KABAR KG


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Кыргыз жергесиндеги гана емес буткул дуйнодо болуп жаткан акыркы коомдук, маданий, саясий, шоу-бизнес кабарлары бул жерде👇
Релклама @Ads_Kyrgyz_bot

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Орозо айындагы битир-садаганын өлчөмү бекитилди

Муфтияттын маалыматына ылайык, ар бир адамга 50 сомдон туура келет. Бул 1 кг 600 грамм буудайдын базар баасы.

Буудайдан сырткары өз шартына карап ун, мейиз, арпа жана курманын сүрөттө көрсөтүлгөн өлчөмдөгү баасына тууралап битир-садага берсе болот.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кутман таң, замандаш! Ал-жайыңыз жакшыбы?

7-мартта өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5.
 Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градуска чейин жылыйт.

Алтын башыңыз аман болсун!


📥 @VSave_Bot bilan yuklab olindi


Репост из: Неизвестно
Рамазанга даярдык кандай жүрүүдө 🥰


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жалал-Абад милициясы айымдарды алдыдагы майрамы менен куттуктап, жакшы маанай тартуулады

Укук коргоочулар 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге мугалимдерге, айдоочу айымдарга гүл беришти.

👉 @tezkabar24 👈


❗️Орозо айында ооз ачар учурунда электр энергиясын өчүрбөөгө аракет кылабыз. Бул туурасында энергетика министри билдирди.

Мындан сырткары, ал таравих намазын окуу үчүн мечиттерде жарыкты үзгүлтүккө учуратпай, керек болсо генераторлорду коюп берерин убадалады.

“Бул жумуштар биздин ыйык айдагы бирден-бир парзыбыз”, — деди Таалайбек Ибраев.

Министр буга чейин эртең менен жана кечинде 1-1,5 саатка жарык өчүрүлүп турарын айткан.

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📌3-март күнү АКШда жол кырсыгынан 2 кыргызстандык жигит каза болгону айтылган. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги кырсык тууралуу расмий маалымат берип, алардын сөөгүн мекенге жеткирүү боюнча маселе каралып жатканын билдирген.

Социалдык тармактарда Алмаз Эгембердиев аттуу колдонуучу каза болгондордун досу экенин айтып, кырсык тууралуу айтып берген видеосун жарыялады.

Анын айтымында, алар жолдо баратканда унаалары бузулуп, аны оңдоо үчүн сыртка чыгып, жолдун жээгинде турганда мас абалындагы аял келип сүзүп кеткен. Эки кыргыз жигити окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми рульда америкалык аял болгону айтылды.

Видеодон полиция кызматкери кыргыз улутундагы жарандарга окуя тууралуу айтып берип жатканын да көрүүгө болот.

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жалал-Абад облустук милициясы каржы пирамидаларына катталууда этият болууга чакырып, оңой тамак капканда гана болоорун эскортет


❗️Кыргызстанда электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүү керектигин Энергетика министрлиги билдирди

Чектөө эртең менен жана кечинде (электр энергия эң көп талап болгон маалда) киргизилиши мүмкүн.

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты менен Үч-Коргон ГЭСинин №4 агрегатын оңдоо иштери башталып, мындан улам электр энергиясынын тартыштыгы пайда болору айтылды. Ушуга байланыштуу электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка азаят.

Министрлик элден бир нече электр шаймандарын бир убакта, өзгөчө эртең менен саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана кечки 18:00дөн 21:00гө чейин күйгүзбөөгө чакырат.

👉 @tezkabar24 👈


Бүткүл дүйнө жүзү боюнча интернет колдонуучулары Facebook* жана Instagram* түйүндөрүн массалык өчүрүүлүшүнө нааразы болушууда.

Колдонуучулар бул социалдык тармактардан чыгарылды, алар кирүү үчүн сыр сөздү талап кылууда. Бирок сыр сөздү жазуу менен да кирүүгө болбой жатат.

👉 @tezkabar24 👈


Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардын бири. Ички дүйнөбүздү жаман түшүнүктөрдөн, сырткы келбетибизди туура эмес кыймыл-аракеттерден тазалаган орозо Рамазан айында кармалат. Орозонун шарияттагы мааниси — милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу.

Рамазан айына жүрөгүбүз тазаланып, күнөөлөрдөн арылып баштаганда көбүрөөк сооп алабыз. Ыйык рамазан айына кантип даярдануу керек? Эмне кылуу керек? Бул тууралуу билип алыңыз.

1. Алгач карыз орозолорду кармоо

Ѳткѳн жылкы Рамазанда белгилүү бир себептер менен кармалбай калган орозо күндѳрдүн ордун толтуруу керек. Тактап айтканда каза орозолорду келе жаткан Рамазан айына чейин кармап бүтүрүү керек.

2. Кечирим суроо

Рамазанга чейин бири-бирин таарынткан болсо, капа кылса кечирим сураганы жакшы. Туугандык мамилени үзгөн болсо, барып жарашканы туура.

3. Карыздардан кутулуу

Орозого чейин карыздарыңыз болсо, алардан кутулганга аракет жасаңыз. Хадисте: «Үй-бүлѳсү муктаждыкта жана карыздары бар адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт» деп айтылган.

4. Жакшы сөздөрдү сүйлөө

Күнүмдүк жашоодо оозуңуздан жаман сөздөр чыгып жүрсө, ыйык күндөргө даярданууда бул жаман сапаттан арылганыныз оң. Ичимдик ичкенди дагы токтотуу абзел. Ошондой эле жалган сүйлөгөндөн алыс болуңуз.

5. Жакшы иштерди жасаңыз

Рамазан айы жакындаган сайын жакшы иштерди жасоого жүрѳктү даярдоо керек. Ыйык Куранды окуу, намаз окууга мечитке баруу, кайрымдуулук иштерин кылуу…

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бактылуу карылык...
Күндүн эң жагымдуу видеосу.
Тунук махабаттын бар экенин дагы бир жолу далилдеген чоң ата менен чоң эне.

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Асмандан жарык керсен жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
5-Март -АК КАЛПАК КҮНҮ

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Суусамырдык 13 жаштагы Рамазан Кабылбеков соцтармактын жылдызына айланды

Ал өзүнүн чеберчилиги менен багынтты

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Алдамчылар Telegramда видео билдирүүлөрдү жасалмалай башташты

Алар аккаунтту бузуп, баракчанын ээсинин досторуна чөйрөлөрдү жөнөтүп, акча которууну суранышат.

👉 @tezkabar24 👈


Россиянын 35 жогорку окуу жайы Бишкек, Кант жана Кара-Балта шаарларында программасы боюнча маалымат берет

13-15-мартта Кыргызстанда россиялык университеттердин “Россиядагы билим” атуу көргөзмөсү уюштурулат. Абитуриенттер ЖОЖ өкүлдөрүнөн кеңеш алып, алдын ала сынактан өтсө болот. Катышуу акысыз.

👉 @tezkabar24 👈


⚡️Быйыл Рамазан айы 11-мартта башталарын Казакстандын муфтияты билдирди

Маалыматта дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын Окумуштуулар кеңеши менен кеңешүүдөн кийин бекитилгени айтылат.

“Рамазан айы 11-мартта башталат. 6-апрелге караган түн — ыйык Кадыр түн, 10-апрель — Орозо айт деп белгиленди”, — деп билдирди Казакстандын муфтияты.

Кыргызстандын муфтияты Орозо качан башталарын так айта элек. Буга чейин өкмөт Орозо айт — 10-апрелде, ал эми Курман айт — 17-июнда белгиленерин айтан.

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📌 Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу Бактыяр Дүйшөбеков үйлөндү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-мартта Кыргыз футбол бирикмесинен тастыктышты.

Маалымдалгандай, Кыргыз футбол бирикмеси социалдык баракчасына "Бактыяр жана Зарема куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула", - деп видеосун жарыялаган.

Мындан тышкары аталган футбол бирикмесинин маалымат кызматы 2-мартта Зареманын кыз узатуусу болуп, 8-мартта үйлөнүү тою болорун кошумчалады.

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📌 Министрлер кабинетинин www.gov.kg расмий сайтында жарыяланган пресс-релиздерди мамлекеттик тилде аудио форматта угууга болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

👉 @tezkabar24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстандагы лыжа трассаларынын биринде тайманбас кишини дароо куткарып калды

👉 @tezkabar24 👈



Показано 20 последних публикаций.