🔰 БИР ТУУГАНДЫК
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
🌴 АЯТ: "Ыймандуулар - бир тууган!" ("Хужурат" сүрөсү; 10-аят)
🌴 ХАДИС: "Мусулман - мусулмандын бир тууганы. Мусулман мусулманга зулумдук кылбайт. Алар бири-бирин кыйынчылыкта жалгыз таштабайт. Ким мусулман бир тууганынын муктаждыгын камсыз кылса, Аллах Таала да анын муктаждыгын камсыз кылат. Ким бир тууганын бир кыйынчылыктан куткарса, Аллах да аны кыямат күнү бир азабынан куткарат. Ким мусулман боордошунун кемчилигин (элге жарыялабай) жашырса, Аллах да кыямат күнү анын айыбын жабат!"
🌴 МАСЕЛЕ: АНСАР МЕНЕН МУХАЖИРЛЕРДИН БИР ТУУГАНДЫГЫ
Ислам дининде бир туугандык туурасында кеп кыла турган болсок, эң алгач ансарлар менен мухажирлердин бир туугандыгы айтылат. Бул бир туугандыкты билбей жана түшүнбөй туруп чыныгы бир туугандыкты оңой менен аңдап биле албайбыз. Андыктан жалпы мусулмандарга үлгү боло алган ошол ансарлар менен мухажир мусулмандардын бир туугандыгына назар салып көрөлү. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн баардык нерсесин Меккеге таштап, Мадинага көчүп келген мусулман мухажирлерге мадиналык мусулмандар (ансарлар) чын дилден кучак жайып, колдорунан келген баардык жардамын көрсөтүү менен бүткүл адамзатына жандуу үлгү боло алышкан.
Коомдун ар кандай катмарлары бул бир туугандыктан улам бири-бири менен жуурулушуп, уруулардын ортосундагы текеберликти жана душмандыкты жок кылды. Ниеттери түз, максаттары улук, ичи-сырты нурдуу, адамгерчиликтүү коомдун түптөлүшүндө мына ушул бир туугандык чоң роль ойнойт.
📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222