Зерикпей отуруп алып чет элдик ММКларды карап чыктым. Бир бурчунда кичинекей кабар кылып чыгарып коюшуптур. Аны да издеп араң табасың... болду... Анын ордуна Англия ханышасынын өлүмү, Украина согушу, улуттук футбол лигалары жана ар бир өлкөнүн өздөрүнүн ички маселелери жүрөт. Ал кичинекей кабарда да "эски эки совет өлкөсүнүн 30 жылдык өз ара конфликти" катары берилген. Кыскасы биз дүйнөгө өзгөчө батышка көп деле кызык эмеспиз. ООНу деле, ОДКБсы деле дагы толгон токой уюмдары "галочка" үчүн "өөй болду урушпагыла" деп бир эки кайрылуу жасашат анан болду. Ошон үчүн Россиясына деле, Европасына деле ишенбей өзүбүздүн армиябызды күчтөндүрө беришибиз керек. Кытайга алыбыз жетпесе да калган кошуна үч өлкөнү бираз сестендирип турчу армия керек. Азыр тынчыганы менен 3-4 айдан кийин дагы ызы-чуу чыкпашына эч ким кепилдик бере албайт. Рахмон өлүп жок болмоюнча чек ара маселеси чечилиши бираз кыйындай сезилип атат. Анын артынан дагы бирөө кетсе дүйнө эли эс алып калат эле...
Анан маалыматтык согушту утсак да утпасак да аны уга турчу уюмдардын бизге болгон көз карашы белгилүү эле болуп атпайбы. Андан көрө 10 Байрактар алып койсок ошол көп эле эффективдүү болмок. Өлкөбүзгө жана жетекчилерге Кудайым күч кубат берсин. Ал эми элибиз болсо өз милдетин ашыгы менен аткарып жатат.