Фильтр публикаций


МАКСАТКА ЖЕТҮҮ ФОРМУЛАСЫ

Ниет

Дуба

Аракет

Диоциплина

Тобокел
=
Жыйынтык Алладан


Аллахтын сага сыноо бергени,
Үнүңдү уккусу келгени.
Сага дуба кылууга мүмкүндүк бергени,
Дубаңа жооп бергиси келгени.

✍🏻:@sol1ha_kg


Сыноо биз үчүн, мына ушул нерсени айтуу үчүн келет:

"Мен сени жакшы көрөмүн" мага кайткын эй пендем!

Мен сени"Тозок" үчүн жаратпадым, Мен сени "Бейишим" үчүн жараттым!

Мага жакындата турган жакшы амалдарды жаса!
Бейишимде коногум болууң үчүн!


Пайгамбарды суйуу дубасы

اللهم ارزقنا رؤية نبيك وشفاعته وان نشرب من يده الكريمة على الحوض
ونعوذ بالله ان يقول لناسحقا سحقا
اللهم ارزقنا اتباع نبيك كما تحب وترضى

Мааниси:
Аллоохуммар-зукнаа рууйата набиййика уа шафаатаху уа ан нашроба мин йадихил кариимати алал хауды, уа науузу биллаахи ан йакуула ланаа сухкон сухкон, Аллоохуммар-зукнат-тибаа-а набиййика камаа тухыббу уа тардоо

Котормосу:
Оо Аллахым! Пайгамбарыңды көрүүнү жана анын шапаатын бизге насип кыл, кереметтүү колдорунан Каусар суусун ичүүнү бизге буйру. Кыямат күндө бизге алыс болгула-алыс болгула деп айтуусунан Алла Таалаага коргонобуз. Оо Аллахым! Пайгамбарыңды Өзүң сүйгөнүңдөй жана ыраазы болгонуңдай ээрчүүнү насип кылгын!)


🕊Бактылуулуктун ачкычтары🕊

Ден соолукта болууну каалайсыңбы? Орозо карма!
Жүзүң нурдуу болуусун каалайсыңбы? Түндө ибаадат кыл!
Кыйынчылыктардын кетүүсүн каалайсыңбы? Куран оку!
Бактылуу болууну каалайсыңбы? Намазды өз убактында оку!
Жеңилдөөнү каалайсыңбы? Күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүн тиле!
Кайгы-кападан кутулууну каалайсыңбы? Дуа кыл!
Кыйынчылыктардан арылууну каалайсыңбы? “Лаа хавла ва лаа куввата иллаабиллаахи” деп айт!
Жыргалчылык, жакшылыкты каалайсыңбы? Пайгамбарыбызга (Саллаллаху алайхи васаллам) салам-салаваттарды айт!
Сооп алууну каалайсыңбы? Анда бул кабарды туугандарыңа, досторуңа жеткиргин...!)

✍🏻:@sol1ha_kg


- Куранга көзүң менен карасаң жазууну көрөсүң.
- Акыл менен карасаң, илимди көрөсүң.
- Жүрөгүң менен карасаң, сүйүүнү көрөсүң.
- Жан дүйнөң менен назар салсаң, Роббиңди көрөсүң!🫀

(Мауляана Жалолиддин Румий)


Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:

«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:

Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал:

– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди.


(«Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала» 2/321 )


КҮНҮБҮЗДҮ ЫЙМАНЫБЫЗДЫ ЖАҢЫЛОО МЕНЕН БАШТАЙЛЫ

**اَشْهَدُ اَنْ لاَ اِلٰهَ اِلَّا اللّٰهُ وَ اَشْهَدُ
اَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَ رَسُولُهُ**

"Ашхаду аллаа илааха иллаллооху ва ашхаду анна Мухаммадан ъабдуху ва расуулуху"

Мааниси :
«Аллаху тааладан башка ибадат жана итаат кылынууга (моюн сунулууга) акысы болгон башка кудай жок экендигине жана Мухаммад ﷺ анын элчиси экениндигине күбөлүк берем...


Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатух!

Амансыздарбы Мухаммад ﷺ дын сүйүктүү үммөттөрү!

Жума маарек болсун!

Урматтуум
билесизби?-«Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Бир күнүңөр экинчи күнүңөргө окшобосун” деп айтканын »

Ар бир күндү Аллхамдулиллах деп өзгөчө өткөрөлү! 😊🫀


«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон.
 
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы»

«Заад аль-Маъад», 1/386


Жума күнү аткаруучу сүннөттөр

✨ Гусул алуу.
✨ Атыр жыт себинүү.
✨ Худба угуу.
✨ Садака берүү.
✨Салават айтуу.
✨ Куран окуу.
✨ Намаз окуу.


Эң негизгиси Жумага баруу 🫀


Бүгүн жума Пайгамбарыбыз (ﷺ)га салават айталы :

ٱللَّٰهُمَّ صَلِّ عَلَىٰ مُحَمَّدٍ وَعَلَىٰ آلِ مُحَمَّدٍ وَسَلِّم


«Аллаhумма салли 'аля Муhаммадин ва 'аля али Муhаммад»🫀


Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва баракатух!
Кандайсыздар? 🌝

Жума маарек болсун!


🟡Аялдардын арасында эң көп хадис риваят кылган аял ким болгон?
Опрос
  •   Айша р.а
  •   Фатима р.а
  •   Хадижа р.а
66 голосов


🟢Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи уа салламдын канчоо ата-теги мутаватир болгон?
Опрос
  •   7
  •   63
  •   21
55 голосов


🔵Мусулман динин биринчи кабыл алган аялдын аты ким?
Опрос
  •   Хадижа
  •   Сумая
  •   Асия
58 голосов


🟣Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи уа салламдын апасынын аты ким?
Опрос
  •   Хадижа энебиз
  •   Амина энебиз
  •   Айша энебиз
58 голосов


🔴Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи уа салламдын атасынын аты ким болгон?
Опрос
  •   Абдумутолиб
  •   Абдуллах
  •   Абутолиб
57 голосов


🟣Өзү Бейишке кирген, амалын аткарууга тыюу салынган бул ... .
Опрос
  •   Юнус а.с.
  •   Иблис
  •   Абу Талиб, Расулубузду чоңойткон аталаш агасы.
51 голосов


🔵Муса а.с. энеси канча убак эмизген?
Опрос
  •   Эмизе албаган
  •   3 ай, 3 күн
  •   Фараондун аялы 2 ж эмизген
49 голосов

Показано 20 последних публикаций.