Өзүмдү издейм


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Өзүңдү сүй жана өзүңдү изде.Ошондо сенде баары болот. КАНАЛДА өзүмө таандык ой түрмөктөрүм, макалалар менен сүйлөшө аласыз! Терең маанилүү бир сүйлөм сизге таасирин тийгизер.!
Жеке маалымат @aibarchyn_emilbek

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Кызмдын кылгына, сүйлөп,кобураган коңур үнүнө суктанып бүтө албай жүрөм.

Мага жиберилген эбегейсиз бакытым ушул чыгар. ШҮГҮР🐣


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Үмүтүм үзүлгөндөй болгону менен кайра эле өзүм жармашып улап алып жатам. Анткени бул үмүтүм адамга эмес Аллахга гана таандык.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Башталган ишти аягына чыкпагандыктан адамдар көп өкүнүп аттиң дешет экен.

21-күн китеп окуу челенджине катышып жатып акырында аз гана катышуучу калганынан түшүнгөнүм ушул болду. Китеп окууну эле эмес дээрлик башталган жаңы жумуш,пайдалуу адатты аягына чыкпай ,жыйынтыгын көрө албай кайра башка ишмердүүлүккө секире берет экенбиз. Мисалы мен өзүм канча курс окуп бирок ,туруктуулуктун жоктугунан майнап чыгара албай бармагымды бир канча ирээт тиштедим да.
Өкүнүчтүүсү сабак алмай кайда кайра эле ошол көрүнүш.

✍ өз эркиңди тапка салууга болобу ?


Мен аябай ойчул адамдардын катарын толуктайм. Бир нерсеге болгон жоромолдорум да укмуш эле болуп кетет😌 кээде өзүм да таң калам. Анан бирок, түшүнгөнүм качан сенин ойлоруң оңоло баштап,реалдуулукка жакындаганда жашооң да жеңилдеп түзүлө баштайт экен. Күн сайын өзүңдүн үстүңөн иште деген -бул ойлоруңду ирээтте дегени эле окшойт.

✍ Ой бул кээде душман ,кээде дос.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Согу сыгылган лимонго окшоп жүрөм акыркы күндөрү. Комфорт зонадан чыгуу, барьерлерди бузуу, горизонтторду кеңейтүү өзүнчө эле түйшүк турбайбы🤯🙄. 3 -жыл үйдө камалып жатып өзүмдү бул дүйнөнүн чындыгынан бөтөнчө таптап алыптырмын. Азыр мен үчүн баары кыйын, баары кол жеткис сезилүүдө.

✍: мен өзүмдү издеймь


Мотивациям жок ,энергиясыз алсыз болуп калдым деп отурганыбызга көп болду го. Балким бизге мотивация эмес муктаждык керек болуп жаткандыр. Муктаж болгон адам ордунан турат да колунан келгенин жасайт эмеспи.

✍: азыркы калыбыңыз жагабы?


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кандай жагдай болбосун өзүңдү тандап , өзүңдүн каалоолоруң менен эсептешкенден коркпо . Кезеги келгенде туура кылыпмын дейсиң.

✍: өзүн ойлогондук өзүмчүлдүк эмес, анткени сенде сен эле барсың!


Маркеттеги жумушум уланууда💸.


Үч жыл үйдө отуруп эртеден кечке жаным тынбай иш кылсам да "ҮЙДӨ БЕКЕР ЖАТАТ"🦦 аталгандан көрө жумуштан чарчап келди делген жакшы экен. Коомдо аял затына өзгөчө аяр мамиле болбогондуктан ар ким өз ал-күчү менен өзүн коргогону тырышып келүүдөбүз да🫂болбосо, үйдүн иши бүтпөс , акысы төлөнбөс балакет экенин баарыбыз билебиз.

✍:Арманым жумуш болуп калды го🙊


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Сен жашоого менин көзүм менен карабадың ! Өзүңдүн принциптериң менен жашап алдың! Чыдап турсаң баары сонун болмок деп 🦦диванда жатып алып сөздүн атасын тааныткандар арабызда арбын. Бирок, ар кимдин көз карашы ар башка аны мажбурлап , чынжырлап байлап өздүк кыла албаган эркин куш. Сүйүүгө, мамилеге анын көзү менен карай калып канчабыз реалдуулукка келгенде чайналып, тебеленип жашоонун тепкисине калдык го .Айтаарым ар дайым өзүңдүн жеке оюң болсунчу ардагым🫂

✍: Өзүңдүн оюң барда сен тирүүсүң!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Сонунда сүйгөн

Эки жаздык, эки табак, эки щётка дайыма ажырашпай түгөл болгон махабат жашасынчы. Кармашкан колдор күндөр өтө бөтөндөп бөлүнбөстөн, бекем кармалсынчы. Сүйүлгөн болсоңуз сиз да сүйүү арнаңызчы , аябаңыз, сезимиңиз менен анын жашоосун байырлаңыз.

✍бүгүн сүйүү жөнүндө жазгым келди окурман окуп коюңуз💌


Биз ушундайбыз, менин болгонум ушул, ушундай кабыл ал деп өзүбүздү өзүбүз жакшыртпай туруп бөтөндөргө таңуулай бербейличи. Сен өзүңдү өзгөртүүдөн качып жатсаң башка бирөө сен үчүн өзгөрүп,өзүнүн талабын,каалоосун өзгөртүүсү керекпи? Биз ушундай эмеспиз. Күн сайын жаңыланып өзүбүздү оңдосок болот.

✍ (эгер өзүңүздөн кемчилик табып ,бирок аны катып беттеше албай жатсаңыз)


Жакшы нерсени үмүттөнүп ошого аракет жасоо да өзүнчө жетишкендик. Мүмкүн эмес деп башкалар айтканы менен ал сен үчүн мүмкүн эле болчу нерседир. Кадам таштап,аракетиңди жасап көрбөй эч нерседен баш тартпа.

✍сага буйрук болгондур


Дүкөндө жолдошума жардам берип бекер иштеп жатып эмнени түшүндүм.

Ар бир аткарылган иш-аракет,убакыт,мээнет бири калбай төлөнүшү керек экенин.


Уландысы

Ошентип клубникам бышып гүлдөр гүлдөп баштаганда жолдошум жардам бер деп 2чи маркетке жумушка чыгуумду суранды. Албетте үй бүлөөлүк бизнес болгондуктан баш тарткан жокмун. Ансыз да декрет улма-улам узарып кете бергендиктен эргүүнү токтотуп иштеп баштайын деп жүргөм. Ошентип эрте туруу,жумуш,кызым,үй жумуштары болуп бакчам каралбай чөп басып,суугарылбай кетти👨‍🌾🫤


Эмгектин үзүрү.

Жолдошумдун "кыйналасың гүл,кулпунайыңды өстүргөндү токтотчу "деп күндө айтканына карабастан ага көрүнбөй, көңүл буруп караган кулпунайларым минтип сүйүнтүп жатат. Кызым таң эрте тура калып эле жейм деп жөнөйт. Кызымдын жеп анан кубанып жатканын көрүп мен бактылуу.

✍: кеткен эмгек кайтып келет


Эки тоонун ортосунда шаарга карай жол тартып келе жатып өзүнчө эле терапия души болосуң го😌 дидарың ойгонуп ,жүлүнүңдөн жел өтүп, көздөрүң кооздукка машырланып калаадагы узак, супсак жашоодо күн кечирип жүргөнүңдү түшүнөсүң.

✍ байма-бай тоо тарапка чыгып тоолор менен кучакташып тургула.


Айылдасыңбы🏡шаардасыңбы🏢 айырмасы жок, сен өзүңдү ошол бойдон көтөрүп жүрөсүң. Сендеги калыптанган кылык-жооруктар,адаттар,сапаттар сени мүнөздөп көрсөтүп турат.
Адам ар дайым өзүнүн үстүнөн иштеп ,кемчиликтери менен беттешип, моюнуна алып ары карай өзгөрүүлөргө жол бериш керек.

✍ ойлонуп көр


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


09.05.24
Салам окурман досторум🦦
Кызым экөөбүз айылда журуп убакыт кенен сезилип, каналыма баш багып карабай кеттим. Ошентсе да көөдөн толтура эмоция, элес, шыктануу менен эртең калаага кайтам.Айылымды сагынганымды сездим🐣

🤝саламатта жаны посторду күтүп турнула

Показано 20 последних публикаций.

1 114

подписчиков
Статистика канала
Популярное в канале