https://islamqa.info/ar/21523
📜 “КУТУБУ АС-СИТТА” (Эң ишенимдүү алты китеп) КИТЕПТЕРИНИН ТҮЗҮҮЧҮЛӨРҮ
❓ СУРОО: 21523
“Алты эң ишенимдүү хадис жыйнактарынын” түзүүчүлөрү жөнүндө айтып бересизби жана алардын китептеринде алсыз хадистер барбы?
📎 КЫСКАЧА ЖООП:
Имам Бухари менен имам Муслимдин “Сахих” китептериндеги хадистерди үммөт кабыл алып, алардын ишенимдүүлүгүнө бир добуштан макул болушкан, бир нече гана хадистерден башкасы. Бул хадистерди алар алардын алсыздыгын түшүндүрүү үчүн келтиришкен, жана бул тууралуу «Сахихтерге» жазылган түшүндүрмөлөрдө, мисалы, Ибн Теймия (Аллах аны ырайымына алсын) айткан.
Ал эми калган “Сунан” китептеринде болсо, алсыз хадистер кездешет. Бул хадистердин айрымдарына авторлор өздөрү токтолуп, эскертүү беришкен болсо, кээ бирлерине башка аалымдар түшүндүрмө беришкен. Хадистердин иснад менен берилгендиги үчүн аалымдар анын риваятчыларынын ишенимдүүлүгүн текшерип, күчтүү хадистерди алсыздарынан айырмалай алышат.
🪶 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
Алты китеп ээлери кимдер?
1️⃣➖➖➖➖ ➖➖➖➖➖➖
Ал: Абу Абдуллах Мухаммад ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн аль-Мугира ибн Бардизбах ал-Жуфи аль-Бухари. Анын чоң атасы Мугира Бухаранын башкаруучусу Йаман ал-Жуфинин азат кылынган кулу болгон. Исламды кабыл алгандан кийин, ал Жуфи уруусуна таандык болуп калган.
Имам Бухари хижранын 194-жылы Бухарада туулган. Ал кичине кезинде жетим калып, 10 жашка толо электе хадистерди жаттай баштаган. Жашы жетилгенде илим издеп саякатка чыккан. Алгач Меккеге барып ажылык парзын аткарган жана ошол жакта бир нече убакыт калып, фикх, усул жана хадис илимдерин ошол доордогу алдыңкы аалымдардан үйрөнгөн.
Андан кийин 16 жыл бою Ислам өлкөлөрүн кыдырып, илимдин борборлоруна барып, хадистерди топтогон. Бул мезгил аралыгында ал 600 миңден ашуун хадисти чогултуп, 1000ден ашык мухаддис менен жолугушуп, алардын хадистерин изилдеп, талкуулап чыккан.
Имам Бухари хадис риваят кылгандардын арасында чынчылдык, такыбалык жана туура ишенимди кармангандыгы менен белгилүү болгон адамдардан гана хадистерди чогулткан. Бул чогулган хадистердин чоң көлөмүнөн ал “Сахих” деп аталган китебине эң ишенимдүү хадистерди кылдаттык менен тандап киргизген.
Имам Бухари хадистердин тууралыгын аныктоо үчүн эң так илимий ыкмаларды колдонгон: ар бир хадисти иликтөө, аныктоо, риваятчылардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана туура эмес хадистерди четке кагуу менен өзүнүн китебине “сахих хадистерди” гана киргизген.
Ал өзүнүн бул эмгегин: «Аль-Жами ас-Сахих аль-Муснад мин хадиси Расулиллахи ﷺ ва сунанихи ва аййямихи».(“Аллахтын элчисинин ﷺ хадистери, анын сүннөттөрү жана өмүр таржымалы боюнча сахих тастыкталган жыйнак” деп атаган).
Бухаранын башчысы имам Бухарини өз үйүнө чакырып, балдарына сабак берип, хадистерди окутуп берүүсүн каалаган. Бирок имам Бухари муну кабыл алган эмес жана ага мындай деп жооп берген: “Илимди өз үйүндө үйрөтүшөт.” Башкача айтканда,
📒ИЛИМ АДАМГА БАРБАЙТ, АДАМ ИЛИМГЕ БАРАТ📕
Ким аалымдардан илим алгысы келсе, аларга мечитке же алардын үйүнө барышы керек деген ойду карманган.
Бул жооп башкаруучунун кыжырын келтирип, ал имам Бухарини Бухарадан чыгарып жиберүүнү буйрук кылган. Ошентип, имам Бухари Самаркандга жакын жайгашкан Хартанг айылына көчүп барып, ошол жактагы туугандарынын жанында жашаган. Ал ошол жерде жашап, хижранын 256-жылы 62 жашында каза болгон.
Аллах Таала имам Бухариге ырайым кылып, бейиште эң жогорку даражаларды насип кылсын.
2️⃣ ➖➖➖➖ ➖➖➖➖➖➖
Ал: Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим аль-Кушайри ан-Найсабури, Абу Хусейн деген ысым менен таанылган. Хадис илимине өзгөчө салым кошкон улуу аалымдардын бири. Ал 204-хижрий жылы Нишапурда, имам Шафиинин көз жумган күнү төрөлгөн. Алгачкы илимди туулуп-өскөн жеринде алган соң, жашы жетилгенде хадис издеп Ирак, Хижаз жана башка аймактарга саякат кылган. Ал көптөгөн аалымдардан хадистерди уккан жана анын хадистерин дагы көптөгөн мухаддистер риваят кылган.

Алты китеп ээлери:
1. Имам Бухари
2. Имам Муслим
3. Имам Абу Дауд
4. Имам Тирмизи
5. Имам Насаи
6. Имам Ибн Мажжа.