Жүрөкчөм❤️


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


• Куш келиңиз! 🤗
• Жүрөк сырлары ❤️
• Өз ээсине айтылбаган сөздөр 🍃
• Катталыңыз 🕊
Суроолор боюнча: @aizaaidaralieva

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций




Мы видим прекрасное, когда прекрасное в нас самих


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Күз деген кайгыруунун кези белең?


P.S: Автору белгисиз


Кайсыл жактан болосуз?
Опрос
  •   Бишкек, Чүй
  •   Ош
  •   Талас
  •   Нарын
  •   Баткен
  •   Жалал-Абад
  •   Ысык-Көл
72 голосов


Канча жаштасыз?
Опрос
  •   10-18
  •   19-25
  •   26-35
  •   36-45
  •   Башка
61 голосов


Кутман кеч! Кандайсыздар?

Сиздер менен жакындан таанышкым келип жатат.

Бул үчүн азыр атайын опрос түзөм, жооп берип өтсөңүз кубанычта болом 🥰🤗


„Эчтен көрө кеч” - дейт эмеспи, элибизде☺️
Дал ушул нерсени карманып, көптөн бери окугум келип жүргөн, ары кызыктуу, ары пайдалуу „Соңку дем” китебин окуп баштадым.
Аябай кызыктуу экен.

Эгерде сиздерге кызык болсо, мазмунун, андагы негизги окуяларды айтып бере алам?

Ал эми кызык экенин билдирүү үчүн, комментарий же реакция калтырсаңыз жетиштүү😉❤️


Абийирдүүлүк - жакшы нерсе, ал эми анын аялзатында болгону андан да жакшы.

#Дейлеми

„Соңку дем” китебинен


Сен сыйлаган адамга эмес, сени сыйлаган адамга жакшы мамиле кыл!

#aiz


Негизи мен бул каналды күндөлүгүм катары алып барам жана көп катталуучунун деле кереги жок🤍

Эгер сиздерге кызыгы жок болсо, чыгып кете берсеңиздер болот 🤗

Ал эми калгандар менен жакындан таанышкым келет🥰


Бүгүн атам ооруп калды…💔

Машинасы бар, аптекада иштеген жана үйү жакын жайгашкан бир тууган инисине чалды.

- Машинаң менен келип больницага алып барып койчу. Алым кетип жатат, кыйналып баса албай жатам.
- Эмне болду? Азыр бир жакта жүрөт элем.
- Аа макул.

Аны угуп турган мен: Ушунчалык ал адамдан көңүлүм калды, бул биринчи жолу эмес. Буга чейин да өтө кыйналып жатканда шашпай, кечигип келген болчу💔
Аллахым балким ушундай адамдар менен бизди „Эч кимге жалдыраба! Эч кимден жардам сураба!” деп жаткандыр.

Мындан ары мындай адамдардан жардам суратпаса экен… 🥺


Азирети Абу Бакирдин алтын сөздөрү:

• Адамдын арман кылып, кайгыга чөгүшү - ач көздүгүнөн.

• Аз сүйлө, анткени пайдалуу болгону сенден угулуп, толук түшүнүктүү болгону.

• Аллага болгон таза сүйүүнүн даамын таткан адам - дүнүйөдөн баш тартат.

• Арамдан баш тартуу - адалды талап кылуудан дагы жакшы.

• Башкаларды суракка алуудан мурун, өзүңдү суракка ал!

• Бул дүйнө - момундун базары, күнү менен түнү - казынасы, жакшы амалдары - соодагерчиликтеги мал-мүлкү, бейиш - пайдасы, тозок болсо - зыяны.

• Жүрөктүн мөмөсү - саалих, ыймандуу бала.

• Ким кемчилигинен улам напсисине ачууланса, ал Алланын каарына калбайт.

• Өзүңө кабыр эмес, өзүңдү кабырга даярда.

• Пайдасыз иштер - шайтандын акылсыз адамдардын жүрөгүнөн алган салыгы.

• Сырды сактоо үчүн өзүңдүн жүрөгүң башкалардын жүрөгүнөн да кенен.

• Сырың сенин тамырыңдага каның, аны агызып алба.




Адамдар Абу Бакирди (Алла ага ыраазы болсун) мактаганда анын айткан дубасы:

- Оо, Жараткан Эгем, сен мени менден да жакшы билесиң, мен да өзүмдү башкаларга караганда жакшы билем. Оо ааламдардын Жаратуучусу! Эл ойлогон, айткан жакшылыктарды жана касиеттерди мага насип эт. Адамдар билбеген күнөөлөрүмдү кечир. Алар айткан жакшы сыпаттардан улам өзүмдү жактыруудан, бой көтөрүү сыяктуу коркунучтардан мени сакта!






Түш. Ушул түштүн бар болгонуна сүйүнөм да.

Комуз чертем. Айыл өкмөттүн башчысы болуп иштеген, көп сүйлөбөгөн абам бар.
Бүгүн кайда экенин билбейм, иши кылса бир тоого башка окуучулар менен бармак экенбиз. Бул жүрүшкө мени ошол абам чакырып, ошол кабардар кылат экен. Болгондо да: „Сен барбасаң уят!” - деген сөздөр менен😁
Түшкү саат 12ге чогулушубуз керек эле. Мен болсо 11:39 да даярданып баштайт экенмин. Ары чуркап, берип чуркап жүрсөм, кийимдеримдин баары суу деп койгула 🥺🥲.
Кечигип жатам, эмне кылышты ойлой бергиле эми🤔.
Эмне кылсам?
Сиңдимдин кийимдерин алдым да чуркап жөнөдүм. Жолдо баягы мени чакырган абамдын машинасы бузулуп калган экен, оңдоп жатыптыр.
Башкаларды салып жибердим, мен барбайм десе болобу 🤪, абам кете элек экен деп жыргап отурсам 😅.

Жолго чыксам агайым да кете элек экен. Шашылып өйдө жөө басып кетип жатат. Мени карап, токтобой өйдө өтүп кетти. Артынан бардым, барсам мага окшоп кечиккен окуучулар окшойт 5-6 окуучу бар экен. Алардан башка да башка өлкөдөн келген артисттер бар экен.
Жакшы эле олтурганбыз, анан эмне болгонун билбейм, барбай калдык баарыбыз 🥲🥲

Билбейм, кандай түш бул?


Арсыз бар сүйөмүн деп айта турган,
Таң калам карап туруп мен ушуган.
„Сүйөм” деп сүйгөндөрдү шылдың кылат,
Неге айтып чын сүйүүгө арзыбаган.


#АлыкулОсмонов


Атасынан баласын, мурун алган дүнүйө…

19.06.2022


Кечээ Сары-Челекке барып келгенбиз. Аябай кызыктуу окуялар болду, кызык болсо айтып берем. Кызыкпы? ☺️
Опрос
  •   Ооба
  •   Жок
24 голосов

Показано 20 последних публикаций.

98

подписчиков
Статистика канала