Улуу ойлорду ойлоп коюп, майда конфликттер менен жашайм.
Тооктор менен кошо жатып, короз менен чогуу турууга тынбай аракет кылганым жана таңда корозду ойготуп алып, анан уйкуга кеткеним ошол майда конфликттердин бири. Азыр таңкы беш. Корозду ойготуп коюп жатайын деп, Тимирязев көчөсүндөгү токсон жетинчи үйдүн бешинчи кабатындагы караңгы бөлмөдө жатам. Бирок Тимирязев көчөсүндөгү токсон жети үйдүн биринде да короз жоктур. Тимирязев көчөсүндөгү токсон жети үйдү кайта-кайта кайрып жазган бул сүйлөмдөрдүн мааниси да жоктур.
Мен ушинтип караңгы бөлмөдө жатып алып, ойлогонго ой калбай калганда, эски сезим менен жактырган ырларды угуп, эски жазышкан каттарды окуйм. Азыр да айпонумда эски бир ыр ойноп жатат. Анын атын жазгандан жаңы сезим тартынат. Эски сезим жактырган ырларды, кыздарды, сырларды жазгандан тартынат жаңы сезим. Азырынча ушундай. Мен азыр жаңы сезимди түшүнгөнгө тырышып жүрөм. Аның да түшүнүп алгыча эскирип кетпесе деп күн сайын короздун кыйкырышынан чоочулап таң атырам. Жаңылануу, өзгөрүү дайым кыйын болот да. Жаңылануудан кийин эскини, өзгөрүүдөн кийин өзгөрбөй калып кеткендерди кабыл алуу анан кое берүү кыйын да. Кабыл алуу анан кое берүү. Бул эки сөздү акыркы айларда өтө көп ойлодум. “Өтө” деп апыртпай эле коеюн. Көп ойлодум, жөн эле көп ойлодум. Ошо жөн эле көп ойлогон кабыл алуу менен кое берүү биз умтулган ыйман, нирвана, Кудай, бейиштин башаты болот турбайбы. Муну мен айтып-айтпасам деле, жазбасам деле баарыңар билесиңер. Бирок биз баарыбыз балакет басып билген эле нерселерибизди күн сайын унутуп кала берет турбайбызбы.
Эмне деп жаттым эле?..
Короз кыйкырды!
Апырттым.
Тимирязев көчөсүндө кайдагы короз.
Бирок кыйкырды болуш керек. Алайдагы тоокканалардын биринде кыйкырды болуш керек.
Ошо. Күнүңөр кутмандуу, асманыңар жарык, акылыңар тунук болсун.