TGStat
TGStat
Введите текст для поиска
Расширенный поиск каналов
  • flag Russian
    Язык сайта
    flag Russian flag English flag Uzbek
  • Вход на сайт
  • Каталог
    Каталог каналов и чатов Поиск каналов
    Добавить канал/чат
  • Рейтинги
    Рейтинг каналов Рейтинг чатов Рейтинг публикаций
    Рейтинги брендов и персон
  • Аналитика
  • Поиск по публикациям
  • Мониторинг Telegram
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

4 Oct, 06:35

Открыть в Telegram Поделиться Пожаловаться

🔰 АЛЛАХ ТААЛА - КООЗ, КООЗДУКТУ ЖАКТЫРАТ.

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

Аллах - кооз, кооздукту жакшы көрөт, пайгамбарыбыз ( ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун ) таза, жыпар жыттуу, сырт келбети жагымдуу болчу. Бизди да кебетебизди оңдоого, ак түстө кийинүүгө, мисвак колдонуп, оозду таза кармоого, тырмакты алып, чач-сакалды иреттеп, жуунуп-таранып жүрүүгө кызыктырган. Булар туурасында Куран аяттарынан сырткары ондогон хадистер бар.

Менин насаатым да ушул: жан дүйнөңдү тазалоо менен бирге сырткы келбетиңе да көңүл бур. Жуунуу, оозду таза кармоо, кийимдин жарашыгына, тазалыгына көңүл буруу - мусулмандын милдети. Көргөн адам жийиркене тургандай кир, жарашыксыз кийинбе. Чач-сакалыңды үксүйтпөй майлап-тарап, таза, иреттүү карма. Анткени, мусулман - Исламдын күзгүсү, жагымсыз турпатыңды көрүп, кимдир бирөө исламды жек көрүп калуусу толук мүмкүн. Аллах эң жакшы сүрөттө жараткан пенделеринин бири экениңди унутпа.

Дайыма жуун, тамактан кийин колуңду жуу, мисвакты ар бир дааратыңда колдон, тиш пастасы менен тишиңди тазала, жыттуу миск, атырларды пайдалан. Өзүңө да, үй-бүлөңө да, чогуу иштегендерге да жагымдуу бол. Кээде бутуңдун же денеңдин жагымсыз жыты чөйрөңө терс таасирин тийгизип, ишиңдин ийгиликсиз болуусуна, же күнүңдүн көңүлсүз улануусуна себеп болуп калуусу турган иш.

Аллах Таала - таза: тазаларды гана кабыл алат. Аллах Таала пенделеринин жаратылышын кооз, бой-турпатын келишимдүү, сүрөтүн адеми жараткан, мына ушул жаратылышка каршы болбой, бою-башты таза кармоо зарыл. Айрым акылы тайыздар ойлогондой, адамдын бул дүйнө жыргалынан кечип, кечил же дубанадай өмүр сүрүүсү сүннөткө туура келбейт.

Мусулман жөнөкөй, жупуну, бирок, таза, тыкан, тың, беделдүү, эң негизгиси сүннөткө ылайык өмүр сүрүүсү абзел.

"Чынында, Биз адам баласын кереметтүү кылдык..." ( "Исра" сүрөсү, 70-аят), бул - Алланын сөзү. Пенденин кереметтүүлүгү анын келишкен келбетинде, жакшы мүнөзүндө, бекем ыйманында жана кооз көрүнүшүндө.

📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

139 0 1 1
Каталог
Каталог каналов и чатов Подборки каналов Поиск каналов Добавить канал/чат
Рейтинги
Рейтинг каналов Telegram Рейтинг чатов Telegram Рейтинг публикаций Рейтинги брендов и персон
API
API статистики API поиска публикаций API Callback
Наши каналы
@TGStat @TGStat_Chat @telepulse @TGStatAPI
Почитать
Академия TGStat Исследование Telegram 2019 Исследование Telegram 2021 Исследование Telegram 2023
Контакты
Справочный центр Поддержка Почта Вакансии
Всякая всячина
Пользовательское соглашение Политика конфиденциальности Публичная оферта
Наши боты
@TGStat_Bot @SearcheeBot @TGAlertsBot @tg_analytics_bot @TGStatChatBot