Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
«Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын үчүнчү вице-мисси Арина Сулайманова. Ал Түркиядагы түнкү клубдардын биринде чет элдик жигит менен таанышып калганын, алардын сүйүүсү үйлөнүү тойго чейин алып барып, ал үчүн жолдошу Ислам динин кабыл алганын Turmush басылмасына айтып берди. «Мен 2002-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумда бухгалтерия адистигине окудум. Азыркы тапта К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин бухгалтер кесибине сырттан билим алуудамын. 2018-жылы 16 жашта элем, финансылык техникумда 1-курста окучумун. Ошол жылы сулуулук сынагына катышып, 200 кыздын арасынан жарым финалга өтүп кеттим. Финалга 50 кыз өтүп, “Кыргызстан сулуусу — 2018” сынагынын үчүнчү вице-мисси наамын алдым.Техникумду аяктагандан кийин досторум Түркиянын курорттук шаары болгон Анталияда трансфердик гид болуп иштөөнү сунуш кылы.