Өзгөн шаарын айланып өткөн акы төлөнүүчү унаа жолу ачылды
Өзгөн шаарын айланып өткөн өлкөдөгү алгачкы акылуу жол ишке берилди. Ачылышына 6-декабрда президент Садыр Жапаров катышты. Бул жолдун курулушуна Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев катышканы белгилүү болгон.
Жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзүп, 4 тилкелүү. 200 жана 97 метрлик эки көпүрө да курулган.
Жаңы жол Бишкек — Ош каттамын кыскартып, Өзгөн шаарын айланып өтүүгө шарт түзөт.
Төлөм үчүн белгиленген тарифтер:
🔴 Жеңил унаалар — 200 сом
🔴 Кичи жүк ташуучу унаалар, автобустар — 350 сом
🔴 Жүк ташуучу унаалар — 700 сом.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында курулуп, жалпы 29 млн доллар жумшалган. Буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын акы төлөнүүчү айланма жолдун курулушу менен байланышы бар экенин билдирген эле.
Кийин Президент Ташиевдин тун уулунун акылуу жолдун курулушуна катышып жатканын тастыктап, мактоого алган эле.
#кабарлар