ПРЕСС-РЕЛИЗ
«28» март 2024-ж.
▶️Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2024-жылдын 28-мартында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстандан Тажикстанга ири мүйүздүү жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюлгандыгын маалымдайт.
▶️Баткен облусунун Лейлек районунун Сарай жергесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары КР УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте шарттуу чек ара сызыгынан алыс эмес жерде 14 баш ири мүйүздүү малды Кыргызстандан Тажикстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1971-ж.т., Р.А., аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын кармашкан.
▶️Кыргызстандык жаран ири мүйүздүү малды Тажикстандын аймагында сатууга аракет кылган.
▶️Алдын ала алынган маалымат боюнча, кармалган малдын жалпы баасы болжол менен 2 600 000 сомду түзөт.
▶️Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчи жана ири мүйүздүү жандыктар мындан аркы териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.