Бир канча убакыт мурун бир чогу иштенкен адам менден сурады эле “сен аны сүйөсүнбү же жакшы көрөсүнбү, кеп ушулда”,- деди эле. Көп убакыт ушул суроодо ойлонуп жүрдүм. Жакындарым барында барктап,сыйлап, алардын дүйнөсүн түшүнүп, жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү аларга болгон сүйүмдү айтууга аракет кылам. А сен менин жакыным болдун. Бүгүн сен кеткенинге туура бир ай болду. Ойлоно олтуруп неге сени тандадым деген суроо келди оюма … Ойлоп көрсөм, мен ал адамды тандадым, анткени анын жан дүйнөсү менин жанымдын тереңине үндөшүп турду. Анын көздөрүнөн дүйнөнүн жарыгын, жүрөгүнөн болсо ак ниеттиктин жана чексиз чыдамдуулуктун шооласын көрдүм. Ал — менин бейпилдигимдин кайыгы, бороон-чапкындарда тирек боло турган тоом. Биздин жолдор кокустуктан эмес, тагдырдын акылман чечиминен кесилишкендей сезилет. Анын жанында дүйнө жомоктой жаркырайт, убакыт агымын жоготуп, бактылуулук менен шүгүрчүлүккө толом. Анын көз карашы менен мен өзүмдү толуктап, анын үнүнөн жүрөгүмдүн согушун угам. Анткени мен ал адам менен тынчтыкты да, бакытты да, жашоонун маңызын да таптым…
#муж
#муж