Президент: Чек ара меселеси эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 13-декабрда «Кабар» агенттигине кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу комментарий берди.
Ал бул меселеде эки тараптын тең бирдей кызыкчылыгы болушу керектигин, бир жактын кызыкчылыгын жогору коюу менен чечип алуу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.
«Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерде теңме-тең алмашуулар болду. Ушул тапта кагаз иштери аяктоо алдында турат», — деди ал.
Жапаров кыргыз-тажик чек арасы эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөр замат ачыларын билдирди.
«Жергиликтүү элдин талабы да ушундай болчу: делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. Үч жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыян тартты. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек», — деди өлкө башчы.
Президент чек ара маселесинин чечилиши эки элдин ынтымагын бекемдеп, элдин жашоосу оңолуп, аймакка инвесторлор менен туристтерди тартууга шарт түзөөрүн баса белгиледи.
4-декабрда Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан чек ара меселеси боюнча бир пикирге келгенин билдирген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аны тарыхый учур деп атаган.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Буга чейин коңшу өлкө менен чектешкен айрым жерлер так эмес болгондуктан Баткенде кагылышуулар болуп келген.
#кабарлар