☪️ КЕЛЕРКИ РАМАЗАНГА ЧЕЙИН...☪️
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жоро-жолдоштору (сахабалар) Рамазан айына бул айдан алты ай мурун ыкластуу ыбадаттар менен күн мурунтан камына баштап, Рамазан айы чыккан соң дагы алты ай бою Рамазан менен коштошуу маанайында жашашкан экен. Ошондуктан алардын жыл он эки айы бүт бойдон Рамазандын руху менен өтчү дешет...
Мынакей, динибиздеги ибадаттардын ичинде эң маанилүү жана өзгөчө орду бар Рамазан айы менен да коштошуп жатабыз. Кудум жамаат менен окулган намаздагыдай, Жараткандын сыйларына шүгүрчүлүк маанисинде айтсак, өлкөбүздө жашап жаткан мусулмандардын көпчүлүгү бул куттуу айда чогуу орозо кармашты, бирдей убакыттарда саарлыкка туруп, кечинде ооз ачуу кубанычын баштан өткөрүштү. Шам намазынын азаны айтыларга жакындаган сайын үйлөрүн көздөй шашыла жүргөндөрдүн, окшош сезимдерге толуп-ташып улуу Жараткандан сооп күткөндөрдүн абалы, кыбыланы карай бир багытка жүздөнүп чогуу сапка тизилип намаз окугандардан айырмасыз эле. Кыскасы бардыгынын максаттары бир болчу - азан айтылары менен ыйык чакырыкка үндөшүп: "Оо, Аллахым! Өзүң үчүн орозо туттум, Өзүңө ишендим, Өзүңө гана таяндым. Өзүң берген ырыскылар менен ооз ачып жатамын" деп Жаратканга тилек айтып ифтарлыкка олтурушат...
Кудум бир кудсий хадисте намаз тууралуу: "Пендем парздарды аткарган соң, нафилдер менен Мага жакындашат" делгениндей, орозо тууралуу да ушул эле нерсени айтууга болот. Деги эле Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) парз намаздардын алды-артында сүннөттөрдү, аввабин, духаа жана тахажжуд сыяктуу нафил намаздарды кошуп окуп бизге жол көрсөтүү менен бирге, орозо ибадатында да ушундай нафилдерге өзгөчө көңүл бурган. Мисалы, Рамазан айы бүтүп, айт күндөрү өтөрү менен эле Шаввал айында дароо алты күн орозо кармоо, "жарык күндөр" деп аталган ар бир айдын 13-14-15- күндөрүн орозо тутуу менен өткөрүү; аптанын ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүндө орозо кармоо; айрыкча чамасы жеткендер Дауд пайгамбардын орозосу деп аталган бир күн орозо- бир күн оозу ачык жүрүү ж.б. мына ошол нафил ибадаттардын катарында.
Кыскасы, келерки Рамазанга чейин нафил намаздар жана нафил орозолор менен ар дайым рухубузду курчутушубуз зарыл. Ошондо гана парз намаздарда жана келерки рамазанда (тирүү турсак) татыктуу кулчулукка кадам таштоого мүмкүнчүлүк туулат. Бир улуу аалымдын айтканындай, намаздашкан жана орозолошкон бактылуу инсандардан бололу...
АЛЛАХ ТААЛА БААРЫҢЫЗДАРГА ЭКИ ДҮЙНӨДӨ БАКТЫЛУУЛУК ТАРТУУЛАСЫН. САЛАМАТТА КАЛЫҢЫЗДАР!
📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222