КАЗИНО
К-арыз алып туш-туштан
А-зарт ойнун ойношот,
З-ындан кылып жашооңду,
И-шендирип тойлошот.
Н-анын тартып кыргыздын,
О- кедейликке жолдошот.
К-азинону ачкан ким?
А-раандай оозун ачкан ким?
З-иречелик пайда жок,
И-лдет, азап таккан ким?
Н-аадандыктын азабын,
О-йлоп, ыйлап тарткан ким?
К-ыргыз көчү, тагдыры,
А-зарт менен кетпейби?
З-ыянынын айынан,
И-тке минип житпейби?
Н-нарк-насили кыргыздын,
О, арман менен бүтпөйбү?
К-арыз, карыз, карыз деп,
А-рам дүйнө түптөйбү?
З-аар чачкан зомбулук,
И-кокуй, түбүбүзгө жетпейби?
Н-айныктатып мыйзамды?
О-й, сөзүбүздү чектейби?
К-азинодон баш чыкпас,
А-кмактарды эстейби?
З-ырылдаган эненин,
И-й, көз жашынан коркпойбу?
Н-оокас, жыртык казнаны,
О, арам менен көктөйбү?
К-акшап турган элимдин
А-рман сөзү жетпейби?
З-акондору пайдасыз,
И-ч өткөрүп кетпейби?
Н-андын, жердин кусуру,
О, төбөдөн уруп кетпейби?
К-абыргасы кайышып,
А-зап тарткан калың эл.
З-ынаа, мушташ, криминал,
И-шендирбе болбойт деп.
Н-апси тешик казино,
О- акылыңды алат жеп.
К-азинодо кыздарың,
А-йлап, жылдап иштешет.
З-айып, эне болушаар,
И-шенимин кирдетет.
Н-намыз коргоор баатырды,
О- калың журтум издешет.
К-удайдан корккон март болот,
А-ткаруу жолу шарт болот.
З-ыянын элге тийгизбей,
И-лдеттен сактаар дарт болот.
Н-арк-насил бузган мыйзамдар,
О, элиңсиз бир күн тарп болот.
Кундузбү Маматова
К-арыз алып туш-туштан
А-зарт ойнун ойношот,
З-ындан кылып жашооңду,
И-шендирип тойлошот.
Н-анын тартып кыргыздын,
О- кедейликке жолдошот.
К-азинону ачкан ким?
А-раандай оозун ачкан ким?
З-иречелик пайда жок,
И-лдет, азап таккан ким?
Н-аадандыктын азабын,
О-йлоп, ыйлап тарткан ким?
К-ыргыз көчү, тагдыры,
А-зарт менен кетпейби?
З-ыянынын айынан,
И-тке минип житпейби?
Н-нарк-насили кыргыздын,
О, арман менен бүтпөйбү?
К-арыз, карыз, карыз деп,
А-рам дүйнө түптөйбү?
З-аар чачкан зомбулук,
И-кокуй, түбүбүзгө жетпейби?
Н-айныктатып мыйзамды?
О-й, сөзүбүздү чектейби?
К-азинодон баш чыкпас,
А-кмактарды эстейби?
З-ырылдаган эненин,
И-й, көз жашынан коркпойбу?
Н-оокас, жыртык казнаны,
О, арам менен көктөйбү?
К-акшап турган элимдин
А-рман сөзү жетпейби?
З-акондору пайдасыз,
И-ч өткөрүп кетпейби?
Н-андын, жердин кусуру,
О, төбөдөн уруп кетпейби?
К-абыргасы кайышып,
А-зап тарткан калың эл.
З-ынаа, мушташ, криминал,
И-шендирбе болбойт деп.
Н-апси тешик казино,
О- акылыңды алат жеп.
К-азинодо кыздарың,
А-йлап, жылдап иштешет.
З-айып, эне болушаар,
И-шенимин кирдетет.
Н-намыз коргоор баатырды,
О- калың журтум издешет.
К-удайдан корккон март болот,
А-ткаруу жолу шарт болот.
З-ыянын элге тийгизбей,
И-лдеттен сактаар дарт болот.
Н-арк-насил бузган мыйзамдар,
О, элиңсиз бир күн тарп болот.
Кундузбү Маматова