12.05.2023, "Булакты" тартып жүрүп, тоону карап отуруп чиймелей салган ыр экен. Кээде ошентип графоман-акын боло калам.
Толкуган жүрөк менен
Тоону эңсеп күндө келем.
Тоо боору океандай.
Тоо боору океандай
Токою балыр болуп,
Топтой мен балык болуп.
Топтой мен балык болом
Тоолордун толкунунда.
Тоо бийик, мен бир чекит.
Толкуган жүрөк менен
Тоону эңсеп күндө келем.
Тоо боору океандай.
Тоо боору океандай
Токою балыр болуп,
Топтой мен балык болуп.
Топтой мен балык болом
Тоолордун толкунунда.
Тоо бийик, мен бир чекит.