🗣️🔊 Сүйлөгөн сөзүнө жараша адамга берилген мүнөздөмө:
Сары ооз - сөз биле бербеген, жаш, турмуштун ысык-суугун көрө элек жаш бала.
Ачык ооз - сөздү кармай албаган, оозуна келгенин айта берген, сөзге бекем эмес адам.
Бакан ооз -ушакчы, айгак адам.
Кара ооз - оозунан жакшы сөз чыкпаган адам.
Кери ооз - тетири сүйлөп, ынтымакка кирбеген адам.
Жалаяк ооз - ажылдап сүйлөп турган, сөз маанисин билбеген адам.
Ириген ооз - оозунан уруштун, жаңжалдын сөзү чыгып, элди уруштуруп турган адам.
Бек ооз - убадага бек турган адам.
Бок ооз - сөгүнүп, уят сөздү көп айткна адам.
Оймок ооз - анда-санда чоюлуп сүйлөгөн, сыпайы адам.
Алтын ооз - нарктуу-барктуу сүйлөгөн, сөзмөр, чечен адам.
Арам ооз - кутум сөз сүйлөп, эл бузган жаман адам.
Жазыктуу ооз - туура эмес сөз сүйлөп жазыктуу, айыптуу, күнөөлүү болго адам.
Сасык ооз - жаман сөзү менен элге жек көнүндүболгон адам.
Куру ооз - жыйында сөз тийбей калган, же тамак тийбей калган адам.
📚💬 Сөз арасында адамды сүрөттөө үчүн колдонулган айкаштар. Кыргыз тилинин сөз байлыгы кең!