УТРК News


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Новости и СМИ


УТРК – Күндүн маанилүү саясий, экономикалык, маданият, спорт, музыкалык ж.б. ыкчам так маалыматтарды чагылдырган маалымат булагы.
Биздин веб сайт:
https://www.utrk.kg

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram






Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Таласта жол тескөөчүлөр пара менен кармалды


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




📢 Рамазан айына карата УТРКнын расмий сайтында Орозо календары жарыяланды! 🌙🕌

Кадырлуу көрүүчүлөр жана угармандар! Ыйык Рамазан айынын башталышы менен сиздер үчүн УТРКнын расмий сайтына атайын Орозо календары жайгаштырылды. Бул календарь ар бир күндүн ооз бекитүү жана ооз ачуу убакыттарын так көрсөтүп, орозо тутууну жеңилдетет.

📌 Толук маалыматты жана календарды көрүү үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу кириниз: 👉 https://www.utrk.kg/kg/about/calendar

Сиздерге берекелүү орозо, тынчтык жана молчулук каалайбыз! 🤲✨ #Рамазан2025 #ОрозоКалендары #УТРК@ktrk_live #утрк #utrksport




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




Быйыл Орозо Айт 30-мартта белгиленет

Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тастыктады
Маалыматка караганда, Орозо 1-мартта башталып, Айт намаз 30-мартта окулат.
Чечим Түркия, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери биргеликте кабыл алынган.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасы: Тарыхый макулдашуу

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди. Бул тууралуу тарыхый макулдашууга эки өлкөнүн УКМК жетекчилери бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында кол койду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен 10 сааттан ашык сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы узундугу 972 чакырым болгон чек ара маселесин чечип, жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны макулдашуу маселеси толук чечилгенин айтты:
- Биз чек араны  делимитациялоо боюнча эң бир маанилүү жыйынтыктоочу протоколго кол койдук.  Андан ары президенттердин кол коюусуна бир нече документтерди даярдадык. Анда  негизинен үч багыт боюнча эки мамлекеттин ортосунда бирге чече турган багыттар  бар. Булар чек ара келишими, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишим, жол  кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча келишим. Мунун баарын биз  бир пикирге келүү менен жыйынтыктап алдык десем болот. Бүгүн чек араны  макулдашуу маселесин толук чечтик.
Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов татаал иш көптөгөн ар тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен логикалык жыйынтыкка жеткенине токтолду:
- Келишим ишке ашканда  эки боордош республиканын чек ара маселесине байланыштуу 100 жылдан бери уланып  келе жаткан талашка чекит коюлат деп ишенимдүү айта алам. Бүгүнкү күндө  келишилген эң маанилүү тарыхый документ - эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек  араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү келишим. Бул күндү эки  тарап тең көп жылдар бою күткөн. Татаал иш көптөгөн ар тараптуу сүйлөшүүлөрдүн  жыйынтыгы менен логикалык жыйынтыкка жетти десем болот. Бул тарыхый документтер  биздин элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылат.
 Өлкө эгемендик алгандан бери кыргыз-тажик чек арасы боюнча ар бир бийлик учурунда маселе көтөрүлүп, ал тургай пикир келишпестиктер менен аяктап келген. Камчыбек Ташиев төрт жылдан бери эки тараптын аймагында да көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, жумуш топтору тынымсыз иштеп, бүгүнкү жыйынтыкка келди.
Соңку маалыматты укканда узак убакыт бою талаш-тартыштарды чечүүгө салымын кошкон жумуш топторунун өкүлдөрү бири-бирин жылуу маанайда куттукташып, эки элдин достугуна, ынтымагына ийгиликтерди каалашты.



Показано 20 последних публикаций.