✉️🤫
16-январь 2003-жыл айылдын ортосунда жайгашкан чакан бир үйдүн көчө жакты караган терезесинен бир келиндин ары бери тынчы кетип басып жатканын карап турдум, жанында 3-4 жаштар чамасында кичинекей кыз апасы кайда басса ошол жакты көздөй басып жатты. Келин кош бойлуу экен, айы күнү келип калгансыйт сыягы… Мен ал күнү көчөдө шаарга жөнөө үчүн такси карап турган элем. Такси келер замат, шаарды көздөй жөнөп кеттим. А көрсө ал күнү бир кыздын апасы дагы бир ымыркайды жарык дүйнөгө алып келгени тынчы кетип жаткан экен. Ал күнү эмес, эртеси кыштын кычыраган дагы бир күнүндө тактап айтканда 17-январда саат 10:30дар чамасында дагы бир кызга бул жарык дүйнөнү тартуулады. Чоң энесине экинчи кыз небере, атасына дагы бир кыз, эжесине сүйкүмдүү сиңди келди. Ал күнү ортоңку айылда жентек той. Атын маралдай чырайлуу кыз болсун деп Акмарал коюшту. Көз ачып жумганча арадан 7 жыл өтүп Акмарал 1-класстын босогосун аттады. Жаз мезгили келип, айылда ээгин таала иштери башталып жаткан күндөрдүн биринде себүү иштери менен алек болуп жатып, тыныгууга отура калдым көчө жакта чачы экиге өрүлүп, эки бантик тагылып астына ташталганы ажарлуу чырайына дагы да көрк кошуп турган кичинекей арык чырай кыз мектептин жолунан басып келе жатты. Ал кызды көрөр замат өзүмдүн кичине кезимди, анан кызымдын мектепке барган кезин эстеп ойлонуп айланамды тынчтык каптай түштү, тынчтыкты Акмаралдын “саламатсызбы?” Деген сөзү бузду. “ Саламатчылык” деп көзүм менен узатып калдым. Көздөрүнөн ортоңку айылдагы Уландын кызы экенин дароо тааныдым. А баякы кыштын суугунда ана мына төрөйм деп турган кызы мектепке барып, салам айтканга жарап калган тура дедим…
Ооба, ооба ошол кичинекей арыкчырай кыз менмин. Мен жөнүндө сөз болуп жатат. Ата-энем мага мээримин төгүп, алаканына салып эркелетип чоңойтушту. Улууларга салам айт, конфликтен алыс бол, бирөөнүн көңүлүн оорутпа, өзүмчүл болбо, деп тарбиялашты. Эмнегедир биздин үйдө бирөөлөр жөнүндө сүйлөшүү жок эле, баласың да бирөө катуу айтса үйгө айтып келесиң, аны айтканың үчүн кайра үйдөгүлөрдөн уруш угасың. Сен жакшы болсоң, сен сый мамиле кылсаң сага эч ким катуу сүйлөбөйт дешер эле. Чоңоюп эс тарткан сайын мектепте, көчөдө көргөндөрүм ошол жерде кала турган болду, бир сөз менен айтканда сөз ташыбай калдым. Адамдардын бардыгын калп айтканды билбеген, өзүмө окшогон ишенчээк деп ойлойт элем. Ар бир мен тарапка айтылган сөздү жүрөгүмөн өткүрүп кабыл ала турган кыз болдум. Көрсө жаңылыптырмын элдин арасында чындыктан калпты сүйлөгөн адамдар жок эмес экен.Ата-энем дайыма мени колдоп жанымда болгону үчүн, жакындарыман көп нерсе күткөн, анча мынча нерселерге өзүм чечим чыгара албаган кыз болдум. Ата-энемдин, бир туугандарымдын сөзү мен үчүн дайыма чындык, туура эле. Алар менин таянычым, колдоом болуп келишти. Ошондой күндөрдүн биринде, окуу жылы аяктап 25-май кирип келди, адаттагыдай апам чачымды тарап экиге өрүп майрамдык маанай менен мектепке жөнөдүк, салтанатту линейка болуп өттү, кызыгы дайыма жылдын отличниги болгонум үчүн громмата алып көнүп калгам. Ошол жылы мага стипендия берди, громмата жазылбаптыр. Үйгө келип мен громмата алышым керек болчу мага бул акча керек эмес эртең эле акча түгөнүп калат деп ыйлаганым эсимде. Атам менен апам кийинки жылы аласың, бир кагаз үчүн дагы ыйлайбы, ошол громматаны мен чыгартып берем сага деп жанымда отурган элеси көз алдыма чагыла берет. Башкалар сенден жакшы окуйт ошого алды, сен деле жакшы окубайт белең деп эмнеге айткан жок деп азыр ойлонуп таңмын. Көрсө менин көңүлүм үчүн катуу айтышпаптыр. Ошол мектеп кезинде келечекке болгон максаттар, кыялдар жүрөгүмдөн оорун ала баштады. 1-класска баргандан тартып эжейимдин ким болосуң деген суроосуна журналист деп жооп берет элем. Бой жеткен сайын чоңойсом эле Кыргызстанды өнүктүрөм, өлкөмдөгү корупцияны жоём, деп негедир ойлоно турган болдум. Коомдо болуп жаткан туура эмес иштерди токтотуу үчүн, иликтөө журналистикасына баргым келди. Мекенимдин бир жеринен болбосо бир жеринен өнүгүшүнө салым кошом деп келечекке максаттарды кое баштадым. Убакыт зымырап учуп, мектептеги күндөрүм дагы бүттү. Жогорку окуу жайга келдим.