Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деп айткан:
«Аллах Кыямат күнү мындай дейт: Менин улуулугум үчүн бири-бирин сүйгөндөр кайда? Бүгүн Мен аларды Өзүмдүн көлөкөмө алам, ал күнү Менин көлөкөмдөн башка эч кандай көлөкө жок».
📚(Муслим риваяты)
✏️Аллах жолунда сүйүү Ислам дининин эң бекем негиздеринен жана ыймандууларды бириктирген негизги сапаттардан болуп саналат. Бул асыл сапат үчүн Аллах Таала мол жакшылык убадалаган.
Бул хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллоху алейх ва саллам) Аллахтын Кыямат күнү бардык адамдардын алдында айрым пенделерди урматтап, аларды өзгөчөлөнтүп турганын билдирген. Аллах Таала «Менин улуулугум үчүн бири-бирин сүйгөндөр кайда?» деп чакырат. Бул жерде «Менин улуулугум үчүн» дегенде, Аллахтын буйруктарына баш ийип, анын ыраазычылыгын көздөгөн пенделер тууралуу айтылууда. Дүйнө иштерине же жеке кызыкчылыкка эмес, Аллахтын гана ыраазылыгы үчүн бири-бирин сүйгөндөр бул сыйлыкка татыктуу болушат.
Аллах Таала мындай деп убада кылган: «Бүгүн Мен аларды Өзүмдүн көлөкөмө алам». Бул жерде Аллахтын Аршынын көлөкөсү жөнүндө айтылып жатат, анткени башка риваяттарда да Арштын көлөкөсү тууралуу белгилүү болгон. Бул күн күнөөкөрлөр үчүн абдан коркунучтуу жана оор күн болот, анткени ал күнү күн абдан жакын келип, адамдардын башына түшкөн ысыктан корголуунун жолдорунун бир - Аллахтын Аршынын көлөкөсү болот. Ошондук мусулман адам башка мусулмандар менен дин жолунда достошууга аракеттенүүсү керек.
🖊Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1346