Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат — президент
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирди.
— деди президент.
Жапаровдун айтымында, бул жол Чыгыш менен Батыштын ортосундагы стратегиялык көпүрө болуп, соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Президент айрымдар кыял деп эсептеп келген дагы бир долбоор Камбарата-1 ГЭСи экенин билдирди.
— деп белгиледи Жапаров.
Кыргызстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу макулдашууну 27-июнда ратификациялаган. Документти парламент 19-июнда кабыл алган.
Ага чейин Кытай темир жолдун курулушу үчүн Кыргызстанга 2 млрд 350 млн доллар өлчөмүндө насыя берери белгилүү болгон. Үч өлкө Кыргызстандын аймагында темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн Биргелешкен долбоордук компания (БДК) түзүшөт. Бул компаниядагы үлүштүн 51% «Кытай темир жолдору» алат, ал эми «Кыргыз темир жолу» менен «Өзбекстан темир жолдоруна» 24,5%дан үлүш тиет.
Президенттин айтымында, салынган каражат акталгандан кийин эки тарап долбоордон чыгып, БДКнын 100% үлүшү Кыргызстанда калат.
#кабарлар

«Биз бул долбоорду баштаганда ага ишенбеген, аны жомок деп шылдыңдап күлгөндөр болгон. Азыр эми ал жомок эмес, чыныгы долбоор экенине баары күбө болууда»,
— деди президент.
Жапаровдун айтымында, бул жол Чыгыш менен Батыштын ортосундагы стратегиялык көпүрө болуп, соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Президент айрымдар кыял деп эсептеп келген дагы бир долбоор Камбарата-1 ГЭСи экенин билдирди.
«Бул кыял чындыкка айланууда. Биздин өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жана энергетика менен өзүн-өзү камсыздоого өтүп жатат»,