🔊
Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым.🔸 Азыр барыбыз билгендей АйТи курстар жана АйТи тармагын окуткан окуу жайлар, университеттер, колледжер абдан көп, бирок дагы деле баягы көйгөй, жумуш табуу абдан оор маселе болуп жатат.
🔸Чындап АйТи тармакта өз ордумду тапкым келет, жумушка орношкум келет дегендерге жардам берүүнү улантып жатабыз.
🔸Буга чейинки ачылган стажировка командабыздан Оптима банкка, Бай дыйкан компаниясына дагы бир канча компанияга жумушка кирген стажерлерубуз болду.
🔸Биз бул ирет жакшы тажрыйба топтой алдык. Проекттерди даярдап чыктык. Эми бизде мурункудан да жакшы жаңылыктар пайда болду.
Бакай банктан Нурдөөлөт мырза, Элдик банктан Элдияр мырза, Италиядан Арууке, Польшадан Кызсайкал, жана бул жактан мен командам менен кийинки стажировканы дагы да профессионалдуу жана олуттуу кылып иштеп чыктык.
1 жылдык узун стажировка баштадык.
🔸Рамазан айынын ичинде 2 проект фроненд, бекенд, мобилька, дизайнер команда менен толугу менен талкуу кылынат. Андан кийин чогуу отуруп техникалык тапшырмалар жазылат. Дизайнерлер проекттин дизайнын иштеп чыкканга чейин программисттер кошумча тапшырмаларды алып, билимин арттырып турушат.
Качан гана дизайн даяр болгондо программисттер архитектура түзүп, кайрадан проектти талкуулап, разработка жумуштарын башташат.
🔸Стажировка толугу менен он-лайн болот. Күндүз башка жумушун аткарып, кеч киргенде толугу менен разработкага отура алам дегендер, 1 жыл аралыгында сөзсүз жакшы компанияга жумушка кирип кетишим керек деген стажерлерду кабыл алууга даярбыз.
1. Flutter developer;
2. Java developer;
3. JavaScript developer;
4. UX – UI Designer;
🔸 Ушул багыттагы стажерлерду кабыл алабыз, албетте төлөмү арзан болбойт. Каалоочулардын бардыгын ала бербейбиз, каалоосу күчтүү жана ушул багытта сөзсүз иштеп кетишим керек деген гана адамдарды алабыз. Өзүнө ишенген, АйТи тармакта өзүн издеген стажерлер үчүн эшигибиз ачык.
Албетте орундар чектелүү.✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 26-февраль, 2025-жыл.