Подгузниктер, присыпка, буламык, сүт, түнкү саат 3тө ойгонуу – булардын баарына карабай, биз бул Ааламдагы эң бактылуу адамдар болчубуз.
Андан кийин Беманы ооруканага алып кетишти. "Өпкөсүндө мандем бар" дешти. Биз Айжаркыным экөөбүз тынчсызданып үйдө күтүп калдык...
Бир жолу сүйүп калган адамымдан ажырай албайм, ал адам жанымда жок болсо дагы башкасын сүйө албайм. Чыныгы сүйүүдөн кийин башка бирөөнү табуу – бул кыянатчылык. Мурдагы түгөйүңө, жүрөгүңдү жылыткан сезимдериңе жасаган кыянатчылык. Ооба, мен бир гана жолу сүйгөн адаммын. Бүгүн 2020-жылдын 8-марты. Мен экинчи жолу сүйө албастыгымды бүгүн так түшүндүм.
- Мен сени түбөлүк сүйөм, Бема...
- Сени менен бирге жүргөн жагат... – сүйүктүүмдүн үнү кулагыма угулду...
Артыма бурулдум. Бирок эч ким жок. Мен бозоргон мазардын алдында чөгөлөп отурдум. Өпкөсүндөгү мандем кургак учук болуп чыкты. Дарыгерлер Берметти сактай алышкан жок. Солкулдап токтоно албай ыйлап отуруп, кызарып чыккан жүзүмдү март айынын ичиркенткен шамалы аймалаганча дагы бир нече мүнөт ошол жерде турдум.
- Эл аралык айымдар күнү менен...Биздин күнүбүз менен...
Мен өйдө болуп, топурак болгон тиземди күбүп, автобус аялдамасын карай жөнөдүм. Үйдө мени Айжаркын күтүп жаткан – биздин түбөлүк сүйүүбүздүн далили...
Айнура.