Кыргызча кино, мультфильм, трейлерлер (REC55)


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Видео и фильмы


Кыргызча үн коштолгон тасмалар, сериалдар, аниме жана трейлерлер.
http://vk.com/rec55kg
https://youtube.com/@rec55kg
----------------------------
Байланыш: @janybekmukash

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Видео и фильмы
Статистика
Фильтр публикаций


Достор, акыркы учурда отпискалар көбөйгөнүн байкадык. Анимени ушунчалык жек көрөсүңөрбү?😅
Силер менен байланышты жоготкон окшойбуз. Ошон үчүн суроо - биздин үндөөдө негизи кандай чыгарма/кино/фильм/мультфильм көргүңөр келет?


"Доске, сага айтым жатам жаңы Чынжыр-Араа-Адам трейлери БОМБА"
Акыры MAPPA'нын аниматорлору Фужимотонун стилинде тартып башташты!🔥
2025 жылы күтөбүз.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
БЛЮ ЛОК vs U-20
Исаги Йоичи vs Итоши Саэ


2 сезон, 12 эпизодунан мага жагып калган үзүндүсүн кыргыз тилине которуп көрдүм. Пикириңерди жазыңыздар, кандай экен?😁


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кызыктуу анимелер жөнүндө кабарлап турабыз🫡

421 0 0 17 16

OMIGOSH!
Чынжыр Араа Адам мангасынын 2чи жарымы, 182 бөлүмдө.
Аки, Пауэр😭😭😭

823 0 2 18 17

Жакшы кабар! Blue Lock анимесинин экинчи сезону чыгышына аз калды! Жаңы сезондо бизди дагы да курч жана чыңалган футболдук таймаштар күтөт. Жаңы кыйынчылыктарга туш болгон каармандарыбыз күчтүү атаандаштар менен беттешип, өз максаттарына жетүү үчүн күрөш улантат. Футболго болгон сүйүүңүздү жандандырган бул укмуштуудай анименин уландысын өткөрүп жибербеңиз!



863 0 0 12 10



Пария Нексустун акыркы эпизоду көрүүгө жеткиликтүү. Саламандра Са'кан менен Императордун кызы Даникага көз салганды улантабыз. Алар тирүү калган адамдарды куткара алышабы?

Telegram: https://t.me/kyrgyzvoice/48

Вконтакте: https://vk.com/video-178351040_456239119

YouTube: https://youtu.be/djQt0OQc_8o


Кана жигиттер, анимеби?

YouTube каналыбызда жаңы аниме трейлер чыкты.

Арбактар, монстрлар, келгиндер, өспүрүмдөрдүн романтикасы, салгылашуулар!.. Бул сериалда баары бар! Оккультизмге кызыккан жана арбактарга ишенбеген Такакура менен келгиндерге ишенбеген Аясэ паранормалдык көрүнүштөргө туш болгондо, өз пикир келишпестиктерин жеңүүгө аракет кылышат.

Чыгуу датасы 3-октябрьга пландалган.

https://youtu.be/cdDcbEtGmqU?si=1ZlT7kBQ8O8DI5U5


Согушкер Айым Даника жана гвардиячынын динсиздердин кыйраган дүйнөсүндөгү окуяларын байкаганды улантабыз.

Экинчи эпизодду бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот:

Telegram: https://t.me/kyrgyzvoice/47

Вконтакте: https://vk.com/video-178351040_456239117

YouTube: https://youtu.be/OSVw_3TCYEE


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Салам!
Кодировканы кыла турган программа кежирленип баштагандыгынан мурунку пландардын баары текке кетти...😰
Ушул үч күн бою ал менен талыкпастан алышып жүрдүм. Баары ушул экинчи сериянын көлөмү 200мб ашпасын деп. Натыйжасында, жолубуз болбоду, боордоштор. Экинчи эпизод бүгүн-эртең сөзсүз чыгат. Көргүсү келгендер, телефонуңарда жок дегенде 300мб бош орун калтырып койгула.😅
Сабырдуулук үчүн ыракмат жана күттүрүп жатканым үчүн кечирим сурайм.🌸


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
...


Салам!
Абдан өкүндүрчү окуя болуп калбадыбы.😐
Бүгүн "Пария Нексус" сериалынын кийинки эпизоду чыгышы керек болчу, бирок кайра карап жатканда башында кичинекей катаны байкадым. Натыйжада, видеону даярдоо процессин кайра башынан башташ керек болот, а бул көөөөөп убакыт алат.😓
Эпизод эртең чыгат. Сабырдуулук үчүн ыракмат.


Миңдеген жылдар бою уйкуда жаткан Некрондор династиясы азыр келгиндер басып алган Пария Нексустагы Нефилим Секторунун тереңинде көтөрүлөт. Некрондук Криптек Иллюминор Серас башында туруп, алар Парадайс планетасында өздөрүнүн үстөмдүгүн кайтарууга умтулушат.

Биринчи эпизодду бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот:

Telegram: https://t.me/kyrgyzvoice/46

Вконтакте: https://vk.com/video-178351040_456239115

YouTube: https://youtu.be/n5FNArT_v4A?si=Z_wQxSzIYE_P4hPc






Достор, эки же бир үндүү добуштаганга кандай карайсыңар? Мүмкүнчүлүк бар болсо, ар бир каарманга бөлөк актёр/актрисаны таап чыкмакпыз, бирок андай болбой жатат. Ошондуктан, оюңар менен бөлүшүп кетсеңиздер. Эки же бир үндүү озвучкада көрөт белеңер?
Опрос
  •   Ооба, жарайт.
  •   Жок, жарабайт.
  •   Пикиримди комментке жаздым.
142 голосов


Видео оюндар жана кино сүйүүчүлөрүнө ушул кышта белек даярдалды. Prime Video жаңы долбоорду жарыялады, ал "Сүйүү, өлүм жана роботтор" сериалынын авторлору тарабынан түзүлгөн - Secret Level (Жашырын Деңгээл). Антология 15 кыскаметраждуу мультфильмден турган болот, алар ар кандай видео оюндар жана ааламдар менен байланышкан: Warhammer 40,000ден Pac-Manга чейин. Чыгуу күнү 10-декабрьга белгиленген. Күтөбүзбү?

Расмий Тизер https://youtu.be/gLihxsmI_OU



Показано 20 последних публикаций.