☪️ АЙТ НАМАЗДЫН УБАКТЫСЫ
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Айт намазы айт күнү күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин (күндүн чыкканына 45-50 мүнөт болгондон кийин) окулат. Айт намазына күн так төбөгө келгенге чейин окуса болот. Орозо айттын биринчи күнүн аныктоодо каталык кетирилсе, же болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам убагында окулбай калса, айт намазы эртеси деле окула берет. Андан кийинкиге калтырылбайт. Курман айтта жүйөлүү себептерден улам калтырылган айт намазы экинчи же болбосо үчүнчү күнү деле окула берет.
АЙТ НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ ЭРЕЖЕСИ
Айт намазы эки ирекеттен турат. Жамаат менен бирге окулат. Айт намаз кадимки эле эки ирекет намаздардай эле окулат. Бир гана айырмасы: алгачкы ирекетте "субханака" дубасынан кийин үч жолу такбир айтылат жана экинчи ирекетте рукуга баруудан мурда дагы үч жолу такбир айтылат. Ошондой эле, айт намазы үчүн азан жана каамат окулбайт.
АЙТ НАМАЗЫ МЫНДАЙЧА ОКУЛАТ:
Башталганда кайсы айт болсо ошого жараша "эки ирекет Рамазан же курман айт намазын окууга" деп ниет кылынат. "Аллаху акбар" деп биринчи имам, артынан жамаат намазды баштоо такбирин айтып, колдор кулак тушуна чейин көтөрүлөт. Колдор байланганда "субханака" дубасы окулат. Кийин имам үн чыгарып, жамаат болсо үн чыгарбай үч жолу "Аллаху акбар" деп такбир айтат. Ар бир такбирде колдор кулак тушуна чейин көтөрүлүп, анан кайра капталдарына карай түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндиктин астына байланат. Имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окуйт. Анан кадимки руку жана саждалар кылынат. Экинчи ирекетте имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окугандан кийин рукуга баруудан мурда үч жолу такбир айтат. Жамаат да имамдын артынан үч жолу такбир айтып колдорун кулак тушуна чейин көтөрүп, үчүнчү такбирден кийин гана рукуга барылат. Саждалар кылынып, олтуруп Ат-тахиййат жана салаваттар окулгандан кийин салам берилет.
Ошону менен намаз бүтөт. Мындан кийин имам хутба окуйт. Жамаат имамдын хутбасын угуп бүткөн соң намаздан тарайт.
📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222