Алты айлык насаатчылык программасы мен үчүн дагы бир маанилүү чындыкты далилдеди.
Чыныгы ийгиликтүү адамдар бул ички дүйнөсү бай адамдар, алар башкалардын өсүшүнөн коркушпайт.
Анткени алардын дүйнө таанымы молчулукка негизделген. Алар ийгилик да, мүмкүнчүлүк да, байлык да, аброй да баарына жетет деп ишенишет. Ошондуктан билимин, тажрыйбасын, каталарын жана турмуштан алган сабактарын эч тартынбай бөлүшүшөт.
Мен программабызга чакырган тажрыйбалуу саясатчылар менен коомдук ишмерлер да дал ушундай адамдар экенине дагы бир жолу ынандым. Алар курстун катышуучулары менен эң баалуу ойлорун, жеке турмушундагы сыноолорун, жеңиштерин жана турмуштук сабактарын ачык бөлүшүштү. Алар мындан эч нерсе жоготушкан жок. Тескерисинче, дагы да байышты. Анткени билим менен тажрыйба бөлүшүлгөн сайын азайбайт, тескерисинче көбөйөт. Адамдын өзү да руханий жактан байып, башкалардын урмат-сыйына ээ болот.
Чыныгы насаатчылык бул өзүңдүн ийгилигиңди кызганбай, башкалардын да өсүп-өнүгүшүнө жол ачуу.