Цитаталар МБ📚🍃


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Адам менен адамдын айырмачылыгы-акыл менен адамгерчилигинде.
@moldoshov1

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Баланын да баласы бар. Көп кийимдин ичинде да бир кийим болот. Көп буюмдун ичинде да бир буюм болот көңүлгө жаккан!


Күнөө кылганыңда Аллахтан корк дешсе,"өзүм жооп берем" дебе, жооп бере АЛБАЙСЫҢ!

Умар бин Хаттаб р.а.


Адамдардын кылган жакшылыгын ,унутпаганга аракет кылам..
Бирок жашоодо ар түрдүү нерсе болот, сөздөр да ошол ситуацияга ылайык чыгат экен.Ал мага ошондо ушундай жакшылык кылды эле деп, учур чакта капалантып атса, да өзүмдү коргобой коюуга ,акыл жол бербейт экен.
Өзүмдү коргогонум анын жакшылыгын унутуп койдум дегендик эмес.
Же жакшылык кылдым деп, ар учурда ар кандай , адамдын жүрөгүн оорутууга да мүмкүндүк деген эмес .


Жүрөккө жакын алган жакын адамдарым аз эле.Билбейм аларды келечегимден көргүм келет.Алардын жашоосун да дал өзүмдүкүн кандай жакшы элестетсем алардын келечегин да соонун кылып элестете берем.
ийгиликтүү, колубуздан иш келген, жакшылык жасай алган мыкты инсандардын катарынан көрөм.


Чабылар баш болсо, бүгүлсөң да чабылат, бүгүлбөсөң да чабылат.


технология кылымынын КИШИСИНЕ ТӨРТ СУРОО
- Жубайыңыз менен кандай таанышкансыз?
- Телефон аркылуу.
- Ата-энеңиз, балдарыңыз үчүн убакыт бөлүп турасызбы?
- Телефон аркылуу.
- Досторуңуз менен да сүйлөшүп турасызбы?
- Телефон аркылуу.
- Эми акыркы суроом.
Сиз үчүн бул жашоонун мазмуну эмнеде?
- Телефондон издеп көрөйүнчү…

- ???


Айзирек ПОЛОТБЕК кызы.

КЕСИРЧИЛИКПИ, КАНКОРЛУКПУ?

— Апа, боюмда болуп калыптыр...

— Ээ, алдырып сал, үч балаңды чоңойтсоң болот.

Чай үстүндөгү телефондо сүйлөшүү андан ары башка темада уланды.

Той башталып, мал союлду. Бооз экен.

— Убал эле болду го.

— И-ий, убал эле болуптур.

— Жаман ичим ачышты.

— Башкасын эле тандабай...

Боорукер адамдардын "боорукердиги" таңдантты.


Ишеним арт калган ишти мен кылам,
Көңүлүңдү көтөрүүгө көмүрдү да ак кылам!


Жашоодо эмне гана болбосун.

Эгерде сен билип-билбей же башка себептерден улам кандай гана жагымсыз ситуацияга кабылба. Мен сени тушүнүүгө,колдоого аркет кылам.Ара жолдо таштап кетпейм деп сөз берем.

Сен болгону ишен…


Менде да ушундай тааныш байке бар автобус айдаган.Кезигип калсак тааныш адамдардай эле сүйлөшөбүз. Менин окуум,ишимди сурап мишкалар(мишка сатам)кандай өтүп жатат деп сурап анан өзүнүн иштерин айтып берет…Үй жака жетээрде кайсыл жактан түшөсүң сен үчүн эшигиңдин алдына чейин айдап барам деп калат😅.Ии анан жолкире төлөйүн десем жөн эле кой деп албай коёт…

Жүрөк жылыйт🥰

Сиздер да жаза кетиңиздер💔


Мен ирээнжиткен же капаланткан нерселер:

Карыз алып төлөбөгөндөр.
Катасын моюнунан албагандар(факт болсо дагы)
Пайдаңа карап мамиле кылгандар.
Смске кеч жооп берүү мн өзүн укмуш сезгендер… улантыңыз🙂


Кээде таптакыр көрбөгөн, билбеген адамга болгон сырымды, жан дүйнөмдү кыйнап турган нерселерди айткым келе берет, эмнегедир жакындарыма болгон нерсемди ачылып айта албайм...

Сиздерде деле ошондой болобу?


Бакыт болсо, көппөйлү,
Кайгы болсо, чөкпөйлү.
Кагылайын адамзат,
Өмүр өтүп баратат,
Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.💔


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Тот самый бокс для неё!🎁❤️
4в1 + в подарок бесплатная доставка
В наборе есть:
- теплая шапка
- теплый шарф
- утеплённые перчатки
- термос

Цена:
2️⃣5️⃣0️⃣0️⃣❌❌❌
2️⃣1️⃣9️⃣0️⃣✅✅✅

Для заказа пишите в директ ‼️‼️

#present #hadiah #подарок #belek #бокс
https://www.instagram.com/reel/DDruRSftaTG/?igsh=cmllMTBpYWJ1Y242


Жагымдуу сөздөрдөн жаза кеткилечи….


Жаза элек ырларымдай - мыктысың!
Көрө элек жерлеримдей - кызыктуу!
Өбө элек селкилердей - жыттуусуң!
Сүйүлө элек кыздар сыңар - кылыктуу!

Бектемир


Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Бардык
мактоолор Аллахка болсун! Биз Аны мактайбыз. Андан жардам сурайбыз, Андан кечирим сурайбыз, өзүбүздүн напсибиздин
жаманчылыгы жөнүндө Аллахтан коргоо сурайбыз! Аллах Таала
кимди туура жолго салса, аны эч ким адаштыра албайт. Кимди
адаштырса, аны эч ким туура жолго сала албайт. Мен күбөлүк беремин Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Ал
жалгыз, Анын эч бир шериги жок. Жана да күбөлүк беремин Мухаммад (с.а.в) Аллахтын пендеси жана элчиси».


Мен окуган китептер,
сен окуган китептер мн бир текчеде жоолуксун.. )


Жакындасаң алыстагандарды түшүнбөйм…💔

Показано 20 последних публикаций.