𝓐𝓲𝓼𝓱𝓪𝓶


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Жан дүйнөм сүйлөсүн...

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Турмушта тандооң туура эмес болсо
Жазасы өз өмүрүң болорун унутпа !


29.07 2026 ✨️


Күндүн мааниси – адамга намаздан артык эч нерсе кызмат кылбайт.
«Эртең намаз окуйм» дегенде, эртеңкиге кеч болуп калса, кантип жооп бересиң?


Бир аял жөнүндө айтылган ар кандай сөздөргө ишенбе. Себеби ал сөз же ага жетпей калган бир эркектен же андан озуп кете албаган аялдан чыгат.


Эмнеге капалуусуң?
Сени бейиштен куру калтырыштыбы же тозок менен коркутуштубу? Өзүңө карата жумшагыраак бол, бул болгону дүнүйө убактылуу бир аалам.


Аллахым ! сизди сүйсүн, сүйдүрсүн жана сүйүнтсүн.




Кыз балага айтты:
— Мен качандыр бир күнү чоң китепкана ачам. Ал жерде бардык китептер болот, ал жерге келген адамдар жан дүйнө тынчтыгын табышат, — деп таттуу кыялга батты.
​Бала болсо сурады:
— Үйдө китеп текчең барбы?
​Кыз:
— Жок, тагыраагы бар, бирок чоң эмес.
​Бала айтты:
— Анда биринчи кезекте үйүңдү китепканага айлантышың керек, ошондо ал сага кичинекей кубаныч тартуулайт жана китепкана ачуу каалооң өчпөйт, деди.
​Кыз бул сөздөргө таң калып, каткан бойдон калды.


Бул өмүрдө адам болуп жашоо эң кыйыны.
Эч кимди капалантпай,
акысына кирбей,
көңүлүн оорутпай жашаганга аракет кыласың.
Өмүр кыска экенин билебиз, бирок ошентсе да кээде кечирүү кыйын болот, кээде адамдын баркын кеч түшүнөбүз. Кээде өзүбүздү туура деп ойлоп жүрүп, бирөөнүн жүрөгүн оорутуп алганыбызды да байкабай калабыз.
Ошондуктан колубуздан келишинче жакшы адам болуп калалы. Жакшы сөзүбүздү аябайлы, жакындарыбызды барында баалайлы. Анткени убакыт өтөт, күндөр кайрылып келбейт. Акырында адамдан адамга болгон жакшы мамиле менен жакшы эскерүү гана калат.


Бүгүн окуган эң өзгөчө сөз)
Өзүм сыяктууга өзүңүз сыяктууну кызганбаймынбы?...


​Жөн гана бактылуу болгум келет. Эч кимди кыйнабай, эч кимдин акысына кирбей. Эч кимден эч нерсе күтпөй. Өзгөнүн да, өзүмдүн да өмүрүмдү кыйнабай, татаалдаштырбай.
​Тек гана өзүмдү, ичимдеги бар болмушумду сүйө турган... Жаны жайсаң, бир мүнөз, тыптынч гана жүргөн, өмүрүнө ыраазы болуп караган... Бардыгын Берүүчү да, Алуучу да бир Алла деген түшүнүк менен өмүр сүрө турган... Жанында жайлуулукту сезе турган жанды жолуктуруп, боюмдагы бардык коркунучту, жайсыздыкты, өмүрүмдү ошол жанга аманат кылып... Бардык эркелигимди, кылыгымды, өжөрлүгүмдү көтөрө алган жандын жанында жөн гана бактылуу болгум келет...


"Мени бирөөнүн билүүсү маанилүү эмес. Раббим билсе жетет. Ким эмне десе десин, Раббим мени "Кулум" десе жетет".

_Азирети Умар (Р.А.)__
@ Daavat.kyl


Мевланадан сурады ?
"Өмүрлүк жар деген кандай болуусу керек "? - деп ..
Мевлана "Эч ким сага чыдай албаганда .
Ал сага чыдай алган адам жар боло алат деп жооп берди!


Жаратканым жакшыны жазганына күмөнүм жок…🤍


Кадыр түндүн дубасы:

​​اَللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنِّي

Аллахумма иннака афуввун тухиббул-афва фаъфу анни.

Мааниси:
«Оо, Аллах, Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени кечир».


Биз билбейбиз, өмүр качан аяктайт,
Балким эртең күндөгүдөй таң атпайт.
Бул жашоонун убактылуу экенин,
Ичтен сезип, тообо кылган адашпайт.


Ушундай бир ниет кылыңыз:
Үйүңүздө толо мейман болсо да кайын энеңиз:"Намазыңды окуп алдыңбы? Эң биринчи ибадатыңды кыл,андан соң жумушка кириш"-дей турган болсун.

#ниет.
@ The.tooliba


Ал айга окшош эле, анын бир бөлүгү дайыма жашыруун болчу.


Чтобы у каждой девушки был такой вайб с мужем, где в его объятиях — тишина, защита и любовь.💕


АЛЛАХТАН КОРККОНУН ТАНДАҢЫЗ!
Сүйсө бактылуу кылат, сүйбөсө көңүлүңүздү оорутуп кыянат кылбайт...
Аллахтан коркпогону сүйсө дагы кыянат кылат...

Показано 20 последних публикаций.