Жашооңузду өзгөртө турган убакытты башкаруу боюнча 14 кеңеш
1. Эрте ойгонуңуз – күнүңүздү узун кылыңыз
Баарыбыздын 24 саатыбыз бар. Бир суткадагы сааттардын санын өзгөртө албайсыз, бирок бир аз эрте ойгонуп, иш күнүңүздү узарта аласыз. Оптималдуу энергия деңгээлине жетүү үчүн денеңиз 6-8 саат уктоону талап кылат. Ойготкучту 15 мүнөт эрте коюу менен баштаңыз жана убакыт алкагын акырындык менен көбөйтүңүз. Бул убакытты көнүгүү, медитация, күнүңүздү пландаштыруу же хобби менен алектенүү үчүн колдонуңуз. Убакыттын өтүшү менен сиз күнүмдүк өндүрүмдүүлүгүңүздү жогорулатасыз жана убакытты башкаруу көйгөй болбой калат.
2. Туура максаттарды коюуңуз, жөн эле каалоо бойдон калбасын, аткарыңыз
Максат коюунун туура жана туура эмес жолу бар экенин билесизби? Максат пайда алып келбесе, анда сиз ага туура эмес мамиле кылып жатасыз. Эгер максат туура коюлса, анда сиздин өндүрүмдүүлүгүңүз асманга көтөрүлөт.
SMART максаттарын коюңуз - конкреттүү, өлчөнө турган, жетүүгө боло турган, реалдуу жана убакыт менен чектелген. Бул сиздин жумушуңушга, жашооңузга бекемдик алып келип, сизди бүгүнкү күнгө даярдайт.
3. Таңды эң маанилүү иштерден баштаңыз
Марк Твен бир жолу: "Күн сайын эртең менен тирүү баканы же, ошондо сага күнү бою андан жаман эч нерсе болбойт" деп айткан. Эртен менен эң маанилуу милдетти чечүү максатын коюңуз. Эгерде сизде эки же андан көп бака бар болсо, биринчиден эң чоңун жеңиз.
Тайм менеджмент жана приоритеттүүлүүк катарлаш жүрөт. Сиз эмне кылуу керек экенин билгениңизде гана убакытты эффективдүү башкара аласыз.
4. "Сиздин аймакты" табыңыз
Белгилүү сааттарда сиз өзгөчө көңүл буруп, өндүрүмдүүлүгүңүз кескин жогорулаганын байкаган чыгарсыз. Бул учур акыл сырткы шарттар менен толук гармонияда болгондо пайда болот. Кээ бирөөлөр аны "агым" деп атаса, башкалары "зона" деп аташат.
Сиздин "зонаны" табуу убакытты туура пайдаланууга үндөйт. Бул сиз өзүңүздү эркин сезип, колуңуздан келгендин баарын кылган оптималдуу маанайга жетүүгө жардам берет.
5. Жашооңуздан алаксыткан нерселерди жок кылыңыз
Электрондук почта, телефон чалуулар жана социалдык медиа билдирүүлөрү жумуш ордунда эң кеңири таралган алаксытуулардын айрымдары. Статистикалык маалыматтарга караганда, сиз жумуш ордунда алаксуулардан улам жыл сайын 759 саатты жоготосуз. Алаксуулардын аркасында 60 мүнөткө созулган иш 3 сааттан ашык убакытты алат.
Артыкчылыктуу иштерди аткарып жатканыңызда телефонуңузду үнсүз режимге коюп, интернетти өчүрүңүз. Натыйжада, сиз көп убакытты үнөмдөйсүз жана өндүрүмдүүлүгүңүздү жогорулатасыз.
6. Көп милдетти аткарууга жок деп айтыңыз - санга караганда сапат жакшыраак
Эгер сиз бир эле учурда өтө көп тапшырмаларды аткаруу менен сыймыктансаңыз, бул жерде сиз үчүн статистикалык маалымат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдардын 2% гана көп тапшырманы натыйжалуу аткара алат. Калган 98% жөн гана убактысын текке кетирип, жалпы өндүрүмдүүлүктү төмөндөтүшөт.
Көңүлүңүздү ар башка нерсеге бөлбөй, бир нерсеге басым жасаганыңыз оң.
7. Кыска тыныгууларды бат-баттан алып туруңуз
Бул карама-каршы сезилиши мүмкүн, бирок тыныгуу убакытты башкаруунун натыйжалуу стратегияларынын бири болуп саналат. Кантип? Келгиле, эки сценарийди элестетип көрөлү. Биринчисинде 5-7 саат бою бир иштин үстүндө иштеген команданын мүчөсүн элестетиңиз. Ал эми дагы бир команда мүчөсү тез-тез кыска тыныгуулар менен ошол эле иштин үстүндө иштеп жатат. Ким өз убактысын натыйжалуу пайдаланат деп ойлойсуз? Албетте, экинчиси. Акылдуу убакытты башкаруу ар дайым тигил же бул иш менен байланыштуу эмес. Бул саат сайын кичинекей тыныгуулар сиздин өндүрүмдүүлүгүңүздү башка деңгээлге көтөрө аларын баса белгилейт.