" деп айткандан кийин Аллахтын жалгыздыгына мен да күбөлүк берем деп айтылат деп айтышкан. Шейх ибн Бааз менен Усеймин ушул экинчи пикирди туура деп көрүшөт.



Азанчынын чакырыгына кантип жооп берүү керек?

Абдуллох ибн Амрдан риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Эгерде  азанчынын чакырганын уксаңар ага дал өзүндөй кылып жооп кайтаргыла!""

Башка хадисте:

Омар ибн Хоттобтон риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Эгерде Азанчы: Аллоху Акбар, Аллоху Акбар деп айтса силердин бирөөңөр: Аллоху Акбар, Аллоху Акбар десе кийин Азанчы: Ашхаду ал-лаа илааха иллаллох деп айтса - Ашхаду ал-лаа илааха иллаллох десе, кийин азанчы: Ашхаду анна мухаммадур-росулуллох деп айтса - Ашхаду анна мухаммадур-росулуллох, десе кийин: Хаййа 'алассола деп айтса - лаа хаула уа лаа кууата илла биллах десе, кийин: Хаййа 'алал-фалах деп айтса - лаа хаула уа лаа кууата илла биллах десе кийин: Аллоху Акбар, Аллаху  Акбар деп айтса Аллоху Акбар, Аллаху  Акбар десе кийин: Лаа илааха иллаллох деп айтса - Лаа илааха иллаллох деп, ушуларды чын жүрөктөн кайталап айтса ал бейишке кирет.""

📚Бухари 385


Азанчы таң намазында Ас-солаату хойрун минан-наум деп эки жолу айтканда ага эмне деп жооп кайтаруу керек?

Кээ бир Маликий аалымдары жана башка илим ээлери "Содокта уа барорта" деп айтылат деп айтышса, кээ бирлери "ас-солаату хойрун минан-наум" менен кошо "содокта уа барорта" деп айтылат деп айтышкан. Ал эми башка мазхаб ээлери жана кийинки залкар илим ээлеринен ибн Бааз менен Усеймин ж.б аалымдар содокта уа барорта деп же экөөн кошуп айтууга эч кандай сахих далил келбеген, хадисте азанчыга дал өзү айткандай жооп бергиле делгендиктен - жөн гана "ас-солаату хойрун минан-наум" деп эки жолу жооп кайтарылат деп айтышкан.

🖌 Талас Артыкбаев

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Бейиште момундар үчүн даярдалган нээматтар кандай?

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Үч негиз китебинен болгон суроо-жооптор

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он бешинчи сабагы

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он төртүнчү сабагы

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📜Сабактын темасы:

Исламда аялдар жүздөрүн жабуу барбы?

👉 t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он үчүнчү сабагы: Аллахтын Элчисинин миражга көтөрүлүп намаздын парыз болушу тууралуу

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Үч негиздин он экинчи сабагы: Аллахтын Элчисинин ата-теги, жубайлары жана балдары тууралуу

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Төртүнчү

Аллахты зикир кылып жатуу


Али ибн Аби Толиб риваят кылган хадисте Аллахтын Элчисинин кызы Фатима Алиге жардам берип үйүндө жаргылчак тарткандыктан колу чор болуп жардамчы сурап Аллахтын Элчисине келет, атасын үйүнөн таппай, кийин Аллахтын Элчиси кызынын келгенин угат да Алинин үйүнө барып Али менен Фатима кызына мындай деп айтат:
- Силер сураган кызматчыдан да жакшыраак нерсе үйрөтөйүнбү? Силер төшөкө жатардын алдында отуз үч жолу Субханаллах, отуз үч жолу Алхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп зикир кылып жатууңар - силер сураган кызматчыдан да жакшыраак",-деп айтат.

📚Бухари 5362

Аалымдар: Кимде ким бул зикирди жатарда дайыма айтып жүрчү болсо - ал адам чарчоого чалдыкпайт деп айтышкан


Бешинчи

Даарат алып оң каптал менен жатуу

Баро ибн Азибтен риваят, Аллахтын Элчиси:
"Эгерде уктоону кааласаң намазга даарат алганыңдай даарат алып андан соң оң капталың менен жаткын"-, деди

📚Бухари 247


Көмкөрүсүнөн жатса болобу?


Абу Хурайра риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси көмкөрөсүнөн жаткан бир адамды көрүп, ага:
- Оо баланча мындай жатууну Аллах жакшы көрбөйт"-, деди.

📚Тирмизи 2768
Албани
Ахмад Шакир сахих дешкен



Абу Зар риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси мени мечитте көмкөрөмдөн уктап жатканымды көрүп, Оо Абу Зар, бул жатыш тозок ээлеринин жатышы деп айтты"

📚Ибн Мажах 3724
Албани сахих деген


Алтынчы

Дубасын айтуу


Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси жатуу үчүн төшөгүнө барганда "Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа"",- деп айтаар эле.

📚Бухари 6312


اللَّهُمَّ بِاسْمِكَ أَمُوتُ وَأَحْيَا


Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа

Оо Аллахым, өзүңдүн атың менен уктап, өзүңдүн атың менен ойгономун


Уйкудан ойгонгондо айтылуучу дуба

Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси уйкудан ойгонсо "Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур",- деп айтаар эле.

📚Бухари 6314


الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانَا بَعْدَمَا أَمَاتَنَا وَإِلَيْهِ النُّشُورُ

Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур


Бизди уктаткандан кийин кайра (рухубузду кайтарып) ойготкон Аллахка мактоолор болсун ырасында биз ага кайтабыз


🖌 Талас Артыкбаев

👉 t.me/islamtaanuu

Макаланы башкалар менен бөлүшүп, жакшылыкка себепчи болуп калыңыз

Показано 20 последних публикаций.