Ош шаарында ЕККУнун кеңселик программасынын колдоосу менен кинологдордун жана алардын кызматтык иттеринин III ведомстволор аралык мелдеши соңуна чыкты.
"Акыркы мүнөткө чейин кайсы команда жеңишке жетээри түшүнүксүз болду. Башында ИИМ караштуу Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын командалары алдыда келатышкан, бирок кечээ кескин бурулуш болду дагы УКМК Чек ара кызматынын командасы алдыңкы орунга чыкты.
Бүгүн болсо катышуучуларды жыйынтык чыгаруучу мелдештин дагы бир этабы күтүп турган эле. Мелдештин ар бир күнү командалар үчүн күтүүсүздүктөтөргө бай болгондугун белгилеп кетким келет.
Кызматтык иттер тапшырмаларды аткарууга канныккан болсо дагы аларды бир нерсе тынчсыздандырып, алардын ишине бир нерселер тоскоолдук кылып, алардын толкунданышы акыркы жыйынтыктар кандай болооруна таасирин тийгизет" - деп билдирди мелдештин башкы судьясы полковник П. Абдылдаев.
Үч күн бою ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын, ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, ИИМ Баңгазатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын жана УКМК Чек ара кызматынын кинологдорунун командалары багажда, жүк ташуучу транспортто, жеңил унаа транспортунда жана бөлмө ичинде баңгизаттарды издөө боюнча таймашышты. Бүгүн болсо кызматтык иттер дрессировка, баш ийүү, ошондой эле тосмолор тилкесинен өтүү боюнча жалпы курстагы жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Мелдешке дрессировкага жакшы көнө турчу эки түрдөгү тукумдагы иттер катышты: немец жана бельгиялык овчаркалар.
Судьялар тапшырмалардын аткарылышына гана эмес, иттин жүрүм-турумуна, ошондой эле анын кинологдун берген командасына кандай реакция кылаарына да баа беришти.
Чыңалган жана адилет таймашта УКМК Чек ара кызматынын кинологдорунун командасы жеңишке жетти, ИИМ караштуу Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы экинчи орунду ээлеп, ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын командасына үчүнчү орун ыйгарылып, ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын командасы төртүнчү орунга ээ болду.
Жеке зачетто КР УКМК Чек ара кызматынын прапорщиги Н. Султанов биринчи орун ээледи. Анын Закат аттуу төрт аяктуу досу эң мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Экинчи орунду Тина аттуу ити менен ИИМ Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын лейтенанты Б. Батыркул уулу ээледи жана үчүнчү орун Герда аттуу овчаркасы менен майор Н. Гладковага ыйгарылды.
Командалык жана жеке зачеттогу жеңиш ээлерине кристаллдар, медалдар жана дипломдор тапшырылды. ЕККУнун кеңселик программасынын өкүлдөрү жеке зачеттогу жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди, ал эми командалык-призерлорго кинологдор үчүн атайын рюкзак жана мелдешке катышкан иттерге кургак жем беришти.
Кинологдордун ведомстволор аралык мелдеши ЕККУнун кеңселик программасынын колдоосу менен үчүнчү жылы катары менен өткөрүлүүдө.