Байтул-Макдиске келип, Меккеге карай жолго чыккандан кийин Курайш кербенин көргөн. Таң атканда, болгон окуяларды адамдарга кабар берген. Пайгамбарыбыздан (с.а.в) Байтул-Макдистен жана Курайш кербенинин абалынан сурашкан.
Сураган нерселердин ар бирин так маалымдап бергенде, Аллахтын жардамына ээ болгондор аны тастыкташкан; ыйман насиби болбогондор болсо жокко чыгарышкан.
Таңда мечитке чыгып, бул окуяны Курайшка кабар бергенде таң калып, жокко чыгаргандардын айрымдары кол чаап, кээ бирлери баштарын кармашкан. Ыйман келтиргендердин айрымдары дининен кайтышкан.

Ичинен бир тобу Азирети Абубакрга (р.а.) чуркашкан. Азирети Абубакр:
“Эгер муну ал айтса, албетте, чындык.” деген. “Муну дагы чындык деп эсептейсиңби?” деп сурашкан. “Мен, аны мындан да ашык нерсеге (б.а. пайгамбарлыгына) ишенем!” деген. Ошондон кийин ал “Сыддык” деп аталып калган.