Акыркы 5-6 жылдык байкоомдо социалдык тармактарда өзүн жана жеке жашоосун популярдуу кылган атактуулардын (чоң жана майда блогерлер) эч бири руханий жактан жакшы жакка өсүшкөн жок. Аталарыбыз айткандай акча, атактуулук адамды бузат. Ошондуктан, өзүбүздү (татыктуу жумушубуз, пайдалуу аракеттерибиз эмес) элге тартуулоону таптакыр сунуштабайт элем. Тарыхтагы кайсы атактууну караба баары кылган жакшы-жаман жумушу менен белгилүү болушкан. Азыркыдай эмне жеп, эмне кийгени үчүн эмес.
#эскертүү #эң_биринчи_өзүмө
#эскертүү #эң_биринчи_өзүмө