⚡️‼️ Садыр Жапаров: «Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду»Президент Садыр Жапаров өздөрүн «мекенчилдер» деп атаган 6 адамдын камакка алынышы тууралуу комментарий берди.
«Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем:
«Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө»
деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: «Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап» деп.
Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат»,- деди Жапаров.
@politklinika