2022 жылы, тажиктердин кол салуусу орун алып, биздин армия орусиялык "Тигр" зооттолгон унааларын активдүү колдонушкан, бирок баатырларыбыздын айтымы боюнча эффективдүүлүгү аябай эле төмөн болгонун билдиришкен. Мотору, зоттолгон бөлүктөрүн жабышкан жерлери, жана ок атуучу орундары жөнөкөй эле окторго аялуу экени белгилүү болгон.
Куралдануубуздагы БТР-70 транспорттору да союз убагында эффективдүү болсо, азыркы заманда баары тескеринче.
Сунушубуз мындай, чек ара кызматында болгон (айрыкча атайын багыттагы аскерлерге) КИРПИ зооттолгон унаалары менен камсыз кылып, автоматташтырылган курал менен кызмат өтөшсө сонун болмок. Бул унааларга ар кандай модульдарды (антидрон, лазердик куралдар, ПТРК) орноштурсак да болот.
Ар бир Кыргыз аскери биз үчүн баарынан кымбат! 🫡
@kgmilitarist |
Прислать контент